Асел Кадырбекова, ырчы: «МЕН КҮЧТҮҮ ЭКЕНИМДИ БИЛДИМ»

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылгандан кийин ЖМКга алгачкы жолу маек берип отурат. “Жол кырсыгы боюнча бул менин биринчи жана акыркы маегим, окуяны эстөө кимдир бирөөлөргө шоу болсо, мен үчүн оор” деди ырчы айым маектин алдында. Маек төрүбүзгө ырчы жалгыз келген жок, жанына апасы коштоп келди, анда ырчынын жана апасы Дилбар Монокбаеванын маегине көңүлүңүздү бурабыз.

– Салам, Асел! Алгач ден соолугуңду сурайын, азыркы абалың кандай?

Асел Кадырбекова: – Саламатсыздарбы? Кудайга шүгүр, калыбыма келип баратам.

– Аселдин абалын өзүнөн да сиз жакшы билсеңиз керек, Дилбар эже, айтып берсеңиз...

Дилбар Монокбаева: – Жол кырсыгы 2020-жылдын 26-июнунда болгон, ал убакытка салыштырмалуу азыр ден соолугу аябай эле жакшы. Албетте, чуркап кете элек, мурунку Асел жок. Көп нерсени унутуп калат, бат чарчайт. Өзүңөр билгендей, жол кырсыгы оор болду, тирүү калганы Кудайдын керемети болду. Шүгүр, быйыл жаңы жылдык кечелерге катышты. Мурда чакырышса баш тартып койчу.

– Дилбар эже, жол кырсыгын сиз кантип уктуңуз?

Д.М.: – Эненин жүрөгү сезет деген чын экен. Ошол күнү ооруп жаткандай болуп тынч ала албай жүрдүм. Жумушта отура албай үйгө бардым. Асел окууга бармак, ал жактагы кыздар “эже, Асел келген жок” деп телефон чалышты. Аны билүү үчүн өзүнө телефон чалдым, албайт. Өзү көп учурда телефон алчу эмес, аудио жибердим. Жумушка барып кыздар менен отурсам белгисиз номерден бирөө телефон чалды. “Жол кырсыгы катталды, сизге акыркы телефон чалуу болуптур” дешти. Салон ачып жатканбыз да, ошол кардарлардын бири чалса керек деп ойлоп “билбейт экем” деп өчүрүп койдум. Кайра телефон чалып “эже, мен 4-шаардык ооруканадан реанимация бөлүмүнөн чалып жатам” деп машинанын номерин айтты. Анда деле ишенбей коюп койдум. Нурланга (ред.: ырчы Нурлан Насип) телефон чалсам “Асел үйдө эмес” деди. Жүрөгүм солк дей түштү, ооруканага телефон чалып “жол кырсыгына кабылган Асел Кадырбекова эмес бекен” дедим. “Эже, ошого окшоштуруп жатышат” деди мага чалып жаткан адам. Кантип машинага отуруп, кантип ооруканага жеткенимди билбейм. Жолдон бирөөнүн машинесин сүзүп ала жаздадым. Барсак Аселди томографияга тартканы алып кирип кетишиптир, көргөндө нес болуп калдым. Бүт денесин кесип салгандай канга боёлуп жатыптыр кызым. Шишип таанылбай калыптыр. Көргөндө өзүмдү кармай албай калдым... (жаман болуп кетти)

А.К.: – Маекке келе жатканда апама “ушундай суроолор берилет, өзүңүздү кармаңыз” деп моралдык жактан даярдап келгем. Апама бул нерселерди эстөө оор, кандай энеге болбосун оор болсо керек. Бул жол кырсыгы боюнча берген биринчи жана акыркы интервьюбуз. Бирөөлөр үчүн, балким, шоудур, бирок эне жүрөгү үчүн кыйын...

Д.М.: – Ооба, жаман окуяларды унутуш керек, стоматолог болуп иштейм да, кардарларым кызым тууралуу сурай беришет.

– Асел сизди тартып күчтүү окшойт, билгендер ал күндөрү сиз аябай кайраттуу болуп карманганыңызды айтышат.

А.К.: – Апам сыртынан назик көрүнгөнү менен, ички өзөгү бекем, күчтүү аял. Мен күчтүү аял экенимди эми билдим.

– Асел өзүнө келе баштаган учурлардан айтып берсеңиз?

Д.М.: – Өзүнө келгенде палатага которушту. Асел башында эмне болуп ооруканада жатканын билген жок. Оюнда “коронавирус болуп калдым” деген окшойт, бетинен өпсөм “апа, мага жакындабаңыз, сизге жугуп калат” деп жатпайбы (күлүп). Жакшы болуп келе жатканда Нурланга жакшы сүйлөйт, мени жанына жолоткусу келбейт. Оорубай жүргөн кезде экөөбүздө талаш-тартыш болуп турчу да, анан өзүнө келип “апа, минтип койбойсузбу” деп баштаганда сүйүндүм. “Кызым, мени менен урушуп жатса, демек, өзүнө келе баштаптыр” дедим.

А.К.: – Апам айткан окуялар эсимде жок, үйгө чыгып келгендеги окуяларды бир аз билем. Толук бир жылдан кийин өзүмө келдим окшойт. Анда деле окуялар үзүлгөн кадрдай...

– Кызыңыздын оор абалында кандай мотивация берип жаттыңыз?

Д.М.: – Асел бул аралыкта эл арасына такыр чыккысы келбей калды. “Курбуларың менен отуруп келчи” деп сурансам да болбойт. Чачын кырып салышкан да, жаңы өсүп келе жатканда “сага аябай жарашты” дедим. Мурунку окуяларды айтып “эсиңдеби, ушундай болгон” деп айтсам эсинде жок. Дүйнөнү толтуруп бакырып ыйлагым келет. Ыйлаганымды такыр көрсөткөн жокмун, ашканада жүрүп ыйлайм, же сыртка чыгып кетип ыйлап келем. Эч нерсе болбогондой өзүмдү алып жүрүп мотивация бердим окшойт.

А.К.: – Апам мени менен чогуу ыйласа такыр сынып калмакмын, ошону апам сезди. Көчөгө чыксам эл мага “ий байкуш” деп карагандай сезиле берчү.

– Апанын баркы ушундай оор сыноодо өзгөчө билинсе керек?..

А.К.: – Апам мени эркин, эрке чоңойтту. Бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Жашоомдогу кыйын этаптан апамдын жардамы менен өттүм. Ооруп калсаң, жардамга муктаж болсоң энеңден башка эч кимге керек болбой калат экенсиң. Ооруп жатканда адамдардын чыныгы жүзүн көрдүм. Башкалар ийгиликтериң үчүн, башка нерсе үчүн жаныңда болушу мүмкүн, эне сен бар болгонуң үчүн жаныңда болот экен. Перзенти ийгиликтүү болобу, майыптын арабасында отуруп калабы, сулуубу же кебетеси келишкенби, эне үчүн баары бир. Балдар адатта “апа, коюңузчу, ушинте бересизби?” деп кыял көрсөтүп калышат го. Көп учурда апабызды сүйгөнүбүздү, баалаганыбызды айта албайбыз. Бүгүн мен айтып алайынчы (күлүп). Апа, мен сизди аябай жакшы көрөм!

– Кызыңызды сиз сүрөттөп берсеңиз...

– Кээ бир комментарийлерде “Асел, чоюлган неме, жасалма” деп жазгандарды окуп таң калам. Кызым табиятынан назик. Кичинесинде жер жарылып кетчүдөй болуп аяр басчу. Такыр жанымдан чыкчу эмес, кызы Дария азыр Аселдин жанынан чыкпайт. Ошондой назиктиги менен кошо өжөр, тырышчаак. Алгач клиптерин тартып жүргөндө жиним келип “акча эле кетире бересиң” дечүмүн. Тырышып жүрүп элдин кызы болду, эмнеге жетсе ак эмгеги менен жетти. “Апа, сизди тарткам” десе күлүп калчумун, азыр ишендим.

– Асел кичинесинен тырышчаак дедиңиз, бир окуя айтып берсеңиз.

Д.М.: – Кызым кичинесинен “жылдыз болом” дечү, Ош шаарында жашачу элек, ал Бишкекке келгиси келет. 9-классты бүтүп эле борборго кетип калды. Акчасы жок да, мен ага белек кылган алтын шакектерди күрөөканага коюп кетип калыптыр.

А.К.: – Мен борборго келсем эле эшиктердин баары ачылып, жылдыз болуп кетчүдөй сезим боло берчү (күлүп).

Д.М.: – Борборго кеткенден кийин санаам тынбай, артынан келдим. Эрке, эч нерсе жасаганды билбейт. Курбусу менен жашачу, ашканасына кирип тамак жасады, үйү тыпырайып жыйнактуу, ошондо таң калгам. Дагы бир жолу борборго келип курбуларым менен жолугуп отурсам мени бирөөгө “Асел Кадырбекованы апасы” деп тааныштырып жатпайбы. Анда Асел алып баруучу болуп жүргөн. Ал телеканал Ош шаарында тартчу эмес, мен анын жылдыз болуп кеткенин билбептирмин.

– Оор сыноодон кийин баары жакшы болуп келе жатканы сүйүндүрөт, пландар менен бөлүшүп кетсеңиздер...

А.К.: – Мурун 5-6 жылды пландап алчумун. Кырсыктан кийин 2-3 эле айга план түзүп калдым. Январь айында Түркияга барып ден соолукту толук текшерүүдөн өткөрүп келели деп жатабыз. Кырсыктан мурунку Аселди жараткым келип жатат. Анан чыгармачылыкка жакшы киришем деп турам.

Д.М.: – Планым – пенсияга чыгып неберемди карап, Аселди колдоп эле жанында болуу.

– Жаңы жылдык куттуктоо айта кетсеңиздер...

А.К.: – Элге ыраазымын, элдин дубасы, Кудайдын каалоосу менен менин экинчи жашоом башталды. Эч ким оорубасын, кырсык болбосун, Жаңы жыл жалаң жакшылыктарды алып келсин!

Д.М.: – Жаңы жылда элде токчулук, молчулук болсун!

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
“Жанымда жүргөн дос, жакындарымдын чыныгы жүздөрүн көрдүм” дейт Асель Кадырбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Sultanmurat2000
2022-01-03 10:49:54
Бактылуу болунуздар
+3
Gulina00
2022-01-03 16:10:02
Ооруба апан бар бактын бар,Нурланга да акыл кирип жарашып алсанар экен.
+3
Taalaibek.
2022-01-06 16:30:51
Айткандай эле жылдыз болуптур.
+3
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан