“БАЯГЫЛАРДАН” КҮЛКҮ БАЯН

“Күлкү – ден соолуктун мүлкү” дегендей, бул жолу “Баягылар” тобу тамашалуу интервью берди. Алдыдагы концертине кызуу даярдык көрүп жатышкан экен, кепти ошондон баштадык. Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр баштаган топтун күлкүлүү баянына күбө болуңуздар.

– Саламатсыздарбы, агалар? Концертке даярдык кандай болуп жатат?

Талант Асаналиев: – Салам, карындашым. Концерттеги өзгөчөлүк – күлкү көп болот. Чет тилдерде ырдайбыз, мисалы, индияча, кытайча ырдайбыз. Жандуу үн, жакшы тамаша менен коштолот.

Адилет Кожобергенов: – Жеңишбек Жумакадыр АКШда жүрүп келди, ал англис тилинде төгөт.

Талант Сыдыков: – Негизги өзгөчөлүгүбүз – топтогу алтообуздан башка эки гана коногубуз бар. Алар биз интермедия үчүн кийинип жатканда өнөрлөрүн тартуулашат. Көбү “эмнеге кыздарды кошпойсуңар?” деп сурашат. Жалгыз сен маңдайыбызда турсаң сүрдөп жаттаган ырыбызды унутуп койдук, кыздарды кошсок эмне болобуз билбейм.

– Чын эле бир кыз кошсоңор кызыктуу болбойт беле?

Адилет Кожобергенов: – Кыз эмес, келин да кошо албайбыз.

Талант Сыдыков: – Кыздын ролун Адике ойнойт, бул турганда кызга муктаж эмеспиз, үнү назик, бели ичке дегендей.

– Сиздерди интервьюга чакырганда Жеңишбек Жумакадыр келбей калат, эмнеге?

Абир Исраилов: – Жигиттин убактысы тар. Ал иштерин бир ай мурун немистей болуп пландаган жигит. Биз жолукканда алдын ала бир ай мурун айтабыз. Араң убактысы болот.

– Агалар, топко тиешелүү күлкүлүү жоруктардан айтып берсеңиздер, сиздерде көп окуялар бар дешет.

Адилет Кожобергенов: – Жоруктарыбызга өзүбүз күлө беребиз, эми эл күлөбү, билбейм, аракет кылып көрөлү.

Талант Сыдыков: – Мен бир жолу боорум эзилип күлгөнүм эсимде. “Куурчак” театрында концерт берип жатканбыз. Шылдырак черткен Талант досубуз шашып кеткенби, ырдап жатып карасам колунда шылдырагы жок. Шыбырап “шылдырак кана” десем, “аа” деп сахнанын аркасына өтүп кетти. Кайра келди, колунда шылдырагы жок, өңүн көрүп алып боорум эзилет. Оюнчугун жоготкон баладай десең (күлүп). Көрсө, сахнанын артында жүргөн кичине бала көтөрүп кетиптир. Өмүрүмдө ошондой күлгөн эмесмин, себеби “шылдырагың кана?” десем чуркап кетип, баладай болуп томсоруп кайра келип жатпайбы. Кетпей эле койбойбу, кайра келбей эле койбойбу (күлүп). Токтоно албай аккордеонго жашынып алып күлсөм, эл кошо күлгөн.

Абир Исраилов: – Жеңишбек эмне келген жок деп жатпайсыңбы, өзү келбесе да бир жоругун айтып берейин. Айтыш болуп жаткан, төгүп алып сахнанын артына чыкса бир киши баласын ээрчитип келип алыптыр. “Айланайын, ушул баламдын оозуна түкүрүп койчу, сени тартып төкмө болсун” дептир. Анда Жеңишбек “түкүргөндөн эле төкмө акын болсо, аялым эбак булбул болуп кетпейт беле” деп жатпайбы. Боорубуз эзилип калган.

Талант Асаналиев: – Бир концертте Адилет чыгып алып элди күлдүрүп жатат, деги токтобойт. Номер узарып кетти, кантип токтоторубузду билбей баарыбыз сахнага чыгып алдык. Элге байкатпай Талант Адилетти жамбашка чаап жиберди. Бапылдап жаткан ал тып токтоду. “Эмне болуп кетти?” дегенсип алайып бизди карайт. Ошондогу кебетесин көрүп алып боорум эзилип калган. Адилетти карап алып ырдай албай күлгөм (күлүп).

Аман Мамбетакунов: – Бир жолу Жеңишбек “той бар, болгула, тез келгиле” деп телефон чалып калды. Адилет экөөбүз жөнөп калдык. Үй салып жаткам да, келинчегим машинеге жарма салып коюптур. Күн ысык, экөөбүз апакай костюмдарды кийип алганбыз. Машине чайпалганда баягы жарма атылып кетип Адилеттин үстүнө жаба чачылып кетти (күлүп). Мага деле чачырады, бирок мунун башынан ылдый төгүлдү. Өңү купкуу! Эптеп суу таап жуундук. Жарманын тагы, жыты да оңой менен кетпейт экен. Тазаланып алып бардык. “Эй, жарма атылып кетти” десек, Жеңишбек ишенбейт. Тойдон ырдап чыксак Жеңишбек “жеткирип койгула” дейт. Машинаны ачып эле ыргып кетпедиби (күлүп). Жыты эми укмуш. Эки-үч күндөн кийин Адилет машинеме түшүп, “жармаңды бир карап койчу, атылып кетчү эле” дейт.

Абир Исраилов: – Адикем машине айдабайт. Кызыгып көргөн жок. Маркасын да билбейт. Ак машине менен алып келип, көк машинеге “кеттик” деп жетелесең кете берет (күлүп).

– Сизди ким ташыйт анан?

Адилет Кожобергенов: – Могулар ташыйт (жанындагыларды көрсөтүп). Беш айдоочум бар, буюрса, каалаган күнү каалаганын минем.

Абир Исраилов: – Баарыбызды минет, узун-кыскасына карабай (күлүп).

– Байкашымча, Адилет аганы көп тамашалайт экенсиздер, тамашалагандан тайсалдаган бирөө барбы араңарда?

Абир Исраилов: – Жеңишбекти тамашалагандан коркот деп ойлоп жатасың, ээ? Коркпойбуз.

Талант Асаналиев: – Жеңишбек өзү тамашакөй, ажыкыс неме. Бир жолу Ат-Башыга досубуздукуна бардык, келинчеги эт менен картошка кууруп алып кирди. Досубуз да сыртта жүргөн, келинчеги чай алып келгени чыгып кетсе Жеңишбек ары жактан табак ала коюп, баягы тамакты салып столдун астына коё салды. Экөөбүз бош табактын майын нан менен сүртүп жеп отуруп калдык. Байкуш аяшыбыз кирип келип таң калып туруп калды. “Кантип заматта жеп салдыңар?” дей албайт да, биз да сыр бербей тамакты жеп жаттык. Эмне кыларын билбей чыгып кетти. Каткырып алып столдун астынан тамакты чыгарып жеп, чайдан куюп ичип жаттык. Бир топтон кийин аяшыбыз кирип эле жарымдап калган тамакты карап, "көзүмө бир нерсе көрүнүп жатабы?" деп ойлоду окшойт. Чай куюп жатып бир картошканы карайт, бир бизди карайт. Аяшыбыздын ошондогу өңүн көрүп эле боорум эзилип калган.

– Сиз Жеңишбек агага окшошуп кетет экенсиз...

Талант Асаналиев: – Атам ошол жылдары Нарында иштеп келген окшобойбу, болбосо биз Суусамырда жашачубуз. 1976-77-жылдары иштеп кетсе керек. Мен бир туугандарыма окшошмун, Жеңишбек бир туугандарынан өзгөчөлүнүп турат. Демек, менин атам иштеп кеткен да Нарында, туурабы (күлүп). Бир тууганымдай көрөм байкушту.

Талант Сыдыков: – Эл эле окшоштура берет экен, мен окшоштура албайм. Мына, мени менен Адилетти айтса болот окшош деп. Бирөөбүз сары, бирөөбүз кара. “Кофе с молоком” болуп (күлүп).

– Элдин көңүлүн ачып жүрө бериңиздер, концертиңиздер ийгиликтүү өтсүн!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MIRBOLOT
2021-12-13 14:41:45
Адилет Кожобергеновдун Курманбек Бакиевди туураганы, Ашыраалы Айталиевди туураганы абдан жагат. Дайыма эстегенде күлүп алам.
+1
i-bilim
2021-12-14 09:17:34
Концерти качан болот экен? Баргым келип жатат
0
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан