Назира Айтбекова, актриса: “ТАСМАГА ЖЫЛАҢАЧ ТАРТЫЛГАНГА ДУХУМ ЖЕТПЕЙТ”

Бүт Кыргызстан алпаруучу, актриса Назира Айтбекованын "ысык" сүрөттөрүн талкуулап жатат. Өзү айтмакчы, "тентек кыздын" бир образы укмуш бум жаратып жибергени кызык. “Киндиктен өйдө ойлонолу” дейт актриса...

– Назира, салам. Сени “ысык сүрөттөрдүн ханышасы” деп койсок болчудай. Кезектеги талкууга түшкөн сүрөтүңдү жарыяладың...

– Салам. Жакында Москва шаарына иш сапары менен барып келдим. Ошол жакта жүргөндө Айсалкын деген мигрант кыз баарын даярдап, “келип эле бериңиз” деп фотосессия кылып берди. Эксперимент жасаганды жакшы көрөм, макул болдум. Ошол кыз тарткан сүрөттөрдү өзүмдүн баракчама чыгардым. Көчүктүн деңгээлинде эле ой жүгүртүп, киндиктен өйдө сүйлөбөй калдык. Маанилүү текст жазсаң, маанисиз эле былжырай бергендер көп. Кээде элге оюңду образ менен түшүндүрүш керек болот. Бул образ да ошонун бири.

– Сүрөттөрүңө көп комментарий жазылды. Реакция мурунку сүрөттөрүңө караганда күчтүү болуптур...

– Ак көйнөк менен түшкөн сүрөттү мурун эле тарттыргам. Аны Саламат Иманов деген жигит тартып берген. Ал эми кара костюмчанды Москвада Айсалкын тартып берди. Экөө тең көп “жакты” белгисин алып жарышып калды окшойт. Чыгармачылык, эмгек, искусство катары карасак, эки сүрөт тең сонун чыкты. Элге жагарынан күмөнүм жок болчу.

– Талкууда "Инстаграм баракчасынын активдүүлүгүн көтөрүү үчүн ушундай кадамдарга барып жатат" деп жатышат. Бирок сен башка бир ойду бергиң келген сыяктуу...

– Мен атайын "жакты" белгиси көбөйсүн деп же хайп үчүн эле бир иш жасабайм. Тек гана элге айтчу сөзүм болгондо же үнүм жетпей жатканда мындай кадамга барышым мүмкүн. “Ушул сүрөт бум жаратат” деп да күтпөйм. Кечээги аты чыкпай жаткан кыз болсом башка кеп болмок. Азыр мага хайп кылыштын кажети жок. Эл менин баракчама катталса, же активдүү болсо маанилүү сөздүн тегерегинде талкуу болуп, коомго пайдасы тийип жатат деп эле түшүнөм.

– Тактап айтканда, сүрөттөр аркылуу кандай ойду бергиң келди?

“Киндиктин деңгээлинде эле тегерене бербей, андан чыгалы” деген ойдо бул образды чыгаргам. Коомдо бирөө мага окшош “тентек” болуп турбаса, эртең эле Ооганстанга айланып кетебиз. Коомдун баланста болгону дурус. Дене жаратылыш да, жаратылыштан уялып жатканыбыз аябай таң калычтуу. Мисалы, мен бирөөнү жылаңач көрсөм, айыптабайм. А көөдөнү жылаңач болсо башка кеп. Биз уяла турган көп нерсе бар, аларды көргөндө жерге кирип эле кетейин дейсиң, анан эле “саның көрүнүп калыптыр” деген болбогон кеп да!

– Сүрөттөгүдөй ачык стилде киного тартылууга сунуш түшсө...

– Ачык сценалар менен кинону чет өлкөдө эле тартпаса, кыргыздардан андай сунуш түшпөсө керек. Киного жылаңач тартылбайт болчумун, төшөк сценаларын ойнобойт болчумун. Ага дух жетпесе керек. Эгерде ошол жери сөзсүз керек болуп жатса, кинонун маани-маңызы так эле ошол жеринде катылып жаткан болсо, анда дублёрдун тартылышын суранмакмын. Ал эми чет өлкөдө жылдыз болуп калсам, кызыл килемге узун, кыргыз оюмдары бар этно стилдеги кийимдер менен чыкмакмын. Өз элимде, жеримде каалагандай эркелей алам, “тентектик” кыла алам.

– Уулуң мындай сүрөттөрүңө кандай карайт? Негизи эле сенин чыгармачылыгыңа көз карашы кандай?

– Уулум Ариет интернетте отурбайт. Социалдык тармактарды такыр колдонбойт. “Инстаграмда же Фейсбукта отуруунун маанисин түшүнбөйм, мага кызыксыз” деп көп айтат. Сүрөттөрүмдү, мен тартылган фильмдерди көрбөйт. Ачыгын айтсам, уулум менин күйөрманым эмес. Бир нерсе сурасам, кеңешсем “ал сенин жашооң, сенин тандооң, мен сага киришпейм” деп айтат. Баламды кичинесинен менин жашоомо, менин чек арама кирбегенге, менин тандоомду сыйлаганга үйрөткөм. Бул чекти ал жакшы билет, анткени мен да анын чек арасын билем, тандоосун сыйлайм жана жашоосуна кийлигишпейм.

– Сүрөттөрүңдөн улам Илим Карыпбеков сени мактаган экен, жакшы таанышсыңарбы?

– Илим Карыпбековду тааныйм. Аябай жакын деле тааныш эмеспиз, бирок көргөн жерден “азамат кызсың” деп мактап турат.

– Өлкөдө маанилүү окуя парламенттик шайлоо болуп өттү, шайлоого бардыңбы?

– Шайлоого бардым. Атайын Балыкчыга барып, шайлап келдим. Негизи кимди шайлаганыбыз ар бирибиздин тандообуз, эркиндигибиз, купуя сырыбыз. Бирок кимди шайлаганымды айткым келди. Анткени ал жигитти жакшы көрөм. Тилек Токтогазиевге добуш берип келдим. Досум болгону үчүн, жан дүйнөсү, жүрөгү, тилеги таза болгону үчүн шайладым. Мээси иштегендин, жан дүйнөсү тазанын баары жагат.

– Жашооңдо съёмкалардан, актрисалыктан башка эмнелер бар?

– Жашоомдо көп эле нерсе бар, мисалы, китеп окуу, өзүмдү изилдөө, жаратылышка чыгып эс алуу, саякаттоо. Балам менен апамды түрдүү ашканаларга алып барып, өзгөчө тамактардын даамын таткан жагат. Ошондой эле жазганды жактырам. Ой-толгоолорумду кагазга түшүргөндөн ырахат алам. Эмнегедир өзүмдү келечекте көп китеп чыгарчудай сезе берем. Жакында жашоомду ошол нукка бурат окшойм.

– Жан дүйнө тынчтыгын эңсеп калганда эмне кыласың?

– Жан дүйнөнүн тынчтыгы сонун эмеспи. Жан дүйнөң тынч болсо, санаа тартпаса, жүрөгүң таарыныч туйбаса, ыйлабаса, наалыбаса сонун! Өзүмдөн негативдин баарын алып, позитивдүү агым менен кооздойм. Жашоодо дайым кубанып турам, сүйөм, бакыт тартуулайм, үйрөнөм, өсөм!

– Жыл жаңырганы калбадыбы, максаттарың, ойлоруң, каалооң...

– Жөн эле жашоодон ырахат алып жашоону максат кылдым. Пайдалуу, элди ойготкон маектерди жасасам, из калтырсам дейм. Жаңы кинолорго тартылгым келет, жаңы эмгектерди күтөм. Чоңойдум окшойт, бир өлкөгө батпай жатам. Башка өлкөдө жашап көргүм келип жатат. Ушундай эле жөнөкөй максаттар, каалоолор...

– Маегиңе рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Назира Айтбекова: “Эркек болом деп аябай кыялданчумун“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Taalai-bek
2021-12-13 12:31:35
Азаматсын,баракелде,дагы эмне демекчибиз. Улгу болуп журо бер кыргыз кыздарга... Акыретте ошо сени ээрчиген кыздар же сага лайк баскан адамдар менен кошо Алланын алдына жооп берип жаткандп окунуп калбасан болду. Айтайын дегеним азыр да кеч эмес ойлонууга. Боорум ооруйт.Анткени сен кыргызсын. Сен мусулмансын.Сен бир боорубузсун...Ойлон Назира ойлон садага...
+9
Taalai-bek
2021-12-13 12:31:55
А
-1
KaGaH
2021-12-13 12:50:49
койчу энең,сөз көп бирок унчукпай коёюн
+6
Tyttty1990
2021-12-13 15:24:21
Аятун саятун Куранда кийинген жыналачтар деп айтылган. Мейли ар ким өзү үчүн жооп берет.
-5
erkeleim
2021-12-14 13:03:28
Умная дурачка. Эми баласы чонойсо тыйып алаар. Кайненеси жазган эле короздун канына жуунат деп. Байкуш бул кыз оорукчан. Неге маданият министри дагы деле бул больнаяга реакция кылбай жатат ошо окундурот. Баардык граматаларын алыш керек. Келгиле инстаграммына баарыбыз жалоба кол чогулталы. Жаштарга ото жаман улгу да.
+4
my_Opinion
2021-12-14 14:56:03
erkeleim,эн туура айттын созуно кошулам. Озбекстанга окшоп жёстко наказать этиш керек баардык жактан кысып, ошондо эсине келет бул кыз. Бишкектин жигиттери бир аз жоошурак келишет экен. Мисалы Ошто или башка жерде бул кызды корсо ошол жерде чаап салышат или токмоктоп ур тепкиге алышат
+1
my_Opinion
2021-12-14 14:59:14
erkeleim,кантип кочодо беймарал журот бул кыз тушунуксуз. Таш паранга алыш керек бул коом бузарды. Ош тарапка келип калса буну жон койушпайт Оштун эли. Оштун эли намыстуу абийирдуу келишет.
+2
surgeon777
2021-12-15 01:41:30
my_Opinion,бул кызды колдобойм,бирок Оштун эли абийирдуу,намыстуу деп болунбой эле койчу,Москвадагы эже-карындаштарындын журум-турумуна не дейсин?
+4
my_Opinion
2021-12-15 10:40:13
surgeon777,причём тут Москва? Сен темадан жазчы болунду деп сразу ичиндеги ирип кеткен мусор ойду жазбай.жазардан мурда жакшы окуп тушунуп анан жазсан. Бул жерде эч кандай болуну созу жок. Ойду туздо бир аз!
-1
surgeon777
2021-12-15 19:08:27
my_Opinion,бул менин оюм эмес,факт)
0
KG-312
2021-12-17 11:52:24
my_Opinion, Кой ай антип мактанба, Оштун блоггер кыздарын деле көрүп жүрөбүз, курбусу экөөсү ичип алып, аласын көрсөтүп бүт Кыргызга уят болгонун!!!
+1
BISHKEK-312
2021-12-14 18:31:34
Даражаң көчүкө түшүп кетсе ошолда, публика жпга айланасың каласың!!!
0
Tiken
2021-12-15 23:21:04
Назира Куранды же Библияны тытыптыр десе тан калыштын кереги жок го))) чуулуу адамдай корунот. Бирок, кээ бир ой-толгоолору ынанымдуу. Бул айымга эркек кишиден "внимание" керек сыяктуу сезилип жатат. Элине "ысык суроттордон" тартуулай бер, дагы да кутобуз... Кошумча, жыланачтарды кандай сыйласан мешок кийгендерди да урматтай бил...
0
Girl1996
2021-12-16 00:00:17
Баласын эле ойлоп кыжалат болдук биз уй-булобуз менен. Эрттен чонойсо кандай бала болоор экен деп
+1
Girl1996
2021-12-16 00:03:18
Назираны жакшы корчуу элем, ушундай суротторун коруп да негедир кир жугузгум келбеген болчу, берген комментарийлерин окуп конулум кала тушту...
+1
Turdueva
2021-12-17 01:07:05
Кыйынткыз тили буудай кууруган сабатуу соз жок бирок жыланач суроторун жон эле койбоптур, жыланач суроттордо эч кандай маданият жок Жан дуйносу жаланач калыптыр ошону элге корсотуптур
0
KG-312
2021-12-17 11:48:44
Айсалкын, Саламат Иманов (Ф.И син өзгөртүп алыш керек экен блин бузуку) үчөөңө да наалат, каргыш болсун бузукулар. Бул биринчиси эмес, кой деген сайын кутуруп атасыңар блиндер!!!
0
Datka7777
2021-12-20 07:09:27
Айсалкынды да сени да итердим
0
Asyljanym
2021-12-27 11:17:15
Эмнеге баарынар эле терс пикир жазып жатасынар. Чечинсе Айтбекова чечинди корсотсо Айтбекова корсотуп жатат. Эинеле арданып жатасынар. Ар бир адам озу билетта. Аябай эле уялып жатсанар катталбай койгула лентанардан чыкпай калат
0
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан