Аксыдагы аңчылык: КАЙБЕРЕН ТУКУМУ МЫЙЗАМСЫЗ АТЫЛЫП ЖАТАБЫ?

Жакында Аксы районунда тоо теке жана бугу атууга байланышкан удаа 3 окуя катталды. Адегенде Сары-Челек коругунан бугу атылса, көп өтпөй башка жактан да тоо теке аткандар кармалып, чуу жаратты. Бул окуялар "табиятка ырайымсыз мамиле жасалуудабы? Кайберен тукуму туш келди атылып жатабы?" деген суроолорду жаратат. Жергиликтүү элдин "аңчылыкка биротоло тыюу салынсын" деп маселе көтөргөнү да бекеринен эместир. Сур эчкинин каргышына калган айтылуу Кожожаш уламышы чыккан Аксыдагы окуяларга кызыгып көрдүк.

“ЭЛДИН ТАЛАБЫ – АҢЧЫЛЫККА ТЫЮУ САЛУУ”

Тоо теке атылган окуялардын бири Авлетим айылында катталган. Аталган айылдын тургуну Сейиткул уулу Садырбек кайберенди мыйзамсыз атуудан улам чуу чыкканын айтат:

– Аксыдагы “Он-Ача” аңчылык чарбасынын жетекчиси 3 жыл мурун айыл элине "ушундай чарба ачып жатам, аңчылык иш-аракеттерин жүргүзүүгө уруксат бериңиздер" деп кайрылган. Негизи Сары-Челек жана Падыша-Ата коруктарынын ортосунда чоң аянттагы жер бар, “Он-Ача” чарбасы ошол жерде аңчылык аракетин жүргүзмөк. Бирок эл буга макулдук берген эмес. Ошентсе да аталган чарба былтыр бирөөлөргө мыйзамсыз 1 тоо теке аттырганы белгилүү болгон. Анда да айыл эли чогулуп, “Он-Ачанын” ишин токтотууну талап кылган. Быйыл 2-декабрда 2 тоо текени эл уруксат бербеген ошол аймактан аттырып жатпайбы. Чуу ушундан чыкты.

“ТЕКЕЛЕР АҢЧЫЛЫККА УРУКСАТ БЕРИЛБЕГЕН ЖЕРДЕН АТЫЛГАН”

Аталган окуя боюнча Экологиялык тартип коомдук фондунун мүчөсү Баялы Саркуловду кепке тарттык:

– 2-декабрда бизге Экотартиптин мүчөлөрү Авлетим айылынан бирөөлөр мыйзамсыз аңчылыкка кетишкенин айтышты. Биз Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, милицияга кабар бердик. Ошентип 2 тоо текени атып келе жаткандар жолдон кармалышты. Тоо теке аткандарды жолдон тосуп, ызы-чуу салгандардын арасында биздин коомдун мүчөлөрү болгон эмес. Биз тиешелүү органдарга гана кабарлаганбыз.

Негизи Сары-Челек жана Падыша-Ата коруктарынын ортосунда Авлетим токой чарбасы бар, тоо текелер ошол жерден атылыптыр. Ал жер 2 коруктагы жаныбарлардын бир коруктан экинчи корукка каттап, өтүүчү коридору. Андыктан ал жерден жаныбарды аттыруу коруктагы жаныбарды аттыруу болуп эсептелет. Айыл эли ошондуктан чуу чыгарды. Андан тышкары Аксы эли мергенчиликти экотуризмге алмаштыруу, тоо текелерди атууга мораторий киргизүү керек деген талапты коюшууда.

“2 ТЕКЕ ЛИЦЕНЗИЯ МЕНЕН АТЫЛГАН”

“Он-Ача” аңчылык чарбасынын жетекчиси Эркин Чынасылов тоо текелер мыйзамдуу, лицензиянын негизинде атылды деп жатат:

– 2-декабрда Таш-Көмүр шаарынын 2 тургуну биздин чарбага келип, тоо теке атууга 2 лицензия алган. Мыйзам боюнча, биз атуучу адамды коштоп барып, кайсы тоо текени атуу керектигин көрсөтүп, аткан соң акт толтуруп, анан аткандарды керектүү чектен өткөрүп, узатып коюшубуз керек. 2-декабрда тоо теке атуучулар менен Авлетим токой чарбасынын токойчусу, биздин чарбанын бир кызматкери барган. Сары-Челек жана Падыша-Ата коруктарынын ортосунда 80 миң гектардай жер бар жана ал жер аңчылыкка уруксат берилген жер деп саналат. Жанагы 2 тоо теке ошол жерден атылган. Тоо текелерди аткандардын мылтыктары тиешелүү органда каттоодо болгон. 2 текенин тең жашы 10 жаштан жогору болгон.

Тоо текелерди атып келе жатканда жолдон Экологиялык тартип коомдук фондунун мүчөлөрү жана топтолгон эл тосуп, ызы-чуу салышкан. Теке аткандарды коштоп баргандар лицензия менен атылганын айтышса да угушкан эмес. Аксы райондук милиция кызматкерлери барса аларды да тоготпой коюшкан. Азыр бул окуя боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

“КЕПЕДЕН ТОО ТЕКЕНИН БАШЫ ЖАНА ЭТИ ТАБЫЛДЫ”

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Руслан Термиев Авлетимдеги 2 теке мыйзамдуу атылган дейт:

– 2021-жылы 2-декабрда Аксы районундагы “Он-Ача” аңчылык чарбасынан 2 тоо теке атууга лицензия алынган. Аларды аталган чарбанын 1 кызматкери коштоп барып аттырган. Аткандардын мылтыктарынын уруксат кагазы болгон. Тоо теке атып келе жаткандардын автоунаасын Авлетим токой чарбасына караштуу посттон Аксы районунун тургундары токтоткон. Элдин “Он-Ачага” койгон дооматы – Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу менен Сары-Челек биосфералык коругунун ортосундагы аңчылыкка жарактуу жерди колдонтпоо болуп жатат. Учурда бул окуя Аксы РИИБи тарабынан каралып, тергелип жатат.

2021-жылдын 25-ноябрында Аркыт токой чарбасынын кызматкерлери жана Экологиялык тартип коомдук фондунун мүчөлөрү чогуу рейд жүргүзгөн учурда Аксынын Кууганды жайлоосундагы кепеден 1 тоо текенин башы жана анын 28 килограмм эти табылган. Бул иш дагы Аксы райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө жүрүүдө. 2021-жылы тоо теке атууга байланышкан мындан башка браконьерлик фактысы катталган жок.

“ТОО ТЕКЕЛЕРДИ 4 ПАЙЫЗГА ЧЕЙИН АТУУГА ЖОЛ БЕРИЛЕТ”

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Абдыкеримовдон аңчылык чарбаларынан мамлекеттик казынага канча пайда түшүп жатканын сурадык:

– Жапайы жаныбарларды санак иштери жыл сайын октябрь-ноябрда башталып, декабрдын орто ченине чейин жүрөт. 2020-жылкы санак боюнча, өлкөдө тоо текелердин саны 50 миң 230 болгон. Алардын 10 миң 84ү коруктарды, калган 40 миң 146сы аңчылык чарбаларына тиешелүү аймактарды байырлашат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, чет өлкөлүк жарандарга ошол 40 миң 146 текенин 4 пайызын атууга уруксат берилет. 4 пайызы – 1600 баш болот. Бирок министрликтин атайын комиссиясынын мүчөлөрү чет элдик аңчылар үчүн 324 баш атууга лимит коюп, былтыр 33 баш теке атылган. Тоо текенин 8 жаштан ашканы, картаңдары атылат. Чет элдиктерге трофей үчүн мүйүзү 1 метрден ашкан текелер гана керек. Андай мүйүз 9-10 жаштан ашкандарда гана болот. Карыган текелер көпчүлүк учурда ооруга чалдыгып өлүп, ит-кушка жем болот. Андыктан алар андан көрө мамлекетке пайда алып келсе жакшы да. Бир текени атуу чет өлкөлүк жарандар үчүн 100 миң сом, Кыргыз жарандары үчүн
10 миң сом. Жалпы 87 текени атуудан казынага былтыр 3 миллион 300 миң сом түшкөн.

2021-жылы 341 теке атууга лимит каралган. 1-декабрга карата 78 теке атылды.

“Он-Ача” аңчылык чарбасы 2021-жыл үчүн 13 баш теке атууга лицензия алган. Анын канчасы атылганы боюнча жыл аягында отчёт берет.

Бир тоо текени мыйзамсыз аткандарга 100 000 сом айып салынат.

Мораторийге келсек, 2017-жылы жаныбарлардын айрым түрлөрүн атайын пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, 2017-жылдан 2020-жылга чейин Талас, Жалал-Абад облустарында, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Жайыл, Кемин райондорунда аркар-кулжа, тоо теке, улар, элик, каман атууга мораторий киргизилген.

2020-жылдан 2023-жылга чейин Баткен, Ош облустарында, Чүй облусунун Ысык-Ата, Москва, Панфилов райондорунда жогоруда аталган жаныбарларды атууга мораторий киргизилген.

Эми ушул эле мораторий 2023-жылдан 2026-жылга чейин Ысык-Көл облусуна киргизилет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан