УКМК: АСКАР АКАЕВГЕ “КУМТӨР” БОЮНЧА ЖАҢЫ АЙЫП ТАГЫЛДЫ

Мурдагы президент Аскар Акаевге “Кумтөр” иши боюнча жаңы айыптар тагылды. Бул тууралуу 21-декабрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Мекеме “Кумтөр” боюнча Аскар Акаевге коюлган бардык айыптар алынды” деп коомчулукка тараган маалымат жалган дейт.

– "Кумтөр" иши боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатат. Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишимди түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды. Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өз күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатат. Анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылган. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет. Ошондуктан Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. УКМК жарандарды өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого дагы бир ирет чакырат,- деп айтылат маалыматта.

Аскар Акаев өзү да орусиялык басылмалардын бирине маек берип, Кыргызстанда суракка алынган жагдайы тууралуу айтып берди. Маегинде ал "укук коргоо органдары менен тыгыз иштештим, учурда Кыргыз өлкөсү тарабынан мага эч кандай доомат жок. Бардык иштер жабылды. Эми Кыргызстанга башка жарандардай эле каалаган убакта бара алам" деп билдирген.

Айта кетсек, 16 жылдан бери Орусияда баш калкалаган Аскар Акаев жарым жыл ичинде өлкөгө эки жолу келип кетти.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан