Милан, ырчы: «КМШ ӨЛКӨЛӨРҮН БАГЫНДЫРСАМ ДЕЙМ»

Эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырган жаш ырчы кыз Милан биздин маек төрүбүздө. Учурда тасма талаасында да жылдызы жана баштады. КМШ өлкөлөрүн багындырууну, “Голос” долбооруна катышууну башкы максат кылган ырчы кыз менен чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк.

Туулган жылы, күнү
– 1999-жыл, 12-май

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 155 сантиметр

Салмагы – 47 килограмм

Билими – Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 3-курсунун студенти

Репертуарындагы ырлары – «Алгачкы сүйүү», «Mont Blanc», «Sirena», «Je ne t’aime pas»

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Салам, Милан! Кичинекей кезиңден бери ырдайсың, чыгармачылыкка кандайча аралашып калдың?

– Бишкек шаарында төрөлүп-өстүм. Үйдө 5 бир туугандын улуусумун. 4 жашымда “Жаш кыял” деген бий ансамблине барып баштагам. Кийин моделдик агенттиктерге барып сынактарга катышып, “Кыргызстандын кичинекей сулуусу” аталгам. Сахнада жүргөнүмө 10 жыл болду. Башында барбайм дегениме карабай апам мени музыкалык мектепке алып барган. Көрсө, апам өзү жаш кезинде музыкалык билим алууну кыялданып, окубай калган экен. Шубин атындагы музыкалык мектепте окуп жүргөндө 11 жашымда “Эркин элим” деген ырымды жаздырып, ырдап чыккам. Фортепиано, комуз, скрипка чертем. Ошол жылдары Опера-балет театрында жеке концертимди бергем.

– Апаң алып келген болсо кийин жан дүйнөң кабылдадыбы ырчылыкты?

– Башында көңүлсүнбөгөн учурлар болгон. Бирок көп жылыңды музыкага арнагандан кийин ансыз жүрө албай калат экенсиң. “Айчүрөк” кыргыз-түрк лицейинде 9-классты бүтүрүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшырайын дегем. Бирок өткөөл куракта үнүм бузулуп калбаш үчүн, комуз бөлүмүндө окууга туура келди. Учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында вокал жаатында билим алып жатам.

– Милан, Мэлани, Милана Сариева, Милана Мирлан болуп чыгып жүрөсүң. Бир ысымга токтоло албай жатканыңдын себеби эмнеде?

– Документ боюнча атым Мэлани. Ошол учурда апам “бул ат жайылып кетпесин, эч ким кызымдыкына окшош ат койбосун” деп Милана деп атап алыптыр. Ошол бойдон Милана болуп калгам. Бир жыл мурун Чыңгыз Альберттин командасы менен иштешип баштадым. Алар Милан деген ат менен чык дешти. Ага чейин Милана Сариева деп чыкчумун. Мирлан атамдын аты. Окуу жайда гана Мэлани деп документ боюнча чакырышпаса, бул атка көнбөй калгам. Мэлани деп Маргарет Митчеллдин “Шамалдан буюккандар” чыгармасындагы каармандын атынан коюшуптур.

– Рэп да айтып жатасың, казак ырчысы Сей Мого окшоштуктар бардай...

– Көбүнчө Сей Мого окшоштуруп жатышат. Бирок биз ырларды аны туурап жазган жокпуз. Азыркы ырларымдын баарынын автору Чыңгыз байке (ред.: музыкант Чыңгыз Альберт). Ага мен мындай ыр ырдагым келет деп деле айткан жокмун. Мени көрүп эле жазып койгон. Рэп стилиндеги ырлар мага жагып жатат. Чынында рэп айта аларымды өзүм деле билчү эмесмин. Азыр орус тилине басым жасап жатканыбыздын негизги себеби – КМШ өлкөлөрүнө чыгуу.

– Айчүрөк Иманалиева менен дагы эл аралык сынакка катышканың бар...

– Айчүрөк Иманалиева менен үй-бүлөбүз менен катташчубуз. Ошондо менин ырдаганымды көрүп “кел, мен сага жардам берем” деген. 2016-жылы “Чыгыш базары” деген сынакка барууга камынганбыз, бул ортодо маселе жаралып, алган билеттерибиз күйүп кеткен. Андан кийин 2018-жылы Хакасияга эл аралык сынакка барып, 1-орунду алып келгем. Айчүрөк эже мага кеңештерин берип, сахнада өзүңдү кандай алып жүрүш керектигин үйрөттү.

– Дагы да сынактарга катышууну пландап жатасыңбы?

– “Голос” долбооруна катышуу менин чоң максатым. Ошого даярданып жатам. Кичинемден эле башка өлкөлөргө Кыргызстандын атын тааныткым келет. Африкага эл аралык фестивалга барып, Нурак Абдырахмановдун “Аппак сүйүү” ырын ырдагам. АКШ, Францияга чейин барып вокалдык сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келгем.

– Акыркы учурда сени кинодон дагы көрө баштадык, өзүңдү актриса катары да көргүң келдиби?

– Кичинемден эле ырчы, актриса болом дечүмүн. Буга чейин актёрдук чеберчилик боюнча курстарга барып жүргөм. Быйыл ырчы Мыктыбек Нурланбеков “Унутпа мени” деген ырымдын клибине түшүп бер" деп чакырып калды. Ошол клиптен кийин киного чакыруу болуп, “Кредитке келин” деген кинодо роль жараттым. Өткөн жайды киного тартылуу иштери менен өткөрдүм. Мага тартылуу абдан жакты, бул ишти сүйүп аткардым. Түнбү-күнбү кыйынчылык сезилген жок. Аны улай эле “Баары бир тууган” деген сериалга тартылдым.

– Алгачкы каражатыңды качан тапкансың?

– 8-9 жашымда Кыргыз радиосунда “Балдар FM” берүүсүндө алпаруучу болуп иштегем. Алгачкы айлыгымды ушул жактан алгам. Мен кичинемден эле өзүмдү-өзүм каржылап, үйгө дагы бергенге аракет кылам.

– Ийгилик болсун, талыкпай эмгектене бер!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан