Өткөн аптада Олимпиада оюндарынын 2 жолку чемпиону, орусиялык балбан Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудовду беттешүүгө чакырып, Махмудов анын чакырыгын кабыл алган. Андан кийин балбандар видео байланыш аркылуу маек курушуп, беттештин күнүн май айына белгилешерин билдиришкен эле.
14-декабрь күнү Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен Орусиянын Күрөш федерациясынын президенти
Михаил Мамиашвилин жолугушту. Тараптар жолугушууда эки өлкөдөгү спорттун күрөш түрү боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Анын ичинде Акжол Махмудов менен Роман Власовдун алдыда боло турган беттеши тууралуу да сөз болду. Балбандардын беттешинин уюштуруу ишин расмий түрдө эки өлкөнүн Күрөш федерациялары колго алганы кабарланды.
Динара Акимова