ЖУМУШ ОРДУНДАГЫ ЗОМБУЛУК ЖАНА ЫДЫК КӨРСӨТҮҮ КӨЙГӨЙҮ КЫРГЫЗСТАНДА АКТУАЛДУУБУ?

Харассмент же болбосо сексуалдык ыдык көрсөтүү деген эмне? Бул сексуалдык мүнөздөгү жагымсыз жана орунсуз “тийишүүлөр” – комплименттер, тамашалар, ымдоо-жаңсоолор, көз караштар, кадыр-баркка шек келтирген сөздөр, жыныстык катнаш менен алектенүүгө сунуштар, ошондой эле кармалап, кучактоо.

Ала качуунун курмандыгы болгон 18 жаштагы Бурулай Турдали кызы жана 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү эсиңиздеби? Чырактай курагында мыкаачы жигиттердин колунан каза тапкан 2 кыз сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн курмандыгы болушкан. Мындай кейиштүү жыйынтыкка кириптеген көйгөйгө бөгөт коюу үчүн “Супер-Инфо” гезити 5 жумалык челлендж жарыялайт. Эгер сиз сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылсаңыз WhatsApp`тан 0770882719 номерине окуяңызды жазып жөнөтүңүз. Ошондой эле социалдык тармактагы баракчаңызга #АчыкАйтам #Коркпойм #Тийишпе хештегдерин колдонуп, башыңыздан кечирген окуяны жазсаңыз болот. Окуялар анонимдүү болоруна кепилдик беребиз. Бул социалдык долбоор Гендердик зомбулукка каршы уюштурулган кампаниянын алкагында демилгеленип жатат.

ЗОМБУЛУКТУ ЖАНА ЫДЫК КӨРСӨТҮҮНҮ ЖОЮУ КОНВЕНЦИЯСЫ

2021-жылы жайында Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) тарабынан жумуш учурундагы зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу жөнүндөгү 190-конвенция күчүнө кирди. Бул конвенция жумуш ордунда ар бир адамдын зомбулуксуз жана ыдык көрсөтүлбөгөн укугун тааныйт, ошондой эле бул багыттагы аракеттердин жалпы негизин түзөт.

Конвенцияда зомбулук жана ыдык көрсөтүү бир түшүнүк катары каралат жана биринчи жолу глобалдык деңгээлде макулдашылган аныктама берилген:

Зомбулук жана ыдык көрсөтүү – бул бир же бир нече жолу кайталанган жүрүм-турумдун бир катар орунсуз формалары. Анын максаты же мүмкүн болгон натыйжасы – жабырлануучуга дене бойлук, психикалык, сексуалдык же экономикалык залал келтирүү, анын ичинде гендердик зомбулук жана ыдык көрсөтүү.

Конвенция өкмөттөн зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн курмандыгы болгон адамдарга колдоо көрсөтүүнү, укугун коргоп берүү кызматы жана каражат менен камсыздашын, ошондой эле жумуш ордуна кайтууга жардам берүүсүн талап кылат.

Азыркы учурда бул документти 6 өлкө: Аргентина, Намибия, Сомали, Уругвай, Фиджи жана Эквадор ратификациялады. Кыргызстан жана бизге өнөктөш мамлекеттер бул тизмеде азырынча жок. Ошол эле учурда жумуш ордундагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү маселеси дайыма көтөрүлүп келет. Бирок бул учурлар тууралуу статистикалык маалымат жок, ошондой эле бул көрүнүшкө кабылган адамдарды коргоо механизмдери иштелип чыккан эмес.

ЭМНЕ ҮЧҮН СЕКСУАЛДЫК ЫДЫК КӨРСӨТҮҮ ФАКТЫЛАРЫ ЖАШЫРЫЛАТ?

Кыргызстанда кызматкерлерди зомбулуктан жана ыдык көрсөтүүдөн коргоо максатында кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу ЭЭУнун Кыргызстандагы программаларынын координатору Амина Курбанова менен маектештик:

– Зордук-зомбулук, ыдык көрсөтүү же сексуалдык ыдык көрсөтүүлөр Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлдеги көйгөй болуп жатат?

– Эл аралык эмгек уюму Кыргызстанда бул жаатта мындай талдоо же изилдөө жүргүзгөн эмес. Бирок мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарында аялдарга карата, анын ичинде жумуш ордунда жана башка жерлерде аларга карата ыдык көрсөтүү фактылары тууралуу макалалар чыгып жатат. Албетте, мындай көрүнүштөр бар, бирок так сандарсыз канчалык деңгээлде актуалдуу, масштабдуу экенин айтуу өтө кыйын. Бизде статистика жок, анткени бизде “ыдык көрсөтүү” деген түшүнүктүн так аныктамасы да жок. Мыйзамдарда “сексуалдык ыдык көрсөтүү” деген аныктама бар. Бирок ЭЭУнун юристтеринин пикири боюнча, бул аныктама толук эмес жана толук кандуу иштелип чыгууга муктаж. Башкача айтканда, аныктаманын жоктугу бул көрүнүш Кыргызстанда канчалык күчтүү экенин айтууга жана ал боюнча маалыматтарды чогултууга мүмкүндүк бербейт.

– Эмне үчүн эркектер менен аялдар ыдык көрсөтүү фактыларын жашырышат?

– Анткени биз көйгөйдү сексуалдык контекстте гана карап, бир жактуу болуп калышыбыз мүмкүн. Бирок мындай ыдык көрсөтүүлөрдөн тышкары, адамга жакпай турган жүрүм-турумдун дагы башка түрлөрү бар: адамга кыйкырып салуу, жумуш ордунда, мисалы, этникалык, диний белгилери боюнча же майыптык белгиси боюнча куугунтуктоо (буллинг) уюштурулушу мүмкүн. Жумуш ордунда зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрү болушу мүмкүн. Андыктан бул түшүнүктөрдүн аныктамасын мыйзамдарга киргизип, ыдык көрсөтүү көрүнүш катары өзүнөн-өзү кандайдыр бир сексуалдык түшүнүк менен чектелбестигин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү зарыл. Бул түшүнүктү кеңейтишибиз керек. Анткени ал, биринчи кезекте, иштөөгө тоскоолдук жаратып, коомго аралашууга жолтоо болот.

– Конвенция ыдык көрсөтүүнү аныктап таанууга кандайча жардам берет? Бул көрүнүш жөнүндө эмнени түшүнүү маанилүү?

– ЭЭУнун конвенциясына ылайык, зомбулук жана ыдык көрсөтүү боюнча иштерди кароонун маанилүү элементи болуп мындай жүрүм-турумдун таасири жана натыйжасы саналат. Зомбулук жана ыдык көрсөтүү – бул адамга кесепеттери тийиши мүмкүн болгон ылайыксыз жүрүм-турумдун бардык түрлөрү. Анын так белгилери кошумча иштелип чыгууга жана улуттук мыйзамдарда чагылдырылууга тийиш.

Абдан чоң резонанс жараткан акыркы эки окуяны карап көрөлү. Эки окуя тең жабырлануучулар жумушта жүргөн учурда болгон. Биринчи учурда сатып алуучу фотографты уруп жиберет, экинчисинде сатып алуучу сатуучу аялды калькулятор менен чапкан. Эл аралык эмгек мыйзамдарына ылайык, бул үчүнчү жактар тарабынан болгон зомбулуктун бир түрү болуп саналат. Биз куугунтуктоо, адатта, иерархиянын жогорку деңгээлдери менен – иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда гана болот деп ойлойбуз. Бирок жумуш орундарыбыздагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү үчүнчү жактардан да болушу мүмкүн экендигин эч качан айтпайбыз. Конвенция жумушчуларды гана эмес, ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИНИН ФОРМАСЫНА КАРАБАСТАН эмгек чөйрөсүндөгү БАРДЫК катышуучуларды, анын ичинде мамлекеттик жана жеке секторлордо иш берүүчүлөр катары иштеген ыктыярчыларды, тренерлерди коргоону болжолдойт. Биз “зомбулук жана ыдык көрсөтүү” көрүнүшүнүн өзүн кабыл алууну кеңейтишибиз керек. Балким, ошондо гана биз жумуш чөйрөсүндөгү ар кандай катышуучулардан көбүрөөк билдирүүлөрдү жана орунсуз жүрүм-турум учурлары тууралуу маалымат алышыбыз мүмкүн. Эң негизгиси, бул гендердик айырмачылыктардын айынан эле болуп жаткан көрүнүш эмес. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элди мындай учурларды жашырбоого, ачык айтууга үндөгөн билдирүүлөрдү таратуу зарыл. Жумуш ордунда зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн башка түрлөрү бар экенин, алар туура эмес экенин жеткирүү менен өкмөткө тиешелүү чараларды көрүүгө түрткү берүү зарыл.

– Күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жөнүндө маселени талкуулоо кайсы этапта жүрүп жатат?

– 2019-жылы депутат Эльвира Сурабалдиева сексуалдык ыдык көрсөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеген. Жумушчу топтун курамына ЭЭУнун өкүлдөрү да киргизилип, өз кезегинде мыйзам долбоорун кеңири берүү сунушталды. Сексуалдык ыдык көрсөтүүлөр жөнүндө эле эмес, жумуш ордунда зомбулук жана ыдык көрсөтүү тууралуу да айтуу, ал эми сексуалдык ыдык көрсөтүү аныктаманын бир бөлүгү боло тургандыгы тууралуу сунуштар берилди.

Натыйжада, бир катар мамлекеттик органдардын катышуусу менен мыйзам долбоору даярдалып, министрликтер менен ведомстволорго жиберилип, алардан сын-пикирлер алынды. Азыркы учурда бизнестин жана иш берүүчүлөрдүн (кесиптик бирликтердин) өкүлдөрү кирген жумушчу топ БУУӨП жана ЭЭУнун колдоосу менен бул документти жеткире иштеп чыгышууда. Документ Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдоону божомолдойт. Ага “жумуш ордунда зомбулук жана ыдык көрсөтүү” түшүнүктөрү, ошондой эле бул учурда эмне кылуу керектиги боюнча, мындай учурларды болтурбоо жана алар менен күрөшүү механизмдери киргизилет.

– Зомбулук жана ыдык көрсөтүү көрүнүштөрүнүн кантип алдын алууга, жабырлануучуларды кантип коргоого болот?

– Эмне үчүн зомбулук жана ыдык көрсөтүү боюнча кеңири түшүнүк берүү маанилүү? Мындай көрүнүштөрдү болтурбоо же аларды минималдуу деңгээлге түшүрүү үчүн ага аныктама берилип, мыйзамга киргизилери менен бул баарынан мурда алдын алып иштөө мүмкүнчүлүгүн берет. Конвенция симптомдор жана кесепеттер менен эмес, стереотиптерди, басмырлоонун ар кандай формаларын жана башка факторлорду камтыган зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн себептери менен күрөшүүгө чакырат. Ал эми жаза чараларына келсек, анда келтирилген зыянга жараша административдик дагы, кылмыш жазасы да болушу мүмкүн.

– Мындай учурда кимге кайрылуу керек?

– Кыргыз Республикасында эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарды камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү Эмгек боюнча техникалык инспекция жүзөгө ашырат. Инспекцияга жумуш ордунда зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурлары орун алганда же чара көрүү үчүн кесиптик бирликке кайрылуу керек. Ал эми маселени натыйжалуу чечүү үчүн ишканадан баштап арыз берүүнүн жана кароонун так аныкталган механизмин мыйзамдарда алдын ала кароо зарыл. Бирок ал жерде маселе чечилбесе, анда Мамлекеттик эмгек инспекциясына же укук коргоо органдарына кайрылуу керек.

Жабырлануучулар унчукпай койбостон мындай учурларды ачыкка чыгарганы оң. Зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү билдирген түшүнүктөрдү сексуалдык контекстте гана карап, сөз кылбаш үчүн аларды кеңейтүү жана конкреттештирүү зарыл. ЭЭУнун 190-конвенциясы, биринчи кезекте, эмгектин коопсуз шарттарын түзүү жана аялдарга да, эркектерге да, башкача айтканда, бардык жумушчуларга бирдей тиешелүү зордук-зомбулуктун алдын алууну көздөйт.

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанды аялдарга карата зомбулуктун бир нече фактылары таң калтырды, булар үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катары катталган. Ала качуу аракеттеринин арты кайгылуу аяктап, аялдарга сексуалдык ыдык көрсөтүү фактылары коомчулукта биринчи жолу ачык жарыяланган учур болду. Бүгүнкү күндө мындай учурлар “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын негизинде каралышы мүмкүн. Бул мыйзам иш берүүчү үчүн мындай кол салуудан коргогон чараларды көрүү зарылдыгын аныктайт. Бирок мындай фактылар болгон күндө да алар коомчулуктан кылдаттык менен жашырылгандыгы бир топ көйгөй жаратат.

Мындан тышкары июнь айында Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана аны “Үй-бүлөлүк зомбулуктан жана аялдарга карата зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” деп атоо сунушталган. Ал мыйзамга ыдык көрсөтүү фактылары үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле аялдарга карата зомбулук үчүн административдик жазаны киргизүү сунушталган. Азырынча бул демилге ишке ашырыла элек.

Кыргызстанда зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө байланыштуу маселелерди жөнгө салган мыйзамдар мындан ары да иштеп чыгууга муктаж экени азыртадан эле түшүнүктүү болду.

Эгерде Кыргызстан бул документти ратификацияласа, анда бул эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана ыдык көрсөтүү фактыларын алдын алуу үчүн улуттук мыйзамдарды кайра карап чыгууга реалдуу негиз болот.

Cексуалдык ыдыкка кабылган кыз-келиндердин WhatsApp аркылуу жиберген окуяларын баяндайбыз:

“ТАЛУУ ЖЕРИНЕ КАТУУ ТЕПТИМ”

– Буга чейин сексуалдык ыдык көрсөтүү эмне экенин билчү эмесмин. Тилекке каршы, мен дагы кесиптешим тарабынан ушундай жагдайга кабылдым. Ага жумушка байланыштуу иштерди компьютерден көрсөтүп берүүсүн сурансам жаныма өтө жакын келип, ээгин башыма коюп, төшүн бетиме тийгизип, мурду менен чачымды аралап жыттап жиберчү. Ал мен дендароо болуп, эч нерсе кыла албай калышым үчүн атайын артыма туруп алчу. Башында аны тартиби жок адам деп ойлоп жүргөм. Сүйлөшкөн кызы бар болчу, аны катуу сүйөрүн элдин баарына жарыя кылып жүрчү. Бир жолу командировкага чогуу барып калдык. Бир нече күн бир бөлмөдө жашоого туура келип калды. Бир күнү уктап жатсам ал жаныма келип чечинтип жатканын сезип, чочуп ойгонуп кеттим. Башында аны сөз менен токтотконго аракет кылдым, болбой койгондо талуу жерине катуу тээп, кыйкырып салдым. Досторумдун аттарын айтып коркута баштадым, бул жардам берди. Бирок аларга даттанып, сабаткым келген жок. Милициядан жардам болбосун билгендиктен арыз жазган жокмун. Анткени бир да жолу сексуалдык ыдык көрсөтүп тийишкен адамга чара көрүлгөн окуяны көргөн эмесмин. Бирок башымдан өткөн окуядан кийин сексуалдык ыдык көрсөтүүнү жашырбаш керектигин, жашырса аянычтуу аяктаарын түшүндүм.

Минура

“БИР НЕЧЕ ЖЫЛ БОЮ ЭРКЕКТЕРДЕН КОРКУП ЖҮРДҮМ”

– Тилекке каршы, менин башымдан өткөн окуя Кыргызстанда зомбулук катары саналбайт. Анткени бул окуя кечеде болгон жана мага кол салган адам таанышым болчу. Ал жигит менин кызуулугумдан, алсыздыгымдан пайдаланып ыплас ишин жасап салган. Эртең менен бүт денем көк ала болуп калыптыр. Ошол окуядан кийин коркуп калганга бир нече жыл бою мырзалар менен байланыштуу бардык мамиледен качып жүргөм.

Айпери

“БИЙЛИКТЕГИ 50 ЖАШТАГЫ КИШИЛЕР ТЕАТРГА ЧАКЫРЫШАТ”

– Мени театрга чакырган 50 жаштагы кишилердин сунуштарын тамаша катары кабыл алып, калп күлүмүш болуп абалдан чыкканга туура келет. Бийлик өкүлдөрүнөн ушундай жийиркеничтүү сунуштарды уккандан кийин өзүмдү ылайга чыланып калгандай сезип, үйгө келгенден кийин катуу жышынып жуунам. Дайыма артымдан эркек киши келатканын көрсөм “кантип качып кетсе болот?” деп ойлонуп, ачкычымды камдап баштайм. Мендеги адилеттүүлүк сезими баарын ачык айтып, далилдеп берүүнү каалайт. Бирок физикалык жактан алсыз болгонум үчүн жашырып келем. Келечекте аялдар жана балдар коопсуздугу сакталган өлкөдө жашайт деп ишенем.

Мадина

“ДИРЕКТОРУМ СЕКСУАЛДЫК ЫДЫК КӨРСӨТЧҮ”

– Мурунку жумушумдагы директорум асылып, сексуалдык ыдык көрсөтчү. Университетте окуп жүргөндө да окутуучум тийишип, кармалаган эле. Жаш болгонум үчүн коркуп, кандай реакция кылыш керектигин билген эмесмин. Азыр 10 жылдан ашуун убакыттан бери эл аралык компанияда иштейм. Бактыга жараша, бул жумуштун жазылган принциптери жана эрежелери бар. Сексуалдык ыдык көрсөтүү (харассмент) тууралуу да өзүнчө пункт бар. Эгер бул эрежелер бузулса, атайын бөлүмгө кайрылса болот.

Нуриля

Бул материал БУУ-ЕБдин «Теңдик нуру» биргелешкен демилгеси тарабынан жана ЭЭУнун Бишкектеги пресс-кеңсеси менен биргеликте гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында даярдалган. Материалда берилген ойлор Европа Биримдигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын программа-долбоорлорунун же өкмөттөрдүн көз караштарын чагылдырууга тийиш эмес. Колдонулган белгилөөлөр кандайдыр бир өлкөнүн, территориянын же аймактын же алардын чек араларынын укуктук статусуна тиешелүү көз караштарды чагылдырбайт.

Эгерде сиз сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылсаңыз төмөндө көрсөтүлгөн ишеним номерлерине чалыңыз. Ал жакта тажрыйбалуу психологдор иштешет. Алар менен каалаган жагдай тууралуу сүйлөшө аласыз.

ИШЕНИМ НОМЕРЛЕРИ:

111

112

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Monsterbek
2021-12-15 14:35:22
Урматтуу эже карындаштар эгерде сиздерге кимдир бироо сексуалдык харассмент "тийишип кармалоо" коргозсо уялбай эле агаларынызга же жакын инилеринизге айтыныз. Алар барып корсотуп койсун кандай болоорун! Эгер бироо сизди кармалап койсо сиз унчукпай койсонуз ал башка бироолорго да ошондой мамиле жасайт!
+1
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА