Кыргыз шоу дүйнөсү
Плагиат (латын тилинен которгондо “plagio” – “уурдоо” дегенди түшүндүрөт) – бирөөнүн чыгармасын же анын бир бөлүгүн өзүнүкү кылып уурдап алуу же бастырып чыгаруу.
Автордун ойлоп табуусун, эмгегин уурдоо илимде, адабиятта, искусстводо кеңири кездешет. Орусиянын бир канча сайттарында музыкалык плагиат тууралуу талкуулар уюштурулуп, мен-мен деген орус ырчылары чет эл жылдыздарынын ырларынын сөзү, обонун уурдап алганы тууралуу айдан ачык жазылып келет. Ыр которуу, обон уурдоо боюнча кыргыз ырчылары да кем калышпайт.
“Кыз-Бурак”, “Кайрылып кел” –
Амр Диаб, “We Malo”
Белгилүү бир аранжировкачынын “кыргыз ырчыларынын көп ырларынын обону башкага таандык. Анан карасаң эле сөзү, обону биздики болуп чыга келет” дегенинде чындык бар окшойт дедик. Себебин мисирлик ырчы Амр Диабдын “We Malo” аттуу ырын тыңдаган адам айттырбай түшүнөт. Бизге кайдагы Амрдын “оригиналын” уккандан көрө, “Кыз-Бурактын” ырын уккан маанилүү окшойт.
Динара Акулова, “Кусалык” –
“Арнау” тобу, “Егиз лебиз”
Жакында “Сезим” радиосунан “келчи жаныма” деген саптары бар ырды угуп калдым. Үнүнөн Динара Акулова эжебиз ырдап жатканын тааныдым. Анан аталган радионун ди-джейинен сурасам, “ооба, ал ырды Динара эже ырдайт. Ырдын аты “Кусалык” деди. Биз бул ырды казактардын “Арнау” тобу “келши жаныма, ке-ел” деп казакча ырдаганынан улам жакшы билчү элек да. “Ошондо биздин ырды алар которгонбу же биз алардан алдыкпы?” деп дале таң калып турган чагыбыз.
Бекчоро, “Ай чырай”–
Жэй Шон, “I won't tell”
Бекчоро “Ай чырай” аттуу ырына Алматыдан казактын бийчи кыздарын чакыртып, заманбап клип тарткан эле. Бекчоро бул ырынын обонун “50 пайызы меники, 50 пайызы Жэй Шондуку” деп жүрөт. Бизге эмне, экөөнүн ырдаганын тең угуп коё беребиз. Анан, албетте, кыргыз тилинде, кыргыз кыздарга арналган обон жүрөккө жакыныраак.
Самат Дөөлөтбаков, “Ишенүү” –
Жэй Шон, “Ride It”
Самат Түркияда жүргөндө мекенин сагынып чыгарган бул ыры коомчулук арасында бир дүң болду. “Качан кыргыз жан жерим деп ырдачу эле?” дегендерге Самат да өз жообун берип бүттү окшойт. Бирок бизди ойго салып турганы ырдын мааниси эмес, обону болуп жатпайбы. Жэй Шондун “Ride It” ырынын обону менен Саматтын “Ишенүүсү” өтө эле дал келет. Дегеле ушул которулган ырлар боюнча маалымат жыйнап жатып, Саматтын көп ырларынын обону «четтен келгенин» байкадык.
ЭМИ КОРЕЙ ЫРЛАРЫНА ӨТТҮКПҮ?
Санай келсек, көп эле аткаруучулардын ырларынын обондору казакчага барып такалат экен. Анысы го мейли, учурда белгилүү болуп жаткан корей тасмаларынын баары ыр менен коштолот эмеспи. Корей тасмаларынын музыкасынан алып ыр жаратууну ди-джей, ырчы Чыңгыз Мырзаев баштап берген өңдүү. Чыңгыздын “Кыш сонатасы” аттуу корей сериалында жаңырган ырдын обонун алып ырдаган ыры бар. Жакында эле дагы бир телеканалдан Зарина Хасанованын ыры жаңыра баштады. Заринанын бул ырынын обону менен корейлердин “Мыкты жигиттер” тасмасындагы ырдын обону дал келүүдө.
Анан да Жанэл деген ырчынын “Кайрылбайсың” аттуу ырын да биздин сайттын форумчулары корей ырынан алынганын жазышууда. Айта берсек, мындай дал келүүчүлүк көбөйүп кетчүдөй.
БӨТӨН ЖЕРДЕ, БӨТӨН ТИЛДЕ ЖАҢЫРГАН БИЗДИН ЫРЛАР
Медалдын эки тарабы болгондой эле, биздикилер гана которбостон, коңшу өлкө ырчылары деле биздин ырларды которуп ырдап жүрүшөт. Мисалга алсак, “Инсан” тобунун “Арманым”, Ибрагим Жунусовдун “Эламан”, Мирбек Атабековдун “Сени гана”, обончу Жумашбек Касымбековдун “Кызыл гүл” ырларынын өзбек тилинде жаңырганын угуп калып жүрөбүз. Мындан сырткары казакчага которулган ырлардын арасында Чубак Сатаевдин “Арман ай”, “Кара көз” ырлары, сөзү А.Исаевге, обону С.Жумалиевге таандык “Таң сыры”, Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Кыргызстаным”, “Күндөр жаңырат” ырларын кошууга болот. Жаштардын сүймөнчүк ырчысы, Кыргызстандагы эң жаш аранжировкачы Ильяз Абдыразаковдун “Лейли”, “Апакебай”, “Жаным ай”, “Азап” аттуу ырлары бүгүнкү күндө казак жергесинде мегахиттердин катарын толуктайт десек жаңылбайбыз.
СӨЗ СОҢУНДА...
Бир ыр экинчи бир ырга 7 нотасынан бери окшошуп калса, музыкалык плагиат делинет. Биздин ырчылар жогорудагы ырлардын баарын эле обонун уурдап, өздөрү мээнет кылбаган дегенден алыспыз. Албетте, кыргызчага түзмө-түз которбосо да, маанисин таптакыр өзгөртүп сөз жазып, аранжировка жасап аракет кылышты. Эң негизгиси, кыргыз калкы обону которулганбы, башкабы, ага карабай кабыл алышууда. Ырчылардын утушу мына ушунда. Ошентсе да кыргызга таандык ырлар көп жаралса деген тилегибизди билдиребиз.
Бурул Исмаилова
star@super.kg