Майрамбек Осмонов өз ырларын элдин көкүрөгүнө сиңирип койгон ырчы. Жаңы жылды утурлап жаңылыктарын сурап калдык. Элге сиңген “Сезим” аттуу ыры, жан дүйнөсү, үй-бүлөсү, спортко болгон кумары, жашоосу тууралуу баарлашып отурдук.
– Саламатсызбы? Жаңы жылда дайыма концерт бересиз, бул сиз үчүн салт болуп калды окшойт...
– Саламатчылык, биринчиден, жакшы күндөрдүн алдында кабар алып коёлу деп кабарлашып жаткан “Супер-Инфо” гезитинин жамаатына ыраазычылык билдирем. Ооба, мен жыл сайын 1-2-январь күндөрү чыгармачылык кечемди өткөрөм. 5-6 жылдан бери бул салтка айланып калды. Албетте, жыл сайын концерт даярдоо оңой эмес, ар биринде 12-13төн ашуун жаңы ырларым болот. Бирок моюнга милдет болуп калгандай, концертке жылдын башынан баштап кам көрөм. Чынын айтсам, мурун концертиме эл деле келчү эмес, “битке өчөшүп көйнөгүмдү отко салбайын” деп өзүмдүн чала-бучук чыккан ырларыма өчөшүп чыгармачылыкты таштап кеткен жокмун. Өжөрлөнүп өйдөлөй бердим, жыйынтыгы жаман болгон жок. Элге рахмат, акыркы жылдары концертимде өзүнүн уулунун жакшылыгына келгендей жаркырап-жайнап отурушат. Кээ бир концерттерде эл тажап боору ооругандай кейип отурушат го, менин концертимде жаркырап-жайнаган элдин сүйүүсү билинет. Кээ бирөөлөр “1-2-январдан көңүлүң эч калбай койду” деп калышат, эмнеге көңүл калат эле? Кудай өнөр берсе, эргүү келип жатса, эл батасын берип жатса кызматыбызды кыла беребиз.
– Былтыркы концертиңиздин аты “Достор” экен, быйыл “Өмүр сапары” деп коюпсуз, концертиңиз атына жараша болобу?
– Ооба, “Достор” деген концерт койгонбуз, себеби октябрь айларында достордун бийликке келүүсү таасир берген. Ошол себептен “Дос” деген ыр чыгаргам, “досуңду өтө жакын тутпа, ал бир күнү кас болот, касыңды өтө алыс тутпа, бир күнү ал дос болот” деген кеп бар. Тилеги, жүрөгү бир адамдар дос дешет. Катын менен баладан башканын баарын ортого коюп койгон достукка эмне жетсин? “Өмүр сапары” деген ырыбыз быйыл популярдуу болду. “Биз да жапжаш болгонбуз, ысык-суукка тоңгонбуз, талаа-түзгө көп жүрүп, арпа-буудай оргонбуз” деп биздин апалар ырдап жүрүшкөн ыр эле. Муну Токтобек Асаналиев, Максат Кыштообаев, Санжар Төрөгулов, мен төртөөбүз башынан иштеп чыгып элге тартуу кылдык. Концерт ушул ырдан улам аталды.
– Жакында ажо менен футбол ойнодуңуздар, футболго кызыгасызбы?
– 9 жылдан бери футбол менен машыгам. Дүйшөмбү, бейшемби күндөрү сөзсүз футбол ойнойм. “Өнөр” командасы менен ойнодук, кубокту уттук. Мен негизги чабуулчулардын бири болдум, бир мүнөттүн аралыгында биринчи голду мен киргиздим.
Президентибиз менен ойноп жатып анын жөнөкөйлүгүн байкадым. Сөзүнөн да, көзүнөн да текеберлиги билинген жок. Кепке тартсам, бир нерселерди айтып берсем муюп угуп, жооп берип отурду. Мен кошоматчы адам эмесмин, анын жөнөкөйлүгүнө чындап баа бердим. Айрымдар мени ажобузга окшоштура беришет негизи. Ал 11, мен 12 номер менен ойнодук. Бул да бир окшоштук деп койдум.
– Бокс, футбол, дагы кайсы спорттун түрү менен машыгасыз?
– Мен тамадалык кылып көп жүрөт эмесминби, тойдо келжеңдеген немелер көп болот, “жүрсөң эшикке” дегендер болот. Ошондой кыйчалыштар себеп болуп бокс менен машыгып калгам. 5 жылдай машыктым, дене тарбияланып, адамда дух пайда болуп калат экен. Уруш-талашка катыша деле элекмин, бирок эшикке сүйрөп калган тентектерди ордуна коюп коюш керек да. Эң негизгиси, дене машыкканда жепжеңил болуп калат, ошол үчүн тынбай машыгып жүрөм.
– Көп интервью бербей калдыңыз, себеби эмнеде?
– Жаш кезде интервьюну армансыз эле бердим, чакырган жерден калчу эмеспиз. Элге төбөбүз көрүнүп таанылдык, жашың өткөн сайын кызыкпай калат экенсиң. Убакыттын тартыштыгы да себеп болду. Мына, 50 жашка чыгып калдык, айтчунун баарын айтып эле бүттүк. Сырларыбыз деле түгөндү. Үй-бүлөм да калыбына түшүп тынчып калдык. Айта турган жаңылык деле, көйгөй деле жок.
– Уулдарыңыздын сүрөтүн көрүп калдым, чоңоюп калышыптыр, чыгармачылыкка шыктуусу барбы?
– Ооба, балдарым чоңоюп калышты, Кудайга шүгүр. Чоң уулум 11-класста окуйт, кызым 9-класста. Андан кийинки уулум 7-класска барып калды. Караан түндө төрөлгөн уулум 3 жаш, карантинде төрөлгөн уулум 10 айлык болуп калды. Чоңоюп жатышат, эки чоң уулум футболго барышат, улуу балам кечээ жакында эле “англис тилин үйрөнөм, денени эле эмес, мээни да машыктырыш керек экен” деп калды. Спорт менен да машыгышат, азыр күрөшкө барышат. Жигит үчүн спорт керек. Өзүм спорт кийимдеримди жууп жайып, дайым эле спорт деп чуркап жүргөнүмдүн себеби да балдарым. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген кеп бар эмеспи, ошол нерсени кайталап башташты. Чыгармачылык шыгы дагы байкалат болуш керек.
– Шакирттериңиз барбы?
– Бирин-экин шакирттер бар. Быйыл мен студия ачып жатам, Акылбек деген досум соода борборун куруп, ошонун үчүнчү кабатын мага белекке берди. Азыр жасалгалап жатабыз. Аккордеон классы ачылат, үн жазуу, аранжировка жасалат. Чыгармачылыктын бир ордосу болот деп ойлойм. Окуучуларды көбөйтөм деп ойлоп жатам. Аккордеонго кызыккан, чыгармачылыкка берилген балдарды бизге алып келишсе болот. Эми алып кетүү ар кимдин дараметине жараша болот эмеспи. Бир айда үйрөнүп кеткендер болот, эки айда үйрөнгөндөр бар, үйрөнөм деп жүрүп үйлөнүп кеткендер да болот. Мурун устаттыкка анда-санда, үстүртөн мамиле кылып жүрсөм, эми чындап киришем.
– “Сезим” деген ырыңыз аябай жагат, тарыхын айтып берсеңиз, ошону менен маекти жыйынтыктайлы...
– “Сезим” Кочкордо дааватта жүргөндө жазылган ыр. Мен эми даңкылдап мечитте же намазканада ырдаган эмесмин, ичимден эле кайталап жатып обону жаралган. Көкүрөгүм тазаланып, сезимдер укмуш болуп жаткан учурда жаралган үчүн элге тез сиңип кетти. Эч кандай калемсабы жок, нотасы жок акылымда жазылган ыр болду. Кийин Бөкөнбай Боркеев агабыздын үйүнөн үчүнчү куплетин жазгам. Ушул ыр Майрамбек Осмонов деген адамдын жан дүйнөсүн элге кеңири тааныткан ыр болду.
– Маегиңизге рахмат, концертиңизди жакшы өткөрүп алыңыз.
Нуржамал Жийдебаева