АТАЗОВ-АЛИМБЕКОВ ТАЛАШЫНА БШК ЧЕКИТ КОЙДУ

Ош шаарынын №8 Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына ат салышкан талапкерлер Шайлообек Атазов менен Нурбек Алимбековдун тиреши шайлоо кампаниясы башталгандан бери уланууда. БШКнын маалыматына таянсак, шайлоодо Нурбек Алимбеков 17382 добуш, атаандашы Шайлообек Атазов 16258 добуш алган. Утулду деп жарыяланган Атазов Алимбековду добуш сатып алууга айыптап жатат.

– Эгерде таза шайлоо өттү деген чын болсо, анда аталган шайлоо тилкесинде кайра шайлоо өткөрүү керек. Мен карапайым үй-бүлөдөн чыккан баламын. Шайлоодогу добушумду бир да сом коротпой алдым,- деген Атазов БШКга арыз менен кайрылган.

Нурбек Алимбеков болсо Атазовдун айткандарын четке кагып, “спортчу болсоң, эркекче жеңилгенди бил” деди.

11-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Төлөйкөн шайлоо округу боюнча шайлоону өттү деп тапканын жарыялады. Атазов бул боюнча “БШК жыйынтык чыгарууда шашып койду” деп пикир билдирди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан