Мурда ЖОЖдордо жана орто кесиптик окуу жайларда окуу акысын экиге бөлүп төлөөгө мүмкүн болчу. Мындан тышкары жакынкы 3 жылда Кыргыз жарандыгы бар студенттер үчүн окуу акысынын тарифи өзгөртүлбөйт. Учурда төлөнүп жаткан баадан ашык төлөөгө тыюу салынды. Ошондой эле ата-энеси жок балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга ЖОЖдордо гранттык орундардын 5 пайыз көрсөткүчүндө квоталар жыл сайын берилип турууга тийиш экени белгиленет документте.
Жогорку окуу жайларда акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча Эсептөө палатасына жана Башкы прокуратурага тапшырмалар берилди. Бул органдар текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жыл сайын 1-апрелге чейин президенттик администрацияга маалымат берип турсун деген милдет жүктөлдү.
Лунара Бекиева