БААРЫ ТИШ ҮЧҮН: ЦИРКОНИЙ КОРОНКА, ФТОРЛАК, НАРКОЗ, ТРЕЙНЕР

Медицинанын өнүгүүсү менен стоматология жаатында да жаңы аппараттар, ыкмалар, тиш импланты жана коронкасынын материалдарынын түрлөрү пайда болуп турат. Бул жаатта Кыргызстанда кандай жаңылыктар болуп жаткандыгынан кабар алдык. Бишкектеги Medcenter.kg медициналык борборунун врач стоматологу Аскат Сайпидинов маалымат берди.

БАЛДАР СТОМАТОЛОГИЯСЫ

Сүт тиштерге коронка

Балдардын сүт тиштерине коронка жасала баштады. Таттууну көп жегендиктен балдардын сүт тиштеринде кариес пайда болот. Андай тишке чара көрбөсө акырындап бузулат, оорутат, чирийт. Андыктан кариес чекиттей эле болуп билингенде ал жерди тазалап, кариестин тереңдеп кетишинин алдын алып, коронка кийгизип тишти сактап турууга болот. Бул тамакты чайнап жегенге да керек. Коронка кийин сүт тиш түшкөндө кошо түшөт. Кокус сүт тиш түшкүчө тиш ооруса анда коронка алынат. Коронканын материалы – куюлган темирден болот. Анткени коронка убактылуу эле турат, темирдин даамы чыкпайт.

Баасы – 1 тишке 1000 сом.

Зыянсыз наркоз

Кичинекейден тартып чоң балдарга чейин, ал тургай чоң адамдарга да тиштерин 1-2 саат бою дарылатууга туура келсе организмге зыяны жок севоран газы наркоз үчүн колдонулат. 1 сеанста 1-2 саат бою бир нече, ал тургай бүт тиштерди дарылатса болот.

Тишти дарылатуу үчүн тиштердин жана өпкөнүн рентген сүрөтү керектелет. Дарылоо учурунда визограф аппараты колдонулуп, ал менен ар тиш өзүнчө тартылат. Визограф мониторго туташтырылат, врач тиштин абалын монитордон көрүп, ошого жараша дарылайт. Мисалы, тиштин кайсы жерин тазалап, пломба коюу же дарылоо керектигин.

Төлөм акысы 1 саатка – 10 миң сом (наркоз жана стоматолог үчүн) .

Бир саат жетпей калса кийинки 2-саатка 4000 сом кошулат.

Укол сайганда оорутууну сездирбөөчү гель

Балдардын тишин дарылоодо жана жулганда ооруган тиштин түбүнө оорутууну сездирбөөчү укол саюу керектелет. Бирок укол сайганда оорутат. Ушул максатта уколдон мурун оорутууну сездирбөөчү гель сүйкөлөт, анан укол сайганда оорутканы билинбейт.

Баасы – 1 тишке гель үчүн 100 сом, уколго 200 сом.

Тиш пластинкалары

Тиш пластинкалары жаактардын патологиясында колдонулат. Патология 2 себептен келип чыгат. Биринчиси, бала курсакта кезинде кайсы бир себептердин терс таасиринен улам үстүнкү же алдынкы жаак сөөктөрү же асты-үстү тең нормадан кичине жана ичке болуп өспөй калат. Экинчи себеби, баланын тиштери тиш оорунун же жаракаттын негизинде эрте түшүп калганда да жаак толук өспөй калышы ыктымал. Жаак сөөктөрдү калыпка келтирип, өстүрүү үчүн пластмасса пластинкалар колдонулат. Үстүнкү жаакта патология болсо пластинка таңдайга жабыштырылат. Ортодонт врач алгач баланын таңдайынын өлчөмүн алат, ошого жараша пластинка жасалат. Даяр пластинка таңдайга жабыштырылып, 2 жагынан тиштерге илмектери менен бекитилет.

Астынкы жаак сөөктө патология болсо пластинка тиштердин ич жагынан же тыш жагынан тиштерге илмектери менен бекитилет.

Пластинканын ортосунда өтө кичинекей кулпу болот. Убак-убагы менен кулпуну ачып, пластинканы жаактын 2 тарабына аз-аздан жылдырып туруу керектелет. Пластинка жаак сөөктөргө таасир этип, аны өсүүгө мажбурлайт. Пластинкалар жаак сөөктөр калыптагыдай өскүчө керектелет. Анын чечип коюучу жана алынбоочу түрлөрү бар. Чечип коюучу түрүн тамак ичкенде чечип койсо болот. Пластинка 12 жашка чейинки балдарда көп колдонулат. Анткени алардын жаак сөөктөрү биротоло калыптанып бүтө элек, коррекциялоого оңой.

Баасы – 1000-5000 сом.

Трейнер же каппа

Трейнер ийкемдүү силикондон жасалат, жумшак жана катуу түрү бар. Ал үстүнкү же астынкы тиштерге же экөөнө тең тиштердин сыртынан кийгизилет жана балдардын жаак сөөктөрүнүн өсүшүнө, туура дем алууга, жаман адаттарын калтырууга шарт түзөт. Мисалы, бармак же тил соруу, же эриндерди тиштегилөө, шилекейин жуткулоо жана башка адаттар.

Балдарга жумшак түрү коюлат. Анткени жумшак болсо бала ага бат көнөт, кийинчерээк катуусуна алмаштырса болот. Бул 4 жаштан баштап коюлат. Анткени баланын туура эмес дем ала тургандыгы, шилекейин жуткулоо адаты 4 жаштан баштап так билинет. Кийип жүргөндө жаак сөөктөрдү түртүп, анын өсүшүн да шарттайт. Трейнер баланын жаман адаттарын таштаганга чейин колдонулат. Алгач врач текшерип, тиштеринин жана жаагынын өлчөмүн алат да, ошого жараша жасайт.

Баасы материалына жараша – 1000-4000 сом.

ЧОҢДОР СТОМАТОЛОГИЯСЫ

Кариеске каршы суюк пломба

Азуу тиштер чайноого ыңгайлуу болуу үчүн одур-бодурлуу, чуңкурчалуу (фиссура) болот. Таттуу жегенде ошол жерлерге калдыктары калып, акырындап кариес жаралат. Кариес калган тиштерге караганда азуу тиштерде биринчи башталат.

Кариес жок учурда же анын эми жаралуу коркунучу болгондо фиссуралардын бетине герметик (суюк пломба) куюлат. Бул микробдорду ары өткөрбөй коргоп, кариестин жаралуу коркунучун жоготот. Бул балдарга, чоңдорго да сунушталат.

Баасы – 1 тишке 500 сом.

Тишти фторлак менен каптоо

Айрымдардын тиштери ысык, суук, шамалга сезгич болот, тиш жууганда да зырпылдайт. Көбүнчө бул маңдай тиштерде жолугат. Курамында фтору бар лак маңдайкы тиштердин асты жагына сүйкөлөт. Лак кисточка сымал аппликатор менен сүйкөлөт. Ошентип тиштин эмалын коргоп, анын бузулуусунун, тиш ооруларынын алдын алууга болот.

Баасы – 1 тишке 200 сом.

Цирконий жана пресскерамика коронкалар

Бул ортопедиялык стоматологияда тишти протездөөдө колдонулуучу тиш коронкалар, аны жасоодо темир колдонулбайт.

2 түрү бар: цирконий жана пресскерамика (E.max).

Цирконий коронка цирконийдин оксидинен жасалат. Тишти табигый түрүндөгүдөй жылтыратып көрсөтөт. Башкача айтканда, адамдын өзүнүн тишиндей элес калтырат.

Пресстелген керамиканын материалы – литийдин дисиликаты. Курамында люциттин (катуу материал) өтө майда кристаллдары бар. Андыктан эң бышык жана узакка кызмат кылчу коронка болуп эсептелет. Азуу тиштерге чайноодо көп күч келет, ошондуктан азуу тиштерге коронка жасатса жакшы.

Мындай коронкалар убактысы өтсө да өңүн өзгөртпөйт, гипоаллергендүү. Коронка кийилген тиштин бүйлөсү карарып кетпейт.

Баалары экөөнүкү бирдей – 1 тишке 200 доллар.
 
Титан импланты

Тиш импланттары тиштер түшкөн жана жулунган учурда, же астынкы жаакта же үстүнкү жаакта, же ооздо таптакыр тиштер жок калганда коюлат. Материалы – титан. Титан гипоаллергендүү, организм чоочун зат катары жээрибей турган зат.

Алгач кардар компьютердик томографияга түшүрүлүп, жаагынын өлчөмү аныкталат. Ошого жараша имплант жасалат. Анан тиш жок жерге жаактын сөөгүн тешип туруп, имплант жайгаштырылат, бүйлө тигилет. 3-4 айдан кийин импланттын үстүнө коронка кийгизилет. Коронканын материалы кардардын тандоосуна жараша пресскерамика, циркон болушу мүмкүн.

Баасы – 1 имплант 300 доллар, коронкасы 150 доллар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2021-12-13 13:51:16
Ошто сапаттуу тиш салган тиш доктурлар барбы
0
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан