Бишкекте өткөн фестивалдардын биринде кийиз бетине түстүү жүндөр менен сүрөт жаратып отурган эже көзүмө урунду. Кийизге үлгүсүн түшүрбөй эле, дароо жүндү ийне менен жайгаштырып сүрөт тартып жатат. Өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган Токтобүбү Мүсүрбаева Ысык-Көлдөн болот. 6 жылдан бери кийизге сүрөт түшүрүү менен алектенет.
“ЖАКШЫ ОКУГАНДЫГЫМ ҮЧҮН ФАКУЛЬТЕТТЕ МУГАЛИМ БОЛУП КАЛГАМ”
– Мен 1953-жылы Түп районунун Корумду айылында төрөлгөм. Мектепти бүтүрүп Каракол шаарына келдим. Педагогикалык институтта көркөм графикалык факультет жаңы ачылган экен, ал жакка өтүп кеттим. Окууну бүтүп жатканда дипломдук ишиме Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” чыгармасындагы Танабай менен Гүлсарыны тартып, дипломдук ишимди коргогом. Жакшы окугандыгым үчүн факультетте мугалим болуп калдым. Иштеп жүргөндө Москва, Ленинградга тажрыйба топтоого барып турдум. Кийин окуу жайдан кетип, Ак-Суудагы айылдык мектепте сүрөт, кол эмгек сабактарынан сабак бере баштадым. Ошол кезде кол эмгек сабагы боюнча окуу программасын иштеп чыккам, ал мугалимдер гезитине чыгып, өлкөдө көп мугалимдер ошол программа менен иштеп жүрүштү.
Мени облустук билим берүү бөлүмүнө чакырып, эстетикага тарбиялоо деген лаборатория ачып беришти. Ал жакта көркөм өнөр боюнча класстарды ачтык. 1993-жылы көркөм өнөр боюнча программа иштеп чыгып, мектептерде көркөм өнөр деген сабактар берилип баштады. 1992-жылы Каракол шаарындагы эстетикалык окуу-тарбиялоо борбору ачылды. Мен ал жакты жетектеп турган кезде Майрам Акаева “борборду жалпы билим берүү борбору кылып ачалы” деп сунушун айтып, 2000-жылдан кийин билим берүү борбору болуп иш алып бара баштадык. Түрдүү ийримдер ачылды. Ал жакты 19 жыл жетектедим, 6 жыл завуч болуп эмгектендим. Азыр ошол борбордо балдарга сабак берүү менен алекмин.
“КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНАН УЛАМ БУЛ ИШКЕ КЫЗЫКТЫМ”
– Кийизге сүрөт түшүрүүнү өздөштүргөнүмө 6-7 жыл болду. Жетекчилик, билим берүү менен алек болуп жүрүп, чыгармачылыкка көңүл деле бөлгөн эмесмин.
Биздин окуу борборго бир жигит келип иштеп калды, анын кийизге сүрөт түшүрүп жатканына кызыгып “мага дагы үйрөтчү” дедим, ал көрсөтүп берди. Негизи кийиз менен иштөө кичинемден эле тааныш, апам кийиз, шырдак жасачу, жардам берчүмүн.
Алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз элинин маданиятын, тарыхын көрсөтүш керек деп, кыз куумай, жылкылардын чуркап баратканын, аңчылык, айтор, көчмөн элдин турмушун чагылдырган сүрөттөрдү кийизге түшүрүп бардым. Андан кийин ар кандай темада ишимди өркүндөтө бердим. Фестивалдан биринчи орунду алып, Индияга бардым. Чыңгыз Айтматовдун портретин кийизге түшүрүп, көргөзмөгө койгом. Жактырып сатып алышкан. Азыр кандай сүрөт суранышса, ошону түшүрө берем. Ар бир сүрөттү баштап жатканда өзүнчө тема коюп алам. Таза, нукура кийизге, кытайдын кийизине деле түшүрөм. Нукура кийиз менен жасалгандар кымбатыраак болот.
Кийизге сүрөттүн элесин түшүрүп алам, анан керектүү өңдөгү жүндү коюп, ийне менен түшүрөм. Кийиздин өзүнүн ийнеси бар. Кээ бир сүрөттөрдү кийизге сүрөтүн калем менен түшүрбөй туруп, жүндү коюп эле баштап кете берем. Мен өзү жылкыларды тартканды жакшы көрөм, атты жакшылап тартуу үчүн жылкылардын ар бир кыймылын карап тартам. Чет өлкөдөн дагы буюртма кылышат, почта аркылуу салып жиберем. Германиядан, Арабиядан, башка жактардан көп эле чет элдик туристтер алып кетишет.
Динара Акимова