БИР БҮРКҮМ. КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ 3 КҮНГӨ ЖАБЫЛАТ...

  • 2021-жылы ИИМдин 34 кызматкери пара алуу фактысына шектелип кармалганы айтылды.
  • Алтынбек Жумаев президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
  • Президент Садыр Жапаров 28-декабрда Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышты.
  • Жаңы жыл майрамына карата Кыргыз-Кытай чек арасы 1-3-январь күндөрү жабык болот, автоунаада жүк өткөрүү убактылуу токтотулат.
  • Элди коронавируска каршы эмдөө ишин начар жүргүзүп жатат деп Бишкектин Октябрь жана Свердлов райондорунун акимдерине сөгүш жарыяланды.
  • 27-декабрда Сокулуктун Романовка айылында милиция кызматкери бычакталып жаракат алды.
  • Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май шайлоо округдарынан парламент депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.
  • Адахан Мадумаров Бишкектеги Ысык-Көл мейманканасын бузууга каршы экенин айтып чыкты.
  • Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министри кызматынан кетти.
  • УКМК: “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын башкармалык жетекчиси кылмышка шектелип кармалды.
  • Кара-Кече кенинде көмүр казуу иши тазалоо иштерине байланыштуу 2022-жылдын 10-январына чейин токтотулду.
  • Президент Садыр Жапаров Исфана шаарын Раззаков шаары деп өзгөртүү жөнүндө жарлык чыгарды.
  • Өлкөдө 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза тапканы маалымдалды.
  • Сокулук районунда тоноочулукка шектелип 2 жаран кармалды.
  • Өлкөдө 2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүн тамчылатып сугарууга керектүү жабдууларды чыгаруучу завод куруларын Айыл чарба министрлиги билдирди.
  • 29-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 219 миллион метр куб суу бар.
  • 2022-жылдын 1-3-январь күндөрү Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейи жабык болору кабарланды.
  • Каракол шаарында балдарды зомбулуктан коргоого арналган форум өттү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан