Жумуштун майын чыгара иштөө, анын үзүрүн көрүү – бул чоң жетишкендик. Каарманымдын чачтарачтык кесипти тандашын башында көпчүлүк жактырган эмес. Ал башкалардын ою менен эсептешпестен өз ишин өнүктүрүүгө күч-аракетин жумшай берген. Мына ошол жөнөкөй чачтарачтан өлкөдөгү белгилүү стилистке айланган Тилек Бекболотов биздин “Кесип” рубрикабызда конокто.
– Саламатсызбы, кеп башынан болсун, кайсы жердин кулунусуз?
– Мен Кара-Балтадан болом. Эки бир тууганбыз, эжем бар. Ата-энем бизди тыя бербей, эркин чоңойтту. Атам малчы болгон, убагында кой кырккандан биринчи орунду алчу, бир күндө жүзгө жакын кыркып койчу. Эжекем “атамды тарткам деп айтпайсыңбы, ал кой кыркса сен чач кыркасың” деп күлүп калат (күлүп). Карап көрсөм, апам деле чач кыркчу экен.
– Өлкөдөгү белгилүү стилисттердин бирисиз, баары эмнеден башталды?
– 7-8-класска чейин чачымды апам эле кыркып берчү, 8-класска чейин жакшы окуп, мектепте абдан активдүү болчумун. Кийин сабактан көп качып, баштагыдай окубай калдым. Бүтүрүү кечесине дагы барбай койгом. Орто мектепти бүткөндөн кийин компьютердик курска, англис тили курсуна бардым. Кийин Кара-Балтадан Александра деген орус эжеге барып, ошондон эки айдай чач кыркууну үйрөндүм. Иштеп баштадым, кардарлар көбөйө берди. Туура кыркып жатамбы, туура эмеспи, өзүм деле билбейм, айтор, кардарларга жагып жатты. Чач кырккан жерибизде эч кандай деле шарт жок, сууну кипятильникке ысытып алып баштарын жуучубуз. Ошол жакта Наргиза деген кыз менен чогуу иштечүмүн. Анан эле ал жок болуп кетти, бир күнү социалдык тармактан жазышып калдык. Ал “Алматыга кетип калгам, сен дагы бул жакка кел” деп чакырып калды. Алматыга жөнөп кеттим. Ошол жакка барып өз ишин мыкты билгендерден чачтарачтык кесипти терең үйрөнгүм келди. Семинарларга калтырбай катышып жаттым. Ар бир семинар 100 миң теңге болчу, ага акчаны кантип тапчумун деп азыр ойлонуп калам.
– Кыйналган күндөр да болсо керек?
– Бир учурда окуп да, иштеп да жаттым, кыйналган күндөр да болду. Ишим турукташып калганда “үйдү жасата бериңиздер” деп ата-энеме 3 миң доллар жөнөтсөм, алар “бул каяктагы акча?” деп таң калышкан. 2010-жылы Алматыда алгачкы жолу бир миллион сом иштеп тапкам. Ишибизди баалап, жетекчилик жашаган батирибизди төлөп берчү. Окууну бүтүрүп, чач кыркуунун 8 түрүн камтыган АВС даражасындагы диплом алдым. Бишкек боюнча алып караганда, дипломдуу чачтарачтар аз, көбү сертификат менен иштешет.
– Бишкекке качан келдиңиз, шоу-бизнес өкүлдөрүнө кандайча аралашып кеттиңиз?
– 2013-жылы Алматыдан “Стиль академиясы” деген журналдын Бишкектеги өкүлү болуп дайындалып, Бишкекке келдим. Анда азыркыдай социалдык тармактар жок, жасаган ишибизди журналдарга чыгарган мода болчу. Шоу-бизнес өкүлдөрү менен таанышып, алар менен иштешип, жаңычылдык киргизип, өзгөчө образдарды алып чыктым. Аларга жумуштарым жага баштады. Чоң-чоң долбоорлордо чачтарды жасалгалап өзүмдү тааныштырып жүрдүм. Кызматташуу аркылуу чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар менен мамиле түзүлүп калды.
– Клиптерден дагы көрүп калабыз, бул жаатка кызыгасызбы?
– Бир учурда кызык болгон. Азыр ырчы, актёр болгум келбейт. Дегеним, ар ким өз жумушун бийик деңгээлде билгени жакшы. “Клипке тартылып берчи” деп суранганда тартылып берем.
– Чачтарачтык кесипти аркалап жүргөнүңүзгө 16 жыл болуптур, демек, бул кесиптен өзүңүздү таптыңыз дегендикпи?
– Бул кесипти тандаганымды көп эле туугандар колдогон эмес. Алматыдан биринчи миллионду иштеп тапканда өзүмө баа берип, ошондо жумуш эркек-аялдыкы деп бөлүнбөсүн түшүндүм. Жумушуңдун майын чыгара билип, жакшы жагынан атыңды чыгарсаң эмнеге болбосун? Москвага барып кыш ташыганча таза, жылуу-жумшак жерде кардарлар менен пикир алышып иштеген жакшы эмеспи. Алсак, чачтарач, ашпозчулук аялдарга гана тиешелүү деген түшүнүк туура эмес. Мурдатан эле булар эркектин жумушу. Аялдыкы дей берген – бул жөн гана жалкоолук, шылтоо. Чалынып жыгылып, кайра туруп басып эмгек менен ушул деңгээлге жеткенден кийин башка бирөөнүн оюн кабыл албай деле каласың.
Бирөөлөрдүн кол алдында иштедим. Болбойт экен, акыры өзүмдүн студиямды, окуу борборумду ачтым. Мен бул ишимден эс алам. Эл-жер көрөм, Орусия, Казакстанды айтпаганда, ишимдин арты менен Японияга чейин бардым. Түркиянын ар кайсы шаарларына барып масстер-класстарды өтүп турам. Чет өлкөдө мени баалашат.
– Кардарыңызды көрүп, ага кандай кыркуу жарашарын баамдап коёсузбу?
– Менде ишти жасаар алдында көрүү таланты бар. Чач кандай кесилбесин ар бир бет түзүлүшкө ылайыктуусу бар. Мисалы, карэнин 8 түрү бар. Бир түрү сөзсүз бет түзүлүшүнө жарашат. Кыркуунун кандай түрү болбосун кардарга туура тандап берүү – биздин негизги жумушубуз. Муну жогорку деңгээлде өздөштүрүү керек. Туш келген эле чачтарачка барып кестире бербей, анын ишине баам салып карап чыгуу зарыл.
– Аялзаты менен иштешүү оорбу?
– Оор же жеңил деп айтпайм. Ар кайсы чөйрөнүн өкүлдөрү келишет. Колумдан ким гана өткөн жок. Айрымдар үйүнө чакырышат, бирок менин бирөөнүн үйүнө барбайм деген принцибим бар. Бир жолу чыккам, мага эч жаккан эмес. Көпчүлүк мени “жылдыз” деп ойлоп алышкан. Келгендер “ой, сени бой көтөрөт, “жылдыз” болуп кеткен десек, сен жөнөкөй эле жигит турбайсыңбы” деп көп айтышат.
– Жеке жашоо кантип жатат?
– Ооба, бул эң актуалдуу тема. Бирок мен шашылбайм, өзүмдүн адамымды али таба элекмин. 2014-жылы унаа кырсыгына кабылгам. Ошондон кийин жашоодогу эң маанилүү нерселерди түшүнүп баштадым. Жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Каалаган нерсемди аткарып жашап баштадым. “Эл эмне дейт?” деген нерсе мен үчүн эмес.
Динара Акимова