ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ-2022

2022-жылдын символу – Кара суу Жолборсу. Жолборс активдүү жаныбар болгондуктан башкалар өзүн көрсөтүп туруусун талап кылат. Ошондой эле акылдуу, көрөгөч жандык. Ушул сапаттар сизде да болсо, Жолборс сизге берешен болуп берет. Бирок кимдир бирөө үчүн жыл бир калыпта өтөт, башкача айтканда, жаман да, жакшы да жыл болуп саналбайт. Жолборс чаар болгондуктан, жыл ар кандай сюрприздерге бай болот. Жылдын негизги символу 12 жыл белгисине эмнелерди убада кылат? Жылдыз төлгөгө баам салалы.


2022-жылдын стихиясы – Суу

Жылдын ийгиликтүү сандары – 1, 3, 4 жана ушулар кошулуп жазылган сандар

Жылдын ийгиликтүү өңү – көк, боз, кызгылтым, ал эми ийгиликсиз өңү – күрөң.

Жылдын ийгиликтүү датасы – 7-июль жана 10-октябрь

Жолборс жылында төрөлгөн жылдыздар – Мерилин Монро, Агата Кристи, Карл Маркс, Людвиг Ван Бетховен, Стиви Уандер, Марко Поло, Оскар Уайльд, Том Круз, Леонардо ди Каприо жана башкалар.

Сүйүүдө шайкеш келет – жолборс, балык, жылан, жылкы

Достукта жакшы мамиледе болот – чычкан, уй, коён, кой, ит

Мамилелерде кыйынчылыктар болушу мүмкүн – маймыл, тоок, доңуз

Чычкан

(1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020)

Чычкандар бул жылы жаңы иштерди баштабай, мурунку иштерди улантуу менен алектенсеңиз Жолборс ийгилигиңизге салым кошуп, сөзсүз колдойт. Эгерде сиз билимди жогорулатуу же жумуш ордун алмаштыруу жөнүндө көптөн бери ойлонуп жүрсөңүз, анда жаз мезгили ыңгайлуу. Жаңы багыт же башка жумуш орду өзүңүзгө болгон ишенимди жана каржыны көбөйтүүгө жардам берет. Бул жылы романтика коштогон мүнөттөр көп болот. Жаңы таанышуулар пайдалуу жакка өнүгөт. Түгөйүңүз бар болсо “каприздериңиз” менен кыйнабаңыз. Ден соолук жаатына келсек, өнөкөт оорулары барлар тамеки, ичимдиктерден оолак болгону туура.

Уй

(1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009, 2021)

Жыл окуяларга жана жаңы идеяларга бай болот. Жылдын февраль жана март айлары бизнес менен алектенгендер үчүн өзгөчө жемиштүү болот. Ар тараптан баш айланта турган сунуштар жаайт. Билимди жана тажрыйбаны туура колдоно алсаңыз ийгилик алып келет. Жыл каржы жаатында ийгиликтерди убада кылбайт. Уй жылындагыдай деңгээлде сакталат. Сүйүү жаатында жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жан биргеңизге жолугуп калышыңыз толук мүмкүн. Эгер сүйүктүүңүз бар болсо, анда баш кошуу тууралуу ойлонууга убакыт келди. Анткени бул нике абдан бекем жана бактылуу болушу мүмкүн. Жылдын экинчи жарымында жылдыздар ден соолукка кам көрүп, саякатка чыгууну сунушташат.

Жолборс

(1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010, 2022)

Жолборсту абдан жаркыраган жана окуяларга бай жыл күтүп турат. Бул жылы өзүңүзгө ишенимди бекемдеп, чоң энергияга ээ болосуз. Эски идеялардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн сизде жетиштүү ресурстар болот. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбасаңыз жеңишке жетесиз. Азыртан баштап өз келечегиңизди курууга киришсеңиз болот. Анткени сиз алдыдагы 12 жылдын пайдубалын түптөп жатасыз. Ошондуктан кийинки жылдары жашооңуз кандай нукта өнүгөрү бир гана сизден көз каранды. Чыгымга өзгөчө көңүл бурушуңуз керек. Капчыгыңыз куру калбашы үчүн чыгымды азайтып, сарамжал болуңуз. Кошумча каржы булактарына муктаж болуп калышыңыз мүмкүн. Сүйүүдө, бизнесте 6-туюмуңузга ишенсеңиз, жаңылбайсыз. Ден соолук жаатында өнөкөт ооруларга алдын ала кам көрсөңүз олуттуу маселе жаралбайт. Негативден оолак болуу үчүн йога, медитация менен алектениңиз.

Коён

(1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011)

Сиз бүдөмүк жыл алдында турасыз. Кээде өзүңүздү ийгиликтин толкунунда сезип, ийгиликтин артынан ийгиликке жетүү мүмкүн, бирок кээде тоскоолдуктарга да туш болосуз. Кыйынчылыкка багынбай күрөшүү үчүн жаңы ыкмаларды издеңиз. Жылдын экинчи жарымында тайманбастан жетекчиликке кирип жаңы идеяларыңызды сунуштасаңыз ийгилик алып келиши мүмкүн. Айланаңыздагы адамдардын жардамына да кайдыгер карабаңыз. Кандай гана кырдаал болбосун, сиз үчүн кыйын учурда колдоо көрсөтө турган пикирлеш адамдарды табасыз. Каржы жаатында күтүлбөгөн жагдайларга туруштук берүү үчүн катылган акчаңыз сөзсүз болушу керек. Жүрөгү сүйүүгө суусап жүргөндөр түгөйүнө жолугат. Үй-бүлөлүүлөр эмоциясын тизгиндебесе эки ажырым жолго түшүү коркунучу бар. Жумуштагы жана үйдөгү кыйынчылыктардан эмоционалдык чарчоо пайда болушу мүмкүн. Буга жол бербөө үчүн эс алууну да унутпаңыз.

Балык

(1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012)

Келе жаткан жыл сизден өзгөчө активдүүлүктү талап кылат. Өзүңүздү көрсөтө турган көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Эгер жалкоолонсоңуз, анда Жолборс андан башка аракеттерге түрткөн жолду таап берет. Сиздин аракеттериңиз мүмкүн болушунча так болушу керек. Алдыңызга чоң максаттарды койсоңуз 2022-жылдын ээсинен колдоо табасыз. Жолборс жылынын биринчи айынан баштап каржы агымынын келе баштаганын сезе аласыз. Бирок акча сизге бекер келбейт. Эгерде сиз көп киреше алууну кааласаңыз, анда ишти колго алып, тажрыйбаны өнүктүргөн тренингдерге баруу керек. Сүйүү жаатында Жолборс сиздин туруктуулугуңузду сынап көрөт. Ошондуктан түгөйүңүздүн көзүнө чөп салгандан оолак болуңуз. Жүрөгү боштор үчүн түгөйүн табууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ден солукка кам көрүү үчүн иммунитетти бекемдөө сунушталат. Майлуу тамактардан, ден соолукка зыян келтирген адаттардан арылыңыз.

Жылан

(1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013)

Жылан менен Жолборс оңой эмес мамиледе. Жолборс жөнөкөй байкоочу болууну жана Жыландын жашоосуна түздөн-түз таасир этпегенди жакшы көрөт. Бул жашооңуздун багытын өзүңүз каалагандай түзө аласыз дегенди билдирет. Жыландар үчүн максималдуу түрдө ар кандай жолдор жана мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Алардын ичинен оптималдуу жана кызыктуу вариантты тандай аласыз. Жыландар айрыкча чыгармачылык аркылуу өздөрүн көрсөтүп, жаңы билимдерге ээ болуу аркылуу ийгиликтерге жете алышат. Спортто да ийгилик айланып өтпөшү мүмкүн. Каржы жааты май айынын акырына чейин туруктуу болот. Күзүндө чоң өлчөмдөгү акчалуу болушуңуз ыктымал. Жүрөгү бош Жыландар сүйүүсүн табышат. Үй-бүлөлүү жубайлар негативдүү ойлордон алыс болушса, мамилелери бекем болот. Жыл ичинде дем алуу органдарынын ооруларынан сактаныңыз.

Жылкы

(1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014)

Жылкылар ойлогон пландарын ишке ашыруу үчүн жетишерлик энергияга ээ боло алышат. Кызмат ордунан көтөрүлүүгө көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жылдын биринчи жарымында жашооңузга өзгөрүүлөр кирет. Каржы маселеси иштеп тапканыңызга жараша болот. Астрологдор карызга батып калбоо үчүн жылдын биринчи жарымында чыгашаны азайтууну сунушташат. Баш айланткан сүйүүгө кабылышыңыз мүмкүн. Жубайлар түгөйүн барктоону, ишеним көрсөтүүнү үйрөнүшөт. Жылдын экинчи жарымында ден соолугуңузга кам көрүүнү унутпаңыз, алдын алуу чаралары ашыкча болбойт. Маселе аз болушу үчүн башкалардын көйгөйлөрүнө кийлигишпеңиз.

Кой

(1955, 1967, 1979, 1991, 2003, 2015)

Койлор эмоцияга алдыра берүүдөн улам чоң көйгөйлөргө туш болушат. Импульсивдүү чечимдер жана кайым айтышуулар айланадагы адамдар менен мамилеңизди солгундатып, жаңы көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда так жана активдүү иштесеңиз, жайында кызматтан көтөрүлүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт. Материалдык жактан ийгилик күтүлөт. Эгерде бактылуу мамиледе болууну кааласаңыз, анда жан биргеңиз үчүн жакшы жакка өзгөрүүгө даяр болушуңуз керек. Бул сыноодон өтүп кетсеңиз, баары жакшы болот. Кыйын кырдаалда жакындарыңызга кайрылып колдоо жана кеңеш алууну унутпаңыз. 2022-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынын, аллергиянын жаралышынын алдын алыңыз.

Маймыл

(1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016)

Жолборс жылы ийгиликтерге курчаласыз. Чыгармачыл идеяларды ишке ашыруу үчүн акча жана тааныштардын колдоосу жетиштүү болот. Жайдын аягында айрым Маймылдар “жумуш ордумду туура тандадымбы?” деп күмөн санай башташат. Бул маселени мүмкүн болушунча тезирээк чечсе каржы жааты жакшырат. Акча агымы көбөйөт, бирок астрологдор унаа, же жер тилкеси, же үй алуу максатында акчаны топтоону, бейчеки корото бербөөнү эскертишет. Сүйүү жаатында көйгөйлөр жаралбаш үчүн эмоцияңызды башкарганды билиңиз. Маймылдардын бул жылы сүйүктүүсү менен мамилеси турукташат. Ден соолукта чоң көйгөйлөр жаралбайт. Эмоцияларга алдыруудан, стресстерге туш болуудан качыңыз. Маанайдын өзгөрүшү жалпы ден соолукка таасир этет.

Тоок

(1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017)

Жолборс жылы сиз үчүн абдан жагымдуу болот. Жаз айы ийгилик жана береке сиз тарапта болот. Эгерде жумушту туура пландаштырсаңыз зоболоңуз көтөрүлөт. Бул багытта өнүгүү менен бирге татыктуу каржылык агымга туш болосуз. Акчаңызды сактап же долбоорлорго инвестиция кылуу туура чечим болот. Астрологдор өнөктөштүк келишимдерине кол коюудан мурун майда тамгалар менен жазылган шарттарды кылдаттык менен окуп чыгууну сунушташат. Сүйүү мамилеси жакшы нукка бурулат. Тоокторго үй-бүлөсү менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ал эми жалгыздар жылдын экинчи жарымында сүйүктүүсүнө жолугуусу толук мүмкүн. Жолборс жылында тамак сиңирүү системине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ашказан-ичегинин иштешин турукташтыруу үчүн диета кармоо сунушталат.

Ит

(1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018)

2022-жылы каалаган натыйжага жетүү үчүн жетиштүү күч-аракет жумшоо керектелет. Улам бир ишти кийинкиге калтыра бергендер максаттарын ишке ашыра албай калуулары ыктымал. Тытынып иштегендердин каржылык абалы жакшырат. Кирешелер сиз күтпөгөн жактан да кирет. Сүйүү мамилесин түзүү үчүн демилгени колго алышыңыз керек. Ошондо көз жаздымда калбайсыз. Мамиле үчүн эң жакшы убакыт – август, сентябрь айлары. Үй-бүлөлүү Иттер түгөйлөрүнө азуусун көрсөтүүнү токтотсо гана мамиледе гармония орун алат. Жолборс жылында ден соолугуңузга кам көрүшүңүз керек. Ооруп калбоо үчүн иммунитетти бекемдөөнү, спорт менен алектенүүнү унутпаңыз.

Доңуз

(1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019)

Бул молчулуктун жана ийгиликтин жылы. Каржынын туруктуу болушу, кызмат ордунан жогорулоо күтүлүүдө. Бирок айланасындагы арамза жана абийирсиз адамдар Доңуздун жетишкендиктерин пайдаланууга аракет кылышат. Андыктан чөйрөдөгүлөргө кылдат болуп, кара мүртөз адамдарды аныктап алсаңыз жакшы. Жылдын экинчи жарымында сарамжал сапатыңыз жыл бою каржы агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Сүйүү фронтунда жалгыз Доңуздар түгөйүн табышат. Ал эми үй-бүлөлүүлөр чыр-чатагы жок бактылуу болушат. Ден соолук үчүн негизги коркунуч – бул ашыкча стресс болуу. Эмоцияны көзөмөлдөп, оор басырыктуу болууга тырышуу керек. Жазында витамин жетишсиздигинин алдын алып, жашылча-жемиштерге басым жасап, витамин комплексин ичүү сунушталат.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан