Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык маанайдагы саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМК тарабынан кармалып, камакка алынды. Маалыматка таянсак, экс-депутат “Манас” аэропортунан Сауд Арабияга кичи ажылык зыяратына учканы жаткан учурда токтотулган. УКМКнын маалыматына таянсак, экс-депутат "аймактар аралык кастыкты козутту" деп айыпталууда.