“Ай, тентектер, тентектер” дегидей эле бар булар. Жашообуз жайма-жай тартып бара жатканда жарк этип чыга калышып “бизсиз кызыксыз болуп бара жатабы, ыя?” дегенсип, элге улам бир хайпты кармата коюп талкууга түшүп жатып калышат. Бул сапар өзгөчө кылык-жоругу менен коомду “ойготуп” тургандар тууралуу сөз кылалы дедик. Өтө “серьёзный” болбой, саал жылмайып окуш керек муну...ХАЙП “ХАНЫШАСЫ” АНЖЕЛИКА
– Комузумду колго алып “чиңгил, чиңгил” деп күүлөп, “тентектер” тууралуу төгүп баштайын десем эле көз алдыма Анжелика тартылат десең. Эмнеге? Мен Толик болгону, Толик атка конгону Анжеликанын бир да концертинен калбадым. Сыртынан да байкап жүрөм, эмне деп гана элди дуу түшүрбөдү, чиркин ов. Башкасын тим койдум, былтыр эле “жигитим Дубайдан колумду сурады” деп бир толкутту, “кайра күйөөм менен жарашып жатам” деп эки толкутту. Ар бир “жаңылыгынан” кийин Анжелика жок эле дегенде 7 күн, 7 түн талкуудан түшпөйт. Айтор, “токуган” сайын токтоно албай эл менен кошо мен толкуйм десең. “Дагы кандай болуп кетер экен, фантазиябыз дагы кайсы жерге чейин жетер экен? Эмкиде колун Парижде сурайт болду бекен?” дейм авантюрист жаным. Туура эмес түшүнүп албагыла, Анжеликанын эмес, элдин фантазиясын айтып жатам. Тойго барсам, “Токе, сен баарын билчү элең, Анжеликанын үйүн чын эле ким сатып бериптир, ыя?” деп күйгүзүшөт, ай. “Мен кайдан билем, ботом?” деп кутулам. Болбосо Анжелика үйүн да, машинесин да жаны тынбай иштеп, өз эмгеги менен алып жатканын билем. Кыйынды кыйын деш керек, ээй, кыздары кыйын кыргыздын!АЙТЧУСУН “ЫСЫК” СҮРӨТТӨРҮНӨ КАТКАН АЙТБЕКОВА
– Башкасын билбедим, ушу Назира так эле “бактыбыз” үчүн жаралып калган, эй. Эл өрттөн качып баратса, Назиранын кайра өрттү көздөй чуркаган “тентектиги” да талкууну кызытат. Буга чейин да анын “бөдөнө тумшугу” даана билинген сүрөттөрү чуу жаратып, интернетте 2 жумадай талкуулаганбыз кыргыздар. Жакында дагы бир “ысык” сүрөттөрүн жарыялап жиберди эле, баса калдык. Диванда гана жатып алып өлкөнүн тагдырын каалагандай калчашкан “диванный эксперттер” бар го. Кимге тийишерин билбей жатышканда эле “булак” деп аппак дене кара костюмдан көрүнө калды эле, баса калышты. Назираны эмес, теманы. Мына сага, Кудай мындай бербестир, берсе да 1 жылда бир берет. Назира айтмакчы, ал “тентек” болбосо аялдар “өз денесине суктанганды” кайдан үйрөнмөк десең. “Олуттуу темага элдин көңүлүн бургум келди” дейт. Ооба, Назиранын кээ бир ойлорунда чындыктын үлүшү жатат. Бирок... Эмнеси болсо да эр экен деп калдым.САБАТЫҢДАН АЙЛАНАЙЫН, ЧЫПАЛАК
– Элдин эрмегине айланып, эч зериктирбеген дагы бирөө бар. Чыканак баатыр, ой, Чыпалак баатырыбыз турат, эмне дей аласыңар? Элдин көңүлүн буруш үчүн эмне гана кылбады бу “тентек”. Жумуртканы бүкүлү бойдон жутту, торпокту көтөрө чаап хайп жаратты. Кыздарга кастинг жарыялады, “акын болом” деди, “рэп айтам” деди, “ии” дедим. Бир күнү “депутат бол деп сунуштап жатышат” дегенде өчтүм. Өтө үнөмдүү, депутат болсо деле жарашат беле, атүгүл тамганы туш келди коротпойт. Мисалы, “демекчимин” деген кыргыздын жакшынакай сөзүн “дэмэкчмин” деп жазат, не болот эле ээ? Түшүнсөк болду да. Просточу, анын төмөнкү сүйлөмүн окуп бүткөн соң 5-10 мүнөт мээни эс алдырыш керек болот. Мына: “Дэпутатар 5 жлдн ичиндэ миланэр болуп бутка трушту ктурушуп . Эми жаңы шайлангандарды бүт тэкшэрип эскэ сактап иликтэп баштагла”... “ДЕМ БЕРЕМ” ДЕП КҮПҮЛДӨГӨН ГҮЛЗАТ
– Уктап жатсам эле “тур, тура гой, кыргызым” деп бирөө элди ойготуп жүрөт. Моюнга алыш керек, Гүлзатсыз кыргыз эли “кызуу уйкуда” жатканбыз. Колунан келишинче ойготту. Ойгонбой койгондорду даана “уктатты”. Угушумча, бирөөлөргө акча карыз болуп калыптыр. Шарт эле учактан кармаптыр дейби, ал жагын так билбедим. Бир билгеним, Гүкүбайым кайратын жоготпой бардык улуу адамдар өткөн жолду басып, түрмө... түй ата, аты куруп кетсин, "тиякта” отуруп көрөйүн дептир башты бийик көтөрүп. Каап деп калдым, ушу жадыраган кызды... “Мырзаларга 40 талабым бар” деген Гүлзат бир кезде жүрөгүн тээ Америка тараптан бир мырза багынтканын айтып жар салганда “бактылуу бологой” деп сүйүнүп алганымчы. Анысын элге бир-эки жолу көрсөткөндөн кийин дымы чыкпай кетти. Каап айе, тез эле оттору күйбөй калды деп уктум. Ооба, “быкшып эле түтөп эч күйбөй койду” дешти билгендер. Бирок ат жасап алды, Гүлзатты билбеген кыргыз аз азыр. Бир сыноо келген экен, чыдайгой... КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ НУРЛАН МОТУЕВ
– Охоо, бул кишиге саал олуттуураак караш керек. Саясатчы, спортчу, ырчы, деги койчу, бардык жагынан шык бар бу кишиде. Нурлан Мотуев мени менен тең өзү, мен минтип... Ал эми “зимой и летом, одним цветом” болуп Мотуев ошол боюнча. Кандай десек да Нурлан Мотуев деген ысым Кыргызстанда популярдуу. Тээ илгери эле популярдуу эле, азыр деле ошол толкунда. Мунун сыры эмнеде? Атын атабай эле азыр “көмүр королу” десең баары түшүнөт. Өзү айткандай, “аа” деп койсо деле анын видеолору миллиондоп көрүлөт. “Мужчины и в Африке мужчины” деген орустардын учкул сөзү бар го. Анын сыңарындай, эркиндикте да "тиякта" да Мотуев. Кыйын, мыкты бычакка сап жигит чынында, ажолукка чейин ат салышпады беле. Дух деген вагон! Анан да аны кыздардын сүйүп кала бергени кызык. Харизма деген харизма экен да, эмне дейбиз, бар болуңуз!
Ушуну менен токтоюн эми. “Списогум” узун негизи, убагы келсе калгандарын да жазабыз. Чымчып, тамаша-чын аралаш тийишип койгонумду “аа, баягы Толик сынчы тура” деп кечирип койгуңар бардыр, ээ?
Толик сынчы