Жаңы жыл жакындаган сайын кожойкелерде “майрамдык дасторконго эмне жасасам?” деген ой жаралат. Дасторконго кирип келе жаткан жылдын ээси – жолборстун табитиндеги тамактарды коюуну сунуштайбыз.
КАЙСЫ ТАМАКТАРДЫ СТОЛГО КОЙГОНГО БОЛБОЙТ?
Ачуу соустар. Жолборс суюк тамактарды жакшы көргөнү менен, ачуу соустарды жактырбайт. Тамак-аштын даамын чыгарчу ачуу татымалдардан да баш тарткан туура. Анткени жыл ээси тамакта табигый даамдын сакталышын каалайт.
Деңиз жандыктары. Краб, креветка сыяктуу деңиз жандыктарынан жасалган салат, закускелерди койбогонуңуз оң. Электр мешине бышкан көлөмдүү балыктарды коюуга болот.
Газдалган суусундуктар. Газдалган суусундуктардын бардык түрү жолборс сүйбөгөн суусундуктарга кирет. Мышык бир нерседен корккондо тырмактарын даярдап, кырылдаган үн чыгарып чабуул жасаганга өтөт. Андыктан үн чыгарган суусундуктар ийгиликти качырат деп айтышат астрологдор. Анын орду на башка табигый суусундуктарды коюңуз.
Уй эти. Жолборс жырткыч жаныбар, этти жакшы көргөнүнө карабастан уй этин дасторконго коюу сунушталбайт. Бул ырым жолборсту жеңип койгон бука тууралуу уламышка байланыштуу келип чыккан.
КАЙСЫ ТАМАКТАРДЫ КОЮУ КЕРЕК?
Ысык тамактар. Жолборстун баалаган тамагы эт болгондуктан кой этинен шишкебек, стейк жасап, ал эми тоок этин маринаддап электр мешине бышырсаңыз болот.
Салаттар. Эт кошулган салаттарга басым жасаңыз. Ышталган колбаса, сыр, жашылча аралаштырып салат жасасаңыз болот. Ачуу соустардын ордуна майонез же каймак колдонуңуз.
Закуске. Эттен, жашылча, жумурткадан жасалган рулет, закускелерди койсоңуз жаңылышпайсыз.
Десерт. Жолборс таттууну жактырбайт, андыктан столго татуу торт, пирогдорду коюу сунушталбайт. Десерттин ордуна сырдын жеңил түрлөрүн, жаңгак, экзотикалык жемиштерди коюңуз.
БООР МЕНЕН ЫСЫК САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Боор (койдуку) – 200 грамм
Руккола – 100 грамм
Баклажан – 1 даана
Картошка – 1 даана
Болгар калемпири – 2 даана
Черри помидору – 5 даана
Зайтун майы – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Соя соусу – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 чай кашык
Туз – татымына жараша
Күнжүт каалооңузга жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Боорду жука кесип, узун тик бурчтук кылып бөлүп, соя соусун, даам берүүчү татымалдардан кошуп 3-4 саатка маринаддап коёбуз.
2. Маринаддалган боорду зайтун майына кууруп алып, даяр болгонго 5 мүнөт калганда кумшекерди кошобуз.
3. Баклажан, картошка, жашыл болгар калемпирин өсүмдүк майына өз-өзүнчө кууруп алуу керек. Ага мурун куурулган боорду аралаштырабыз. Үстүнө кызыл болгар калемпирин, черри помидорун, соя соусун, туз кошуп, баарын 3 мүнөттөй кууруйбуз. Тарелкаларга рукколаны төшөп, үстүнө ысык салатты салабыз. Рукколаны салат жалбырагы менен алмаштырсаңыз болот. Даяр болгон салаттын үстүнө күнжүт себелеп, дасторконго коюңуз.
«САН-ЛОРЕНЦО» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 200 грамм
Бадыраң – 1 даана
Кара өрүк кагы – 80 грамм
Грек жаңгагы – 80 грамм
Жумуртка – 2 даана
Ун – 2 аш кашык
Салат жалбырагы – 100 грамм
Каймак – 150 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Укроп – каалоого жараша
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Маринад үчүн:
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Шарап уксусу – 1 аш кашык
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин 2 саатка маринаддап коюу керек. Андан соң фольгага ороп электр мешине салып, 180 градустагы ысыкта 30 мүнөт бышырып алуу керек.
2. Жумурткага ун, туз кошуп чалып, куймак бышырып, аны ичке туурайбыз.
3. Бадыраң, тоок этин, кара өрүк кагын төрт чарчы туурайбыз. Жаңгакты майдалап, салат жалбырагын узун чоңураак бөлүктөргө бөлөбүз. Тууралган азыктардын баарын аралаштырабыз.
4. Майда тууралган укроп, сарымсакты жана лимон ширесин каймакка кошуп, аны менен салатты аралаштырабыз.
«ЖОЛБОРСТУН БАЛАСЫ» САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти – 300-400 грамм
Пияз – 2 даана
Сабиз – 2 даана
Жумуртка – 4 даана
Сыр – 150 грамм
Кара өрүк кагы – 100 грамм
Бадыраң – 2 даана (туздалган да жарайт)
Паприка – 1 чай кашык
Сарымсак – 2 тишче
Майонез – 250 грамм
Өсүмдүк майы – 100 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин майда төрт чарчы кылып туурап, майга кызарта кууруп чыгарып коёбуз. Андан соң майда тууралган пиязды кууруп чыгарып, ошол эле майга сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизди салып кууруйбуз. Ага паприка кошуп, татымына жараша туз салабыз.
2. Бадыраң, сыр, сууга бышкан жумуртканы сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Жайык табакка майонез менен жолборстун башынын формасын тартып алабыз. Чийилген форманын ичине алгач куурулган этти, үстүнө пиязды, андан соң жумуртка, бадыраң, майдаланган сарымсакты, сырды үстүнө кат-кат жайгаштырабыз. Араларына майонез сүйкөлөт. Эң үстүнө сабизди салабыз.
4. Кооздоо: Сырдан тегерекче кесип мурдун, кулагын жасайбыз. Майда тууралган кара өрүк кагынан жолборстун темгил сызыктарын, көзүн жасайбыз. Даяр болгон соң салатты 2-3 саатка муздаткычка салып коёбуз.
Лунара Бекиева