Турат Жумаев, төкмө акын: “АЙТЫШТА АКЫН КЫЗДАР ТУШ КЕЛСЕ ЭКЕН ДЕП ТУРАБЫЗ”

Төкмөлүк деген керемет өнөрдүн өкүлү Турат Жумаев маек төрүбүздө. Акын менен кенен таанышып, анын жан дүйнөсү, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу кеп курдук.

Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Тоң району, Четинди айылы

Туулган жылы: 1989-жыл, 10-февраль

Билими: КМКТАУнун жол кыймылын уюштуруу бөлүмүн, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин айтыш классын бүтүргөн

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы

– Турат, саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз.

– Саламатчылык. Мен Ысык-Көлдүн кулуну болом. Үйдө 4 бир туугандын улуусумун. Атам чабан, апам үй кожойкеси. Бала чагым малдын артында жүрүп, дыйканчылык менен алек болуп жүрүп өттү. Биздин айылда мектеп жок болгондуктан кошуна айылдагы мектепке ат менен барып келип окугам. Мектепте тентек болчумун. Классташ балдар, кыздар мени көргөндө качышчу. Бирөөнүн калемин сындырып, партанын астынан жөргөлөп барып бутун, чачын партага байлап коюп, балдарды сабап, айтор, мугалимдерден көп токмок жеген мен болгом. Жазында аттар түлөп, жүндөрү түшөт го. Ошону алып кыздардын бетине шыбачумун. Ошол күндөрдү сагынам. Классташтарым менен азыр жолукканда деле тентектигим кармап кетет. Шок болгонумду моюнума алам. Бирок сабакты жакшы окудум.

– Анан качан токтолдуңуз?

– Студент болгондо токтолдум. 9-классты бүтүп Балыкчы индустриалдык-педагогикалык техникумунда жол кыймылын уюштуруу багыты боюнча окудум, МАИ кызматкери болмокмун. Окууну кызыл диплом менен аяктадым. Кийин Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде жол кыймылын уюштуруу багыты боюнча окууну уланттым. Ошол жакта окуп жүрүп 4-курска келгенде акындыкка кызыгып кетип, окуудан чыгып кала жаздап араң бүтүрдүм. Кийин Искусство университетине тапшырып, ал жактан айтыш классын аяктадым.

– Акындыкка эмне болуп кызыгып кеттиңиз?

– Айылда мектепке ат менен барчумун дебедимби. Ошондо мектепке Эрлан Салбаров деген айылдаш байкем менен чогуу баратып жамактатып айтышып калчубуз. Бир күнү ошол байке мени окуу жайга издеп келиптир. “Сенден акын чыгат, жаш акындар менен чогуу жашап жатам, Жеңишбек байке менен байланышым бар, сени тааныштырам, мага жатаканага кел” деп кетти. Кийин бардым. Баян Акматов менен жашайт экен. Айтышып көрдүк, “даяр акын бар экен, комуз үйрөнүш керек” деди. Мен комуз кармап көргөн эмесмин. Баян акын мага комуз үйрөттү. Бир жылда да үйрөнө албай койдум. Ал кезде мен волейбол ойночумун. Бир күнү Баян акын “спортту же өнөрдү танда. Анткени колуң комузга дагы эле көнбөй жатат” деп калды. Ошондо анан акындыкты тандадым.

– Үйдө өнөрлүүлөр барбы?

– Өнөр чоң атабыздан өткөн. Чоң атабыз Калык, Осмонкул деген залкарлар менен бала кезинде учурашып ырдаган экен. Турмуш шартына байланыштуу борборго жетпей калыптыр. Үйдө баары таланттуу, ини-карындаштарым комуз, аккордеон чертип ырдашат. Атам куюлуштура сүйлөп, жакшы ырдаган киши, апам да ырдайт.

– Айтыштарга качан катышып баштадыңыз?

– 2012-жылы Баян акын “Айтыш” фондуна алып барды. Ырдатып көрүп, акындар батасын беришкен. Ошондон бир айдан кийин эле айтыш болду. Биринчи жолу сахнага чыктым. Саламдашканда эл кол чапса эле коркуп кетип токтоп калганым эсимде. Байкагандар күлүштү. Рахматулла Козукеев менен чыккам. Ал чоң акын да, билгизбей улап кеткен. Элдин кол чабуусу мынчалык сүрдүү болорун билген эмесмин. Азыр да кол чабылганда ошол учурду эстейм.

– Азыр деле эл алдына чыгарда толкундануу болсо керек?..

– Ооба, толкунданам, жоопкерчиликти сезем. Айтышка жумалап даярданып уйкудан калам. Ушунча элдин үмүтүн акташыбыз керек. Бүгүнкү сөзүбүз эртеңки тарых. Сөздөн жаңылбайын дейм. Кийин бир балам филолог болуп калып, акындардын сөздөрүн иликтеп калса, “атам эмне деген сөздөрдү айта берген?” деп отурса жаман да. Эл аралык айтыштарда 6 миллион элдин намысы моюнумда экенин сезем. Көргөн кишиге жеңил, бирок артында эмне деген түйшүк бар.

– Ойдогудай айтыша албай калдым деген өкүнүч ар бир айтышта болобу?

– Ооба, ар айтышта болот. Ошол убакта сөзүнөн кармай албай калган, жаштык кылып устаттарга катуу тийип алган учурлар болот. Биздин айылда “Кийиз дүйнө” деген фестиваль өтүп калды. Анда жаңы чыгып жүргөн кезим болчу. Азамат Болгонбаев менен чыктым. “Биздин айылдаштар мына, сизге кол чаппайт, мага кол чабышат” деп айтып алып, кийин уялып жүрдүм. Азамат байке тиш кагып калган чоң акын да, кечиримдүү эле кабыл алса керек деп өзүмдү жооткотуп жүрөм. Кандай кабыл алганын батынып өзүнөн сурай алган эмесмин.

– Акын кыздар катышкан айтыштар кызыктуу өтөт...

– Акын кыздарыбыз жокко эсе. Көп болсо чындыгында жакшы айтыштар болмок. Кыз менен айтышкан акындын рейтинги көтөрүлөт. Бир айтышта Гүлкайыр Айбаш кызы менен айтышып калдым. Ошол айтыш мени элге тааныткан. Эл жакшы кабыл алды, 2 жылча көп көрүлүп элдин эсинде калды. Кийин биз унутулуп, Акматбек Султан уулу менен Изат Айдаркулованын, Эламан Келдибеков менен Изат Айдаркулованын айтышы элге жакшы маанай тартуулады. Андан кийин Жеңишбек акын менен Айнур Турсынбаеванын айтышы элдин кызыгуусун арттырды. Биз, бардык акындар, кыздарга туш келип калсак экен деп тиленебиз. Кыздар менен көркөм, кыйналбаган айтыш болот.

– Мыкты төкмө акын болуш үчүн эмне керек?

– Менин баамымда, акындык үчүн баатырдын жүрөгү, акындын тили, кеменгердин акылы керек. Акындын тили болбосо сөзүң элге жетпейт, элге жеткириш үчүн хандан, бектен кайра тартпаган баатырдын жүрөгү керек. Аны кагазга ороп, кабыл алгыдай акыл калчап айтуу керек. Бул үчүн кеменгердин акылы керек.

– Айтыш аркылуу элге эмнелерди айткыңыз келет?

“Бүт кыргыздын көйгөйүн өзүмдүн көйгөйүм деп билем” деген Элмирбек аганын жакшы сөзү бар. Тил меселеси, улуттук идеологиянын жоктугу, калктын караңгы катмары тууралуу айтып жеткиргим келет. Маданият тууралуу сурасаң, маданиятты Нурлан Насип, Мирбек Атабеков менен чектеп койгондор бар, өкүнүчтүү. Келечегибиз көп ойлондурат. Телефон чукулап чоңойгон балдар кандай келечек курат, эмне менен сугарылып жатышат?

– Сиз балдарыңызга телефон карматпай чоңойтуп жатасызбы?

– Менин 5 балам бар. Алды 8де, кичүүсү 1 жашта. Колдон келишинче телефон бербейм. Көбүнчө чоң ата-чоң энесинин жанына айылга жибергим келет. Өзүм да айылга тартылып турам. Бул жакта балдарыма шарт түзүп берип койсом, айылга кетем деп ойлойм.

– Жубайыңыз менен да таанышалычы.

– Жубайым Ак-Талаанын кызы. 8 бир туугандын кичүүсү, кайнеже, кайнагага баймын. Келинчегим менен агент деген социалдык тармактан таанышканбыз. Жарым жыл сүйлөшүп, мен 22 жашымда, ал 18 жашында баш кошконбуз.

– Сүйүү жөнүндө эмне айта аласыз?

– Сүйүү деген керемет да. Ал сезимди жашаш керек. Сүйүү акылга жана жүрөккө байланыштуу. Жетпей калгандар сүйүү жок дешсе, жеткендер сүйүү бар дешет. Бактылуу болушуң же болбошуң аң-сезимиңе байланыштуу. Ушуну келинчегим экөөбүз көп айтабыз.

– Чыгармачыл адамдар бир гана адамды сүйүү менен чектелбейт дешет...

– Сүйүш керек. Бирөөнү сүйүп калып үй-бүлөңдү таштап кетүү эмес, сүйүп калып чыгарма жазса эмнеге болбосун? Мисалы, Асанкалый атабыздын эмне деген ырлары бар, ошонун баарын аялына гана арнап чыгара берген деп ойлойсузбу? Эмне деген акындар бар. Баары эле жалаң аялына жаза берген эмес да.

– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА