Мындан кийин "Ынтымак", "Ишеним", "Альянс" фракциялары өздөрүн жарыялап, курамындагы депутаттарынын санын айтышты. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев сөздү бөлбөсө процесс, балким, уланып кете бермек. Мадумаров Жогорку Кеңештин регламенти күчүндө экенин, ага ылайык, депутаттар ант берген соң жыйын жабык деп жарыяланышы керектигин айтып чыкты:
– Азыр эле "мыйзамдарды так аткарам" деп ант бердик. Конституциянын талабы менен кетели. Депутаттар ант бердиби, бүттү, жыйын жабык деп жарыяланат. Фракцияларды жарыялоо, ага кимдер киргени кийинки иш. Азыр иш бөлмөлөрүн көрө элек депутаттар бар, биз айрымдарга окшоп фракцияга кимдер кирет деп соодалаша элекпиз. Шашпайлы, күчүндө турган регламенттин талабы менен кетели,- деди Мадумаров. Бул арада мурдагы спикер Дастан Жумабеков "фракцияларды жарыялоо Конституцияга каршы келбейт, боло берет" деди эле, Мадумаров "боло берет деп жүрүп Кыргызстан ушул абалга келди. Чү дегенде эле ишибизди мыйзамсыз баштабайлы" деп жооп берди. Регламенттин талабы боюнча айтылган сөзгө Бакыт Төрөбаев да, башка депутаттар да макул болушуп, жыйын жабык деп жарыяланды да, депутаттар 1 сааттык танаписке тарашты.
Танапистен кийин төрага шайлоо үчүн жыйын Эсептөө комиссиясын түзүү маселеси менен башталды. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы 9 депутаттан, "Ата Журт" фракциясы 14 депутаттан турган эсептөө комиссиясын түзүүнү сунуштап, бул сунуштарга добуш берүү процедурасы да талаш-тартыш жаратты. "Комиссияга 9 депутат мүчө болсун деген сунуш өткөн жок" деп жарыяланган соң регламенттин эрежелери кайрадан талашка түштү.
Төрага болот деп Талант Мамытовдун аты аталып жатат.
29-декабрь күнү кечинде президент Садыр Жапаров мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында 6-чакырылыштын депутаттары менен жолугушат деген маалымат тарады. Буга чейин 6-чакырылыштын айрым депутаттары “кантип кетерибизди чечпейлиби” деп парламентте маселе көтөрүшкөн эле. Мамлекет башчысынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Садыр Жапаров 6-чакырылыштын депутаттарына жолугат" деген маалыматты четке какты.
Гезит басууга кетерде эсептөө комиссиясы боюнча талаш уланып жаткан.