ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО РЕЙТИНГДИН САП БАШЫНДА

Учурда Кыргыз өлкөсүндө эс алууда жүргөн UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко UFC мушкерлеринин рейтингинде салмак категорияларына карабастан биринчи орунга жайгашты.

Буга чейин биринчи орунда жайгашкан бразилиялык мушкер Аманда Нуньес "UFC 269" турниринде Жулиана Пеньяга утулуп, чемпиондук курунан ажыраган. Мындан улам Валентина Шевченконун башкы атаандашы рейтингде үчүнчү орунга жайгашып, Валентина Шевченко биринчи орунга чыкты. Муну менен Валентина Шевченко өз салмак категориясында жана жалпы салмакта рейтингдин сап башынан орун алды. Ал быйыл сентябрда алтынчы ирет чемпиондук титулун коргогон.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан