Роза Шакирова, ырчы: “РОЗА, МЕНИ САКТАП КАЛ” ДЕГЕН ЭЖЕМДИН ҮНҮ КУЛАГЫМДА КАЛДЫ”

Роза Шакирова көптөн бери эмне себептен интервью бербей жүргөнүн, жашоосундагы ачуу-таттуу күндөрүнөн айтып берди. "Бир боорун жоготкон жаман экен, стресс болуп жүрдүм" дейт ырчы. Анда маекке көңүл буруңуз.

– Саламатсызбы, Роза айым? Көптөн бери маек бербей жүрдүңүз...

– Саламатсыздарбы? Ооба, маектерге көп келбей калдым, “арыктайын, анан маек берем, фотосессия жасатам” деп улам артка жылдыра берип көп убакыт өтүп кетиптир. Ырларды жаздырып жатам. Менин бир адатым бар, ырдын ичинде жашап жүрөктөн чыгарып ырдамайынча боорума басып жүрө берем. Жалкоолук да жайым бар. Жолдошум үйдүн эң кичүүсү болгон үчүн Таласка үй куруп жатабыз, аны менен алек болуп убакыт таппай жаттым. Айтор, ушундай себептер...

– Ырчы Дайыр Исмадияров сиз менен Москва шаарына гастролдоп барганын айтып “Роза эже сонун адам экен” деп мактады, ачылган окшойсуз...

– Мени жакшы билбеген адамдар “мисирейген неме” деп ойлошот. Билгендерге көп сүйлөйм, шайырмын, мендейлерди “жылкы мүнөз” деп коюшат. “Тээп жиберем”, тактап айтканда, оюмдагыны ачык айтам (күлүп). Кээде жакындарым “үнүңдү түшүрүп сүйлөчү” деп калышат. Чыгармачылыкта көбү мени жакшы билбейт. Дайыр “ар бир сөзүңүз күлкүлүү экен, ушуларды видеого тартып чыгара берсеңиз, Инстаграмды жармаксыз” дейт. Толтура акча таба элекмин, бирок Дайыр айткандан кийин иштегим келип калды (күлүп). Ачылганда өтө шаңдуу болуп кетмейим бар, өзүмө ошонум жакпайт. Аял бир сырдуу, миң кырдуу болгону жакшы эмеспи. Чоңойгондо, буюрса, ошондой болом го (күлүп).

– Үй-бүлөңүзгө оор сыноолор келген экен. Жараатыңыз жаңы болуп бул тууралуу айта албай жүрдүңүз, эми айта аласызбы?

– Атам менен апамдын удаа көзү өтүп кетти, 2021-жылы бир тууган эжем каза болду. Эжем 45 эле жашта эле, ойдо жок жерден кетип калды. Тиричиликке бышкан, бир туугандарына күйүмдүү, өзгөчө жан болчу. Москвада иштечү, телефон чалып “Роза, мен ковид болуп калдым” деди. Катуу ооруду, эми жакшы болуп келе жатканда колго кир жууй калыптыр, кайра күчөп кетти. Шишип кеткенинен мен “Кыргызстанга келе берчи” деп, өзүм тосуп алып ооруканага жаткырдым. Врачтар “өпкөсүнүн жарымы жараксыз” дешти. Апрель айында жакшы болуп Айдаркен шаарына, өз үйүбүзгө алып баргам. 29-апрелде Баткенде кыргыз-тажик урушу чыгып кетти. Бир тууган иним аскер кызматкери, ал чек арада жүрүп үч күн такыр дарексиз. Телефону өчүк, эч ким дайынын билбейт. Ошондо эжем катуу тынчсызданган экен, дароо жүрөккө бериптир. Иним менен кабарлаштык, бирок эжемдин абалы начарлап кетти. 4-май күнү Бишкекке алып келип ооруканага жаткырдык. Кайра ковид болуп калыптыр. Кызыл зонага кирип бараткандагы үнү азыр да кулагымда, байкушум “Роза-а, мени аман сактап кал” деди (ыйлап).

– Кайрат кылыңыз...

– Түшүмдөн кетпейт “ыйлабаш керек, маркумдун жаткан жерин суу каптап калат” дешет экен, ыйлабаганга аракет кылам. Бир боордуку жаман экен. Өзүмдү кармайын дейм, анткени апамдын көзү өткөндө бир тараптагы чачым толук агарып кеткен. Алаксыйын деп тойлорго барып, курбулар менен сүйлөшкөнгө аракет кылам. Кээ бири түшүнбөй “эжесинин көзү өтсө тойдо жүрөт” деп кеп кылышат экен. Баламды ойлоп өзүмдү колго алышым керек.

– Эжеңиздин жакшы жактарын эстеп берсеңиз...

– Жакындарына өтө күйүмдүү болчу, мени менен аябай сыймыктанчу. “Менин ичим тар, Роза, сенин жүрөгүң тоодой, колуңда эмне болсо баарын берип саласың” деп айтып калчу. Бир туугандарымдын баары жакшы ырдашат, ошол эжемдин Каныкей Эралиеванын үнүнө окшош жумшак, коңур үнү бар эле. Курбуларым Азиза, Айнура (ред.: Азиза Абдиева, Айнура Салахидинова) майрамдарда ата-энесин бир жерге чакырып белек берип майрамдашат, а мен ошол күнү үйдө калып ата-энеме, эжеме куран окуйм (ыйлап). Ыйлабай маек берем деп карманып келдим эле...

– Ыйлабаңыз, мындан ары жакшылыктар болсун. Жакшы сөздөрдөн кеп кылалы, уулуңуз жигит болуп калса керек?

– Буюрса, жигит болуп калды. Менин көп балалуу болгум келет, буйрук эмес экен, эки жолу боюмдан түшүп калды. Экинчи жолкусунда аябай кыйналдым. Кудай берерин унутпасын, дагы төрөйм деп ойлойм. Уулум да аябай бөбөктүү болгусу келет, кичинекейдин тилегин берет эмеспи.

– Өтө баласаак эне болсоңуз керек...

– Баласаакмынбы билбейм, текшерип турам. Кимдер менен сүйлөшөт, эмне кылат, мага кызык. Кээде өзүм аңдып, кээде бирөөлөргө аңдытып коём. Күндөлүгүн атасы текшерет, мен телефонун текшерем (күлүп). “Сабак оку” деп кыйнай бербейм, кээде “мени менен болчу” деп сабакка жибербей коймоюм бар. Азыр өткөөл куракта бирөөнүн таасирине өтүп кетеби деп ойлойм.

Бир жолу үйгө келе жатсам теңтуштары менен ойноп жатыптыр, кучактап өөп, жалынып өтүп кеттим. Эшиктен кирип баратсам балам досторуна актанып жатат. “Апамдын жалгыз баласымын, эркелетпе деп көңүлүн ооруткум келбейт” деп түшүндүрүп жатыптыр. Уялганын билип, ошондон кийин теңтуштарынын көзүнчө мындай кылбайын деп калдым. Бирок көрсөм эле эзилип кетем. Бир жолу мектептен мугалими телефон чалып “балаңыз кыйналып жатат” деди. Кыш болчу, мектепке үстүмдө футболка менен, байпагым жок, үйдөгү кийген тапичке менен барып калыпмын. Энтеңдеп барсам отуруптур, “башым ооруп кускум келди” дейт. Элдин баары эле мени карашат, ошондо футболка менен жүргөнүмдү билдим.


– Балаңызга такыр катуу айтпайт экенсиз да...

– Жок, балдарын жаман сөз менен урушуп жаткандарды көрсөм жиним келип кетет. Балага канча мээрим төксөк, ошол мээрим кийин кайтат. Ошол үчүн балага мээримдүү болуш керек.

– Жолдошуңуз менен интервьюга чакырсак баш тартып жүрөсүз...

– Жолдошум көпчүлүккө чыкканды жакшы көрбөйт. Интервью бергиси келбейт. Бирок дайым жанымда жүрөт, силерге интервьюга келгенде деле чогуу келдик, бирок машинеде калды. Чакан кечеде отуруп калганда көркүнө чыгарып сүйлөп, жадырап жайнап жакшы отурат.


– Жамандыкты амандык жеңет дешет, аман болуңуз, бар болуңуз, маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
“Эки ирет боюмдан түшүп калды, буйрук эмес экен” дейт Роза Шакирова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан