КЫШЫ ЖОМОКТОГУДАЙ КООЗ ЛАПЛАНДИЯ

Лапландия – бир нече өлкөлөрдү камтыган маданий аймак. Кышы өзгөчө кооз. Кар калың жаагандыктан бугу же ит чегерилген чанада саякаттап, коньки менен лыжаны моокумуңуз кангыча тээп, ысык саунадан чыгып муздак кар күрткүсүнө секирип эс алсаңыз болот. Жомоктогудай кооз Лапландия Санта Клаус менен эльфтердин мекени. Эгер сиз жаңы жылдык жомоктун бир бөлүгү болууну кыялдансаңыз, бул аймак сизге чоң мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Борбору – Рованиеми шаары

Аянты – 93 миң 937 чарчы чакырым

Калкы – 178 миң 522 (2019-жыл)

Дини – христиан

ЛАПЛАНДИЯ КАЙДА ЖАНА АЛ ЖЕРДЕ КИМДЕР ЖАШАШАТ?

Лапландия Европанын түндүгүндө жайгашкан. Эч качан бир мамлекет болгон эмес. Учурда анын аймагы Норвегия, Швеция, Финляндия жана Орусия (Коль жарым аралы) мамлекеттерине бөлүнөт. Анын аймагында саам аталышындагы эл жашайт. Саам элинин өзүнө таандык желеги жана гимни, парламенти бар. Саам эли өздөрүнүн “өлкөсүн” Сапми деп аташат, бул – саам элинин жери дегенди билдирет. Ал Лапландия аталышынын синоними катары колдонулат. Саам эли жогоруда аталган өлкөлөрдүн аймактарын басып алышкан эмес. Алар Европанын түндүгүндөгү жергиликтүү калк жана Лапландия аймагынын кожоюну деп эсептелинет.

СУУК –50 ГРАДУСКА ЧЕЙИН ЖЕТЕТ

Кышында абанын температурасы –50 градуска чейин төмөндөйт. Бирок бул миңдеген туристтердин Жаңы жылды жана Рождество майрамын Санта-Клаустун мекенинде майрамдоосуна тоскоол боло албайт. Көз жоосун алган инфраструктурасы жана көп сандаган маданий аттракциондор бул аймакты кышкы курортко айландырат. Экскурсиялык туризмди сүйүүчүлөрдү, балдары менен эс алуучуларды өзүнө магниттей тарткан касиети бар. Финдер эркелетип атагандай, Лаппиге барууну каалагандардын агымы мезгилге, климатка карабастан эч качан токтобойт. Туризмдин негизги багыты – лыжа спорту жана үй-бүлөлүк туризм. Спортчуларды мыкты деңгээлде жабдылган лыжа базалары, ал эми жаш саякатчыларды Сантанын кыштагы жана башка жаңы жылдык иш-чаралары кызыктырат. Андан тышкары Лапландиядагы кыш – түндүк жаркыроону карап суктанууга мүмкүнчүлүк түзөт.

ЛЫЖА ТЕБҮҮНҮН ЭҢ СОНУН КЕЗИ – АПРЕЛЬ

Кар октябрдын башында жаап баштайт. Бул айда кышкы эс алуу сезону ачылат. Ноябрда кар калың жаап, кеч жазга чейин жатат. Биринчи жааган кар туристтерди чыныгы ырахатка бөлөйт. Айланып, жай түшкөн кар бүртүкчөлөрү жерди акырындан аппак түскө боёп жатканына күбө болгон жергиликтүү эл күнүмдүк тиричилик түйшүгүн унутуп салышат. Асмандагы кардын сыйкырдуу бийине чексиз суктанып карап тургусу келет. Лапландиядагы лыжа тебүү мезгили октябрдын аягында башталып, февраль айында кызуусуна жетет. Сезон май айына чейин созулат. Тажрыйбалуу лыжа тебүүчүлөр үчүн эң ылайыктуу мезгил – апрель айы. Бул учурда күн ачык болуп, аба ырайы менен өзгөчөлөнүп турат. Борбордук Европанын элге жык толгон ызы-чуулуу курортторуна көнүп калган туристтер Лапландияга келгенден кийин укмуштуудай контрастты байкашат. Анткени тоого лыжа тепкени барган турист тоого көтөрүлүү үчүн кезек күтпөйт. Аркаңдан келип сенден ашып өтүүнү каалаган лыжачыны кезиктирбейсиз. Анткени лыжа тебүүчү жайлар көп.

Жайында абанын температурасы +30га чейин жылышы мүмкүн. Көбүнчө 10-20 градусту түзөт. Дарыялардагы жана көлдөрдөгү суунун температурасы сууда сүзүүгө мүмкүндүк берет. Июнь айынын аягында Лапландияда буурул (ак) түндөр башталат. Түндүк кеңдиктерден алыс жашагандар үчүн горизонтто күн батпай калганда кандай болорун өз көздөрү менен көрмөйүнчө элестетүү кыйын. Лапландияда эң жылуу ай – июль.

МУЗДАК СУУГА ЧӨМҮЛҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛАТ

Дээрлик Швеция менен чектешкен Кем шаарында Кар сепили жайгашкан. Жергиликтүү тургундар анын Европадагы эң чоң кар сепили экенине сыймыктанышат. Саякатчыларга бул сепилди жөн гана көрүүгө гана эмес, бир аз убакытка отуруп эс алууга да уруксат берилет. Кем – тарых жана искусство музейи, ошондой эле баалуу таштардын уникалдуу галереясы менен белгилүү. Адреналинди сүйгөн туристтер үчүн “Сампо” аталышындагы муз үстүндөгү эксклюзивдүү круиздер уюштурулат. Сапардын өзгөчөлүгү – сизден муздак сууга чөмүлүүнү талап кылат. Бирок кабатыр болбоңуз, термо костюмсуз эч кимди сууга түшүрбөйт. Жалпысынан Финляндияда болжол менен 75 лыжа базасы бар. Жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматы, тазалыгы жана жаркыраган чырактар Лапландиянын визиттик картасы. Алар жагымдуу жана тынч эс алуу үчүн мыкты атмосфера түзгөндү билишет.

ЛАПЛАНДИЯ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Швециянын аймагында Турнай дарыясынын жардамы менен кардан жана муздан курулган “Муз мейманканасы” бар. Жыл сайын эригенде суусу кайра дарыяга куюлуп, кышында кайра курулат. Бул отель эко-туризмди сүйгөн саякатчылар үчүн идеалдуу.
  • Лапландияда жер-жемиш көп. Табылган жемиштерди терип алууга мыйзам жол берет.
  • Жергиликтүү элдин айтымы боюнча, Санта-Клаус Лапландияда төрөлгөн.
  • Лапландиядагы бугулардын саны болжол менен ал жакта жашаган элдин санына барабар. Жергиликтүү тез тамактануу түйүндөрүндө бугунун этинен жасалган бургерлерди сатышат.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kari
2022-01-10 10:29:59
Лапландия жомоктордун олкосу го.Укмуш ,керемет.
+1
Aza2100
2022-01-12 12:52:53
Кыргызстан дагы кооз өлкө, баары өзүбүзгө байланыштуу, таштанды ыргытпай, таза кармасак Лапландиядан калышпайт
0
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан