Өзүн "кыргыздын деми" атаган блогер Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалганына 2 ай болду. Редакциябызга анын 67 жаштагы апасы жана сиңдиси келип, Гүлзат Мамытбектин азыркы абалын, эмне себептен камакта отурганын, тергөө иштери кандай жүрүп жатканын айтып беришти.
Кенжегүл Сыдыкова, Гүлзат Мамытбектин апасы
– Кенжегүл эже, кызыңыздын башына сыноо келип турган учур. Бул түйшүктү көтөрүү сизге да оор болуп жатса керек?
– Эне үчүн чынында оор. Гүлзаттын кармалганын укканда нес болдук. Маалымат каражаттары ошол күнү эле “маек бериңиз” деп шаштыбызды алышты. Мен эмне болуп жатканын, эмне деп жооп береримди билген жокмун. Андан бери 2 ай өтсө да өзүбүзгө келе элекпиз. Анын үстүнө балдарым эл көзүндөгү адамдар эле. Баарын ойлоп, чөгүп кетип жатам (ыйлап). Кудайга шүгүр, ага-тууган, жоро-жолдоштор бар экен. Гүлзаттын үстүнөн арыз жазган доогерлер менен бетме-бет сүйлөшкөндө айрымдары “Гүлзатка ишенебиз, акчабызды кайтарып берет. Сиз капа болбоңуз. Депрессияга түшүп, ишеничиңизди жоготпоңуз” деп айтышты, дем беришти. Аларга ыраазычылык билдирем.
Чынында, башында Гүлзатты аябай жаман көрдүм, “Элдин кызымын деп жүрүп ушунча акча алабы?” деп. Мен алгач эмне болгон акча жана анын каякка жумшалганын билген жокмун. Аны 20 күндөн кийин түшүндүк. Ошентип тергөөнүн жүрүшүндө инвесторлордун акчасы англис тилин интернет аркылуу окутуу үчүн тиркеме ачууга кеткенин билдик. Ошондо Гүлзатты жаман көрүп жаткан жаным кайра боорум ооруй баштады.
– Доогерлер арызын кайтарып алышы үчүн акчаны бөлүп төлөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдүбү?
– Арыз жазган доогерлер тиркемеге инвестор болгон адамдар. Учурда алар менен сүйлөшүп жатабыз. Алар катуу кетишкенин түшүнүп жатышат. Арыз жазган 7 кишинин ичинен 4 адамдан “бөлүп төлөп беришет” деген маалым кат алдык. Үчөө “бардык акчаны төлөгөндө гана арызыбызды кайтарып алабыз” деп сүйлөшүүгө келбей коюшту. “Мага көп акча карыз” деп жазган арыз ээси тиркеменин негиздөөчүлөрүнүн бири экен. Ал 493 сабакты тиркемеге киргизсе да, жыйынтыгында “тиркеме жок” деп жазып берип жатканы өкүнүчтүү. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө бул дагы далилденет. Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайм. Ак ийилет, бирок сынбайт.
– Гүлзат айымдын абалы кандай? Жолукканга мүмкүнчүлүк болдубу? Ачкачылык акциясын да жарыялады эле?..
– Мен энеси болсом да аны актаган жокмун. “Жасаганыңды моюнуң менен тартасың. Күнөөң жок болсо да айыптуусуң. Жоопкерчиликти сезип, алардын алдында жооп беришиң керек. Сен буларды алдап кеткен болсоң, карызыңдан кутуласың. Биз дагы жардам беребиз. Келишимге кол койгон экенсиң, бирок иш алдыга жүрбөй калыптыр” дегем.
Азыр кызымдын абалы жакшы. “Мен бул жакка да керек экенмин. Кыйналып, чөгүп кеткендер көп экен. Суракка чакырылбай, унутулуп калгандар көп экен” деп ал жактагыларга дем берип жүрөт (ыйлап). Кечээ болгон сотко арыз жазгандар келбей коюшту. Келип көрсөтмө берүү алардын жарандык милдети да. Бир туугандары Гүлзатты колдогону барышты. Алар “Гүлзат азамат экен, сынбаптыр. Эрктүү, мурункудай” дешсе ошого шүгүр кылып жатам.
Ачкачылык жарыялаганы боюнча айта кетейин. Тергөөчү доогерлердин акчанын суммасын апыртып жазып келген кагазына “кол кой” дептир. Гүлзат ал сумманы жарым-жартылай кайтарганын айтып, ачууланып, тергөөчүгө “сизге ишенбөөчүлүк көрсөтөм” деп ачкачылык акциясын жарыялаптыр. Ошол маалда да доогерлер менен бетме-бет сүйлөшүүгө келип жатты. Ачкачылык кармап жатканын билген эмесмин.
Тергөөчүлөр мыйзамда “банкротсво” деген пункт бар экенин эске албай жатышат. Анда чыгымдын баары эсептелинип, инвестицияга канча акча кеткени, канча пайда көрүлгөнү эсептелип тең бөлүнүшү шарт экен. Алар болсо “акча алдыңбы, бересиң” деп жатышат. Азыр адвокат ошонун үстүнөн иштеп жатат. Апыртылып жазылган сумма азаюуда. 3 доогер сөзгө келсе, кызым чыгат.
– Бизге камакка алынардан 1 жума мурун “Түркияда иштеп жатам, балдарымды сагындым деп” маек берген. Неберелериңизден кабар алып турасызбы?
– Балдары менен сүйлөшө элекмин. Анткени эзилип кетем. Бирөөсүнө 3 күн, экинчисине 7 күн болгондон баштап баккам. Үчөө тең мага аябай жакын. Бирок атасына рахмат. Анткени көпчүлүк эркектер балдарынан качып кетет. Ал “балдарым өзүмдө болсун” деп талашып туруп алды. Гүлзат ыйлайт, сагынат. “Балдарды берип койдуң” деп мага капа болот. Анткени балдарды берип койгонго жол түзүп койдум. Эгерде акыркы сотко мен катышсам, балдар мени менен жашаганды тандашса сот мен тарапка чечип коймок. Бирок коомчулук “балдарды атасына бериш керек” деп басымга алганда атасына берүүнү туура көрдүм. Балдарынан баш тартпаганы адамгерчилик, ага ыраазымын. Эмне үчүн жолугушпайм? Анткени мени көрүп алар ыйлашат. Алардын эки оттун ортосунда калуусун каалабайм. Гүлзаттын иши бүтүп, бир жаңсыл болгуча атасы менен бир бүтүн болуп жашашканы туура. Амина Мамытбекова, Гүлзат Мамытбектин сиңдиси: “ЭЖЕҢЕ ЖАРДАМ БЕРБЕЙСИҢ ДЕП КҮНӨӨЛӨШӨТ”
Социалдык тармактардын колдонуучулары Гүлзат Мамытбектин сиңдиси Амина Мамытбекованы талкууга алып “эжесине жардам бербейт” деп да сындап келишет. Бул маалымат чындыкка дал келбейт деген Амина айым буларга токтолду:
– Мен болгонун болгондой айтам. Калпты жаман көрөм. Гүлзат менин бир тууган эжем. Менден 3 жаш улуу. Кээде бир туугандардын ортосунда пикир келишпестиктер болуп турат экен. Бир кезде эжем туура эмес маалымат айтып алды. Анда жолдошуна капаланып, эмоцияга алдырып, үй-бүлөбүздү элге башкача көргөзүп “мага эч ким жардам бербейт” деп салды. Болбосо ошол маектен 1 жума мурун жолдошум экөөбүз түнкү саат 2ге чейин жүрүп Гүлзатты ооруканадан чыгарып жүргөнбүз. Оорукананын акчасын төлөп, балдарын багышкам. Бир тууганга милдет кылбайсың. Ага жардам бересиң. Насыясынан бери төлөшүп, “акча, кийим, балдарга жардам керекпи, берейин. Адвокаттын акчасын төлөп берейин” деп жардамдашып күйүп-бышып жатсаң бүт республикага жарыя кылып “мага эч ким жардам бербейт” деп маек бергенде жаман акыбалда калып, капа болдум. Бирок эжемди түшүнөм. Ошол кезде эмоцияга алдырып туура эмес сүйлөп алды. Бирок мага күнүнө 100дөн ашуун “сен ушундай акмаксың. Эжеңе жардам бербейсиң, өзүмчүлсүң” деген кат келет. Ар бирине жооп бергенге убактым жок. Эжем өтө ак көңүл, ишенчээк, башкаларды да өзүндөй ойлойт.
“ЭЖЕМ МАГА АКЫЛ ҮЙРӨТПӨ ДЕЙТ”
– Мобилдик тиркемени “элден акча алып өндүрүп алайын” деген ниетте ачкан эмес. Тиркеме иштеп баштаганы пандемия учуруна туш келип калды. Ал кезде иштебей отуруп калбадыкпы. Иш жүрбөй калганда эжем алдамчылыкка шектелип калды. Эжем “ушул көйгөйдү чечейин” деп тергөөгө өзү келгенин эске алыш керек.
Эжем менен азыр да сүйлөшөм. Болгону экөөбүз бири-бирибизди толук түшүнүшө элекпиз. Бирок азыр түшүнүшө турган убак эмес. Учурда эжеме жардам керек. Колубузду сунушубуз зарыл. Эжем эркиндикке чыккандан кийин ортодогу пикир келишпестикке чекит коюп алабыз. Эжемдин кулк-мүнөзү, баскан-турганы, ойлонгону өзгөчө, кыргыз менталитетине туура келбейт. Ал европалыктардай ойлонот. “Гүлзат эже, бул кыргыздарга жакпайт” десем укпайт, “мага акыл үйрөтпө” дейт. Анын оюн сыйлайм. Өзү каалагандай жашайт.
Эжемдин алдамчылыкка шектелип калганы чоң сокку болду. Анын акталып чыгышын каалайм. Тергөөнүн жүрүшүндө башында айтылган очойгон сумма 2-3 эсе кыскарып келатат. Анткени туура тергелип жатат.
Динара Абдыкадырова