Өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча жаңы концепция даярдалганын айтат Настаев. Документ тармактагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштайт. Мисалы, “кара тизмеден” чыгуу, өлкөнүн бардык аймактарын аба каттамдары менен камсыздоо, кичи авиацияны өнүктүрүү өңдүү маселелерди карайт. Маалыматка таянсак, жолугушууда авиация тармагында кызматкерлерди даярдоо жана ишке орноштуруу жаатындагы көйгөйлөр, жарандык авиацияны башкаруу органдарын реформалоо боюнча пландар дагы айтылды.
Кыргыз авиакомпанияларынын учактары 2006-жылдан бери Европа мамлекеттерине уча албайт. Кыргыз тарап буга чейин “кара тизмеден” чыгууга аракет кылган. 2018-жылы өлкөгө Эл аралык жарандык авиация уюмунун адистери келип, текшерүү жүргүзүшкөн. 2019-жылы “кара тизмеден” чыгуу пландалып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Коңшу Казакстан да аталган “кара тизмеге” илинип калып, ири суммада акча төлөп чыкканы айтылган эле.
Лунара Бекиева