КОЙ (21.03-20.04)
Аптада пайдалуу буюм сатып алууңуз, же банктан эсеп ачып, же карыздарыңыздан кутулушуңуз мүмкүн. Негизи акчаны үнөмдүү пайдаланып баштайсыз. Жакындарыңыз менен чырдашып калуудан сак болуңуз, кокус урушуп калсаңыз жарашууга биринчи кадам таштаңыз. Ден соолугуңузга кам көрүп, врачка текшерилип же санаторийге барсаңыз туура.
Өзүңүздүн башкаларга жасаган мамилеңизге, кылык-жоругуңузга анализ жүргүзүүгө ыңгайлуу апта. Туура жыйынтык чыгарсаңыз жашоого болгон көз карашыңызды да өзгөртөсүз. Качандыр бир кезде таарынткан адамыңыздан кечирим сурашыңыз мүмкүн. Белгилүү бир датаны унутуп калбоого аракет кылыңыз. Эс алуу күндөрү таза абада сейилдеп, жөө басыңыз.
Апта бою сизди жалкоолук ээрчийт. Ушундан улам жумушуңузда жана үйүңүздө түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн. Алыска жолго чыгууга камданып турсаңыз, сапарды башка күнгө жылдырып туруңуз. Чыгармачыл эгиздерге өзгөчө шык келип, шедевр чыгарманын автору болуп калуусу толук мүмкүн. Дем алыш күндөрү үй чарба иштери менен алек болуп баарын иретке келтиресиз.
Жакындарыңыз берген кеңешти тыңдап, алардын айтканындай чечим чыгарсаңыз адашпайсыз. Каржы жаатында көйгөй жаралышы мүмкүн, андыктан акчаңызды үнөмдүү пайдаланып көп коротпой туруңуз, жакында көп акча керектелет. Онлайн сатып алуулардан сак болбосоңуз алдамчылардын тузагына илинип каласыз. Апта соңунда жагымсыз кабар угуп көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн.
АРСТАН (23.07-23.08)
Буга чейин түн уйкуңузду бөлүп чече албай жүргөн маселеңиз жакшы жагына чечилет. Сүйүктүүңүз менен келишпестиктер болуп, ортодогу жарака сиздерди эки айрым жолго түшүрүшү ыктымал. Жумушта ашыкча күч коротпой иштегенге аракет кылыңыз. Дем алыш күндөрү көбүрөөк эс алууга убакыт табыңыз, ошондо кийинки аптага жетчү энергия топтойсуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакыныңыз сизге күтүлбөгөн, жагымдуу сюрприз жасашы күтүлөт. Апта ортосунда жумушуңуздагы баш аламан, чар-жайыттык жагдай сизди түйшөлтүп, иштөөңүзгө жолтоо болот. Жетекчиңизден эскертүү алып, чоң катаңызды оңдошуңуз мүмкүн. Үй-бүлөлүү бийкечтер балдарына көңүл бөлүп, алардын каалоосу менен эсептешкенге убакыт табуусу керек.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Башкаларга ишенбей, бир гана өзүңүзгө ишенип аракет кылыңыз. Болбосо, башкаларга тапшырган ишиңиз убагында бүтпөй ал адамга таарыныч жаралат. Апта ортосунда кайсы ишти, долбоорду колго алсаңыз да башталышын ийгилик коштобойт. Дем алышты достор же жакындарыңыз менен көңүлдөгүдөй эс алып өткөрүшүңүз күтүлүүдө.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Буга чейин жашооңузда болуп көрбөгөндөй романтикалуу кече өткөрөсүз. Бул апта сезимдериңизди билдирүүгө ыңгайлуу. Өзүңүзгө кам көрүп сүйкүмдүү болуп калганыңыз башкаларга билинип, бул сиздин өзүңүзгө болгон бааңызды, ишенимиңизди көтөрөт. Эс алуу күндөрү үйүңүздү иретке келтирип, өзгөчө тамак жасап жакындарыңызды кубантасыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сак болуп, жалган келишимдерге кол коюп же ири суммадагы каражатка алданып калуунун алдын алыңыз. Жалгыз бой жаачылар чакырган кечеден калбоолору керек, дал ошол кечеден болочоктогу түгөйүңүзгө кезигип калышыңыз толук мүмкүн. Көптөн бери каражат топтоп үй буюмун сатып алууну көздөгөндөр аны өздөрү болжолдогон баадан арзан сатып алып, кубанышат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сиз ишенип жүргөн адам сизди жардан түртүшү мүмкүн. Андыктан ар кандай уюшулган чагымчыл жагдайларга даяр туруп, моралдык жактан бекем болуңуз. Эмоцияңызды чыгарууну кааласаңыз, машыгуу залына барып чуркап, убакытты пайдалуу өткөрүңүз. Апта соңунда алыстан жагымдуу кабар угасыз. Башка өлкөлөргө барып эс алууну көздөгөн текечерлерди көңүлдөгүдөй эс алуу күтөт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жаңы таанышуулар жана жагымдуу жолугушуулар орун алат. Жалгыздыкты сүйгөндөр жана жалгыз бойлор аптада жалгыз отурбай, достор менен жолугуп же маданий кечеге барып көңүл көтөргөнү туура. Жумушта кесиптешиңиз менен кайым айтышып, аны менен мамилеңизди бузуп алышыңыз мүмкүн. Жумушуңуздагы чыңалган жагдайды сабырдуулук менен гана жеңе аласыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада чогулган жумуштарыңыздын баарын бүтүрүүгө камданыңыз, себеби кийин убакыт табылбай калышы мүмкүн. Бул аптада бойдокторду жагымдуу сюрприз күтөт, сүйүктүүңүздөн белек алып кубанышыңыз ыктымал. Жумушта жетекчилигиңиздин тилин таап, кызмат ордуңуздан көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Дем алыш күндөрү сүйүктүү тасмаңызды көрүп жакындарыңыз менен чогуу болуңуз.