ЖАНАР АКАЕВГЕ ТИЙЧҮ МАНДАТТЫ БАШКАГА БЕРИШТИ

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Альянс” партиясы менен жеңишке жеткен талапкер Жанар Акаевдин мандаты башкага бериле турган болду. Тагыраагы, 15-декабрда БШК 2020-жылдын 26-июнунда кабыл алган тийиштүү токтомуна өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, жобонун эркек жана аял талапкерлер ортосунда мандат бөлүштүрүүнү караган пункту өзгөрөт. Комиссия бул чечимин “БШКнын укуктук-нормативдик актыларын президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн” деп түшүндүрдү. Колдонуудагы эрежеге ылайык, 4-7 мандат алган партиялар 2 квотаны аял талапкерлерге берери жазылган. Жаңы эрежеде 7 мандат алган партиялар аял талапкерлерге 2 эмес, 3 квота берет деп жазылды. Ошентип, парламентте 7 мандат алары күтүлүп жаткан “Альянс” партиясы 3 аял талапкерге орун берүүгө тийиш. Шайлоодо 4977 добуш алып 7-катарда турган Жанар Акаев тизмеден чыгарылып, ордуна 1284 добуш алган Токтобүбү Оргалча аттуу талапкер кирди.

Жанар Акаев БШКнын чечимин акылга сыйбаган жорук деп баалады.

– Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук. БШКнын чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШК жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Кайра-кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана “Альянска”, анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы? Дайыма эл тарапта, чындык тарапта болуп келгем, саясатта айтчу сөздөр али алдыда,- деди Жанар Акаев.

Токтобүбү Оргалча 1972-жылы Кытайдын Кызыл-Суу автономдуу облусунда туулуп, Кыргызстанда 2015-жылдан бери жашап жатканы айтылды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан