БИР БҮРКҮМ. 4 АЙДА 500 МИҢ ТОННА КӨМҮР КАЗЫЛДЫ...

  • Каржы министри Алмаз Бакетаев 2022-жылы Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө
    26 миллиард сом жумшаларын айтты.
  • Эдил Байсалов: “Коронавирустун “Omicron” штаммы Кыргызстанга январь айынын ортосунда келиши мүмкүн”.
  • Бир окуучу жана бир мугалимден коронавирус илдети аныкталганы үчүн Бишкектеги №62 мектеп онлайн окуу форматына өттү.
  • Камакта отурган саясатчылар Равшан Жээнбеков жана Жеңиш Молдокматовдун тарапташтары Бишкекте митингге чыгып, аларды бошотууну талап кылышты.
  • 15-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 652 миллион метр кубду түздү.
  • Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп Самат Насирдинов дайындалды.
  • Жалал-Абад шаарында улгайган 10 жалгыз бой энеге акысыз көмүр таратылды.
  • Кытайдан гуманитардык жардам катары алынган 1,5 миллион доза "Sinopharm" вакцинасы өлкөгө алынып келинди.
  • БШК Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округдарында парламенттик шайлоо өтпөй калды деп тапты.
  • Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болду.
  • Жаңы жыл майрамына карата Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнү кабарланды.
  • "Кыргыз көмүр" ишканасы төрт айда жарым миллион тонна көмүр казды.
  • Саясий партиялардын IT-адистери БШКнын сайтында 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо күнү маалыматтар бурмаланбаганын тастыкташты.
  • Ысык-Көлдө быйыл 11 айда жол кырсыгынан 13 адам каза болгону айтылды.
  • Коронавирустун "омикрон" штаммы дүйнөнүн 77 өлкөсүндө катталганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.
  • Кен казуу тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында өлкөдө "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы түзүлдү.
  • Белгилүү хирург Сабырбек Жумабеков Казакстан президентинин атынан төш белги менен сыйланды.
  • Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасы былтыркыга караганда 19 пайызга аз жыйналды.
  • Ошто 12-декабрда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан