АСКАР АКАЕВ КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ КАЙРАДАН КЕЛДИ

Мурдагы президент Аскар Акаев 13-декабрь күнү Бишкекке кайрадан учуп келди. Анын жакындарынын айтымында, Акаев Кыргызстанга “Кумтөр” иши боюнча дагы бир ирет сурак берүү үчүн келген. УКМКда бир нече күн сурак берип, кайра кетери айтылды. Аны менен кошо уулу Илим Акаев дагы келди.

Эске салсак, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга “Кумтөр” боюнча УКМКда суракка алынган. Журналисттерге комментарий берген Акаев “Кумтөр” боюнча ал кездеги өкмөт жетекчилерине ишенип чечимдерди кабыл алганы үчүн өкүнөрүн билдирген эле.

Аскар Акаев 16 жылдан бери Москвада баш калкалайт. Анын Кыргызстанга ээн-эркин келип кетиши коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Аны “Кумтөр” жана башка иштер боюнча мыйзам алдында жазага тартыш керек дегендер көп.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан