ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-ДЕКАБРДАН – 26-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Никедеги түгөйлөрдүн мамилесин бекемдөөгө ыңгайлуу апта. Үй-бүлөңүз менен алыстагы тууганыңыздыкына конокко барууңуз күтүлөт. Аптанын экинчи жарымын жумушуңуздагы көйгөйлөрдү жөнгө салууга жана каржы маселеңизди чечүүгө жумшайсыз. Жетекчиңиз менен кайым айтышпай, анын берген тапшырмасын так аткарсаңыз сизди жаңы жылдык сыйлык күтөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Буга чейин оору менен алышып жүргөндөрдүн ден соолугу жакшырып, мурунку калыбына келүүсү күтүлөт. Аптада психологиялык жана физикалык жаман адаттарыңыздан арылууга бел байласаңыз болот. Тамеки чегүүнү таштоону каалап жүрсөңүз аракетти ушул жума баштаңыз, жакшы жыйынтык берет. Билимге умтулуп, тил жана жаңы кесипти өздөштүрүүнү каалагандарды да ийгилик коштойт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада аракетиңизди балаңызды туура тарбиялоого, анын айрым жүрүм-турумундагы кемчиликтерди оңдоого жумшайсыз. Никедеги түгөйлөр өмүрлүк жары айткан маселеге көңүл бөлсө жана чечсе кийин өкүнбөйт. Аптанын экинчи жарымында тиричилик буюмдарды көрсөтмөсү менен колдонгонго аракет кылыңыз. Болбосо кырсык болушу күтүлүүдө.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үйүңүздөгү жана жумушуңуздагы иреттүүлүк ден соолугуңузга оң таасирин берет. Андыктан оңдоп-түзөө иштерин жасап, буюмдарды иретке келтирип, керексиз буюмдарды ыргытыңыз. Аптада жакын адамыңызды таарынтып алып, аны менен жараштыруу үчүн тууганыңыз ортомчу болушу мүмкүн. Эс алуу күндөрү шерине же жолугушуу кечесине барууңуз күтүлүүдө.


АРСТАН (23.07-23.08)

Романтикалык таанышууга бай, майрамдык белек сатып алууга ыңгайлуу апта. Көңүлүңүз көтөрүлүп, жума бою жакшы маанайда жүрөсүз. Жумушта документ иштерине байланыштуу маселелер жаралып, сизди убаракерчиликке салышы ыктымал. Жалгыз бой арстандар күтүүсүз таанышуу, жолугушууларда баамчыл болуңуз, анткени болочоктогу түгөйүңүздү жолуктуруп калууңуз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Материалдык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылыңыз. Айрыкча банктан же бирөөлөрдөн насыяга акча алууда абайлаңыз, төлөгөнгө келгенде кыйналып калышыңыз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында сүйүктүүңүзгө сюрприз жасап, романтикалык кечеге чакырыңыз. Дарегиңизге айтылган мүнөзүңүздөгү айрым кемчиликтерден арылууга аракет кыласыз. Бийкечтер жарынын талабы менен эсептешүүсү кажет, болбосо чыр чыгат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада жакындардын, туугандардын иштерин бүтүрүп, өзүңүздүкүн бүтүргөнгө үлгүрбөй каласыз. Өмүрлүк жарыңыз менен үй-бүлөдөгү каржы маселесинен улам ызы-чуу орун алышы мүмкүн. Дипломдук иш жазуу, илимий иш жактоо сыяктуу иштерин баштагандарды ийгилик коштойт. Эс алуу күндөрүн үйдө, тынчтыкта, сүйүктүү чыгармаңызды окуу менен өткөрүңүз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кирешеңиз көбөйүп, үйүңүзгө чоң буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Мындан улам үйүңүздө мамилелер ширелишип, сизди жаңы эрдиктерге түртөт. Жумушта моюнуңузга көп иш жүктөп алып, кыйналып калбаңыз. Уурулардан сактанып сыртка буюм калтырбаңыз. Дем алыш күндөрү үй-бүлөңүз менен театрга же көңүл ачуучу жайларга барып эс алыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптадагы ийгиликтердин көбү сиздин көзөмөлүңүздөн жана көңүл бурууңуздан көз каранды. Андыктан бирөөгө ишенип тапшырган жумушту көзөмөлдөп, эч бир жагдайды көз жаздымда калтырбаганга аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында чыгашаңыз менен кирешеңиздин эсеп-чотун чыгара албай убара болушуңуз ыктымал. Дем алыш күндөрү план, максаттарыңызды кайра карап толуктайсыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Ыңгайлуу жайда, тынчтыкта эс алууга көңүл бөлүңүз, сиз үчүн жан дүйнөнүн тең салмактуулугу маанилүү. Аптада чыгармачыл текечерлер буга чейин бышырып жүргөн идеясын же максаттарын ишке ашыруусу күтүлөт. Үйдөгүлөргө дем алыш күндөрү алар каалаган тамагын жасап берип жакшы маанай тартуулашыңыз мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада алдыга жаңы пландарды коюп, аны ишке ашыруу жолдорун ойлоносуз. Сүйүү мамилесинде чоң өзгөрүүлөр орун алат. Бойдоктор сүйүктүүсүнүн колун сурап, турмуш куруу сунушун киргизиши мүмкүн. Өнөкөт оорусу барлар сак болушу зарыл, оорунун башталуу белгилерине дароо реакция кылбаса күчөтүп алышат. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүз менен кызыктуу кино көрүп, маселелерди талкуулап өткөрүңүз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Чечилбеген маселеңизди сиз күтпөгөн адамдар чечип беришет. Жумушуңузда, жеке жашооңузда болуп жаткан маселелерди ичке катып жүрө бербей, ата-энеңиз, жашы улуу туугандарыңыз менен бөлүшкөнүңүз туура. Алардын сизге караганда турмуштук тажрыйбасы мол болгондуктан сабак болчу кеңештерди берип калуусу мүмкүн. Апта аягында достор, курдаштар менен эс алууңуз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан