Ильяз Андаш, ырчы: «ЫРЧЫЛАР ЭЛДИ ЭЭРЧИБЕЙ, ТЕСКЕРИСИНЧЕ, ЭЭРЧИТЕЛИ»

Бул жума гезитибиздин башкы бетин жөнөкөй, бир сырдуу, миң кырдуу таланттарыбыздын бири Ильяз Андаш кооздоду. Эл сүймөнчүгүнө ээ болгон ырчы мырза менен чыгармачылык жаатында баарлаштык. Маекти “Үзүм ойлор” рубрикасынын алкагында сиздерге сунуштайбыз.

– Наристелүү болгондон бери балдарым жөнүндө, үй-бүлөм жөнүндө ыр чыгарсам деп ойлоп жүрчүмүн. Ал идея кызым 1-класска баргандан кийин, быйыл досторумдун жардамы менен бышып жетилип, угармандарга жакында эле “Кызым” аттуу ырымды сундум. Жакшы чыгарма болду деп ойлойм. Учурда бул ырга клип тартып жатабыз. Буюрса, жыл жаңыргандан кийин көрө аласыздар.

– Кыздуу болгончо аялзатына болгон мамилем бир аз башкачараак болчу, катуураак болчумун. Кыздуу болгондон кийин аялга, кызга болгон мамилем жумшарды, аяр болуп калдым. Себеби менин энем, келинчегим, кызым бар.

– Негизи башынан эле үй-бүлөмдү чыгармачылыкка аралаштырууга умтулган эмесмин. Ошон үчүн бийчи, ырчы, бул чөйрөдөгү кыздар менен мамиле түзгөн эмесмин. Башка чөйрөдөн табайын деп аракет кылып, келинчегимди таптым. Көчөдөн ар ким “Ильяз Андаштын кызы, аялы” дебестен, алардын кайда болбосун эл арасында эркин жүрүшүн каалайм. Алардын жашоосун рамкага салгым келбейт. Жаңы үйлөнгөндө “үйлөндүм, жумурай-журт, сиздерди келиндүү кылдым” деп келинчегим менен маек бергенбиз. Андан бери үй-бүлөмдүн телеге, гезитке чыгышын каалабайм. Кызым 18 жашка чыкканда телеге, элге чыккысы келсе ал өзүнүн иши.

– Биз ата-энебиз менен чогуу жашабайбыз. Жайда, майрамдарда эле барып турабыз. Ошондуктан келинчегим менен апамдын ортосундагы баарлашуу, кездешүү аз болот. Ата-энем биздин жашообузга кийлигишпейт, “курсагыңар ток, кийимиңер бүтүн, аман болсоңор, ошол эле кубаныч” дешет. Жаңы үйлөнгөндө келинчегимди кайненесинин жанында болсун, кызмат кылсын, тарбия көрсүн деп ата-энемдин колуна таштайын десем, “келинчегиң экөөң өзүңөр оокат кылып кетсеңер эле бизге жардам бергениңер ошол” дешкен.

– Үйдө жазылбаган мыйзамдар... Мен сүлгү, кийим, ар бир нерсенин өз ордунда турушун каалайм. Аны келинчегиме айтып турам. Унутуп калып бир жерге коюп койсо “эмнеге бул биякта турбайт?” деп калам.

– Чыгарманы өзүмө жакмайынча ырдабайм. Башкалар “хит болот, сөзү укмуш” десин, жүрөгүмө жакпаса ырдабайм. Башка ырчылардан айырмаланыш үчүн өзүңдүн табитиң болуш керек. Азыр ырчылар “тойго муну ырдаш керек турбайбы, эл муну угат турбайбы” деп элди ээрчип жатабыз. Чыгармачыл адам болгондуктан биз, тескерисинче, элди ээрчитишибиз керек. Ага жараша ырчылар билимдүү болуп, элди туура нукка биз тартып кетишибиз керек.

– Акыркы учурда наристелер ооруп, кайрымдуулук концерттер көп болуп жатат. Ооруп жаткан балдарды көрүп алып аябай жаман болом. Тынчсыздандырган нерсе – наристелерге кичинесинен көңүл буруп, алар жакшы төрөлүшү үчүн биз өзүбүздүн ден соолугубузга көңүл бурушубуз керек.

– Чыгармачыл инсандардын саясатка аралашуусуна көз карашым түз. Өнөрлүү адамдар саясатка барып, биздин көйгөйүбүздү парламентте айткан ага, эжелер болсо – бул эң сонун нерсе. Балким, бири саясаттын майын чыгараттыр, ишинен жакшы майнап чыгаттыр. Өзүмө келсек, мен аралашпайм.

– Убакытты артка кайтарууга мүмкүн болсо, окуйт элем. Мектепте, музыкалык окуу жайда окуп жатканда сабактан көп качкам. Азыр ошол учурда окуп албаганыма өтө өкүнөм. Азыр убакыт тартыш. Балдарың бар, акча табыш керек, үйгө нан алып келиш керек деп жатып окуганга убакыт жок. Ата-энем, мугалимдер “кийин өкүнүп каласың” десе, “койчу, жөн эле айтып жатасыңар” дегениме аябай өкүнөм.

– Сабактан ар дайым классташтардан Болот, Айбек үчөөбүз каччубуз. Мектепке жакын жерде компьютердик клуб бар болчу. Оюн ойночубуз. Акчасын төлөйм деп бизди азгырган Болот деген классташым болчу. Бирок ал мугалимдерге көрүнчү эмес. “Экөөнү ээрчип сен эмне кылып жүрөсүң?” деп Болотту отургузуп койчу да, “жакшы баланы бузуп жатасыңар” деп Айбек экөөбүзду урушчу. Азыр деле Болоттун бизди азгырганын мугалимдерге айткым келе берет. Буюрса, 20 жылдыкта мектепке барганда айтам го.

– Хайп менен элге белгилүү болуп кетүү – бул мыйзам ченемдүүлүк. Бул дүйнө жүзүндө болуп жатат. Биз чыгып жаткан учурда Ильяз Андаш деп элге чыгыш үчүн көп убакыт керек болчу. “Супер-Инфо” элге таанылышыбызга чоң себепкер болгон. Азыркы учурда социалдык тармакта белгилүү болсоң, ал аркылуу башка медиа-порталдар тааныйт. Мен бүгүн эле ырчы болуп калган жокмун. Ата-энем чыгармачыл адамдар. Кичинекей кезимден бери эле ырдап жүрөм. Күчтүү музыкант же ырчымын деп айта албайм. Бирок билимим бар. Ырды укканды, тандаганды жакшы билем. Ошон үчүн Ильяз Андаш деген ат элге жетти окшойт.

– Чыгармачылыктын чокусуна чыга элекмин. Буюрса, чыгам. Мен дагы “Эмгек сиңирген”, “Эл артисти” болгум келет. Менин дагы ырларымды жаш ырчылар ырдашын, көзүм өтсө дагы ырларым жашашын каалайм. Ильяз Андаш деп ат түптөлүп калбадыбы, анын чачын алып жиберип, хайп жаратып бир нерсе кылып жиберсем болбойт го. Алпаруучу же башка бирөө болгум келбейт. Мен ырчы гана болгум келет. Жарк деп чыгып кетпей, такыр өчүп калбай, ортодо болгонго аракет кылам.

– Бул жылы Эрлан Андашев хит жаратып жатат. Ал эми жаңы чыгып жаткандардан шоу чөйрөгө кирип аты көрүнүп, ырлары менен популярдуу болгон Бекжан Темирхан деген жигитти билем. Жаштардын арасынан суурулуп чыккан ошол жигит болду.

“Тойлорго барып бир ыр ырдап коюп эле долларларды алып кетесиңер” деген сөз аябай катуу тиет. Ырдын артында эмне деген эмгек кылабыз, ырды айлап жазабыз, клипти айлап тартабыз. Канчалаган каражат коротобуз? Аны билген киши жок.

– 2021-жылы көп ыр чыгара алган жокмун. Пандемия, карантин деп жатып, 2021-жылы кайрадан ордубузга келе баштадык. Буюрса, келерки жылы жаңы ыр, клиптерге күбө боло аласыздар.

– Урматтуу окурмандар, баарыңыздарды кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ден соолугуңуздар бекем, оору-сыркоо сиздерден алыс болсун. Той-майрам болсун. Кайгылуу окуялар болбосун, наристелер оорубасын!

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
"Бир ыр ырдап доллар алып кетесиңер дегендер бар" дейт Ильяз Андаш
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан