КЫРГЫЗСТАН ООГАНСТАНГА БЕНЗИН ЭКСПОРТТОП ЖАТАБЫ?

Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттой баштады деген маалымат тарады. Бул тууралуу Ооганстандын "Pajhwok Afghan News" маалымат агенттиги жазып чыкты. Андагы маалыматка таянсак, көп жылдардан бери кайрадан Кундуз провинциясына күйүүчү-майлоочу материалдар жеткириле баштаган. Көп жылдык тыныгуудан кийин Кыргызстандан күйүүчү май ташылып баштаганын Кундуз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Матин Юсафий да ырастаган. Маалыматта күйүүчү май Шерхан Бандар порту аркылуу ташылып жатканы айтылат. "10 жылдан кийин Кундузга күйүүчү май импорттолду. Мындан улам порттун кирешеси өсүп, күйүүчү майдын баалары арзандашы мүмкүн",- деген Юсафий. Бул маалымат боюнча Кыргыз тарап комментарий бере элек. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы асман чапчып турганда мындай маалымат коомчулуктун көңүлүн бурары талашсыз.

Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан