Эдил Байсалов: «МУРУН КАНДАЙ БОЛГОН БОЛСОМ, АЗЫР ДА ТАК ОШОНДОЙ ЭЛЕМИН»

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, мурдагы элчи Эдил Байсалов менен маектештик. Эл эмне үчүн президент Садыр Жапаровдун бийлигин колдошу керек деген суроого өз аргументтерин айтып, талкууга түшкөн айрым сөздөрүн чечмелеп берди.

– Эдил мырза, мурдагы бийликтердин тушунда көбүнчө оппозициялык көз карашта жүрдүңүз. Катуу сындайт элеңиз... Азыркы бийликтин “иштеп бер” деген сунушу сизди эмне себептен макул кылды?

– Мага акыркы кездери “мурда башкача сүйлөчү элең, азыр башкача болуп калдың” деп айтып калышат. Мен принциптен тайганым жок, мурун кандай болсом, азыр да так ошондой элемин. Башынан эле күчтүү бийликтин тарапташымын. Акаевдин бийлигин кетирсек эле жыргал жашоо башталат деп ойлогонбуз. 2005-жылы Бакиевдик бийлик келгенде алгач эйфорияда жүрүп, иш тескери жакка кеткенин кийин аңдаганбыз. 2010-жылы Убактылуу өкмөттө жогорку кызматта иштедим. Мага алгачкы 2-3 жуманын иченде баары түшүнүктүү болгон. Баягы “антпейбиз, минтпейбиз” деген убадалардын бири жок. Ошондо баарын ачык айтып чыгып кеттим. Биз парламенттик башкарууга даяр эмес элек, анткени бизде партиялык институт жок, жарандык коом алсыз. Кыргызстанда жарандык коом коңшуларга караганда күчтүү эле. 30 жыл өттү, азыр Кыргызстан жаңы түптөлгөн учур эмес. Бейөкмөт уюмдардын чакырыктары талапка жооп бербей калды, артка гана тартып жатат. “Авторитаризм, диктатурага баратабыз” деп баягы 20 жыл мурунку ырларды ырдап жатышат. Бул этап эчак артта калган. Парламентаризм Кыргызстанды кантип “гүлдөтүп” жибергенин көрдүк да. Президент шайландыбы, бүттү. Анын иши өлкөгө, элге каршы экени тастыкталмайынча колдоп гана туруу керек. Чыныгы демократия ушундай. “Парламентаризм” деген терини жамынып алган олигархтар, бир ууч саясатчы 10 жыл жеке кызыкчылыктары үчүн мамлекетти туңгуюкка алып келишти, сызга отургузуп кетишти. Убагында Алмазбек Атамбаевдин мыйзамга каршы келсе дагы күчтүү бийлик орнотуу идеясын дагы колдогом. Анткени өлкөгө тартип орнотот деп ишендим эле. Тилекке каршы, күчтүү бийлик түздү дагы, өзү башкарууну колго албастан, бийликти шоопуруна берип салганда сындай баштадым.

Акылбек Жапаров телефон чалып, “мамлекет үчүн иштеп бер, сен потенциалыңдын 5 гана пайызын колдонуп жатасың. Өлкө баарыбыздыкы, өркүндөтөлү, көтөрөлү… Сендей кадрлар мамлекет үчүн кызмат кылчу доор келди” деп калды. Бул сунушту аскерге чакыруудай кабыл алдым.

– Жакшы үмүттө Атамбаевдин мыйзамсыз иштерине көз жумчумун деп жатасыз. Антип көз жумуу азыр деле болуп жаткан жокпу? Убагы келип азыркы бийликке да оппозиция болуп калышыңыз мүмкүнбү?

– Мүмкүн. Бирок азыркы бийликке ишенем, элдин да үмүтү чоң. Азыр мамлекеттүүлүк деп ойлоно турган учур. “Өз алдыбызча мамлекетибизди гүлдөтө алабызбы же чет жерде даараткана жууп жүрө беребизби?” деген маселе күн тартибинде турат. Бүгүн көз каранды, ачка жана ызабыз. Элге кошулуп мен да ызамын. Элчи болуп жүрдүм, башканы кой, коңшуларыбыз мекенинин ийгиликтери тууралуу сыймыктануу менен айтып беришет. Бизчи, революция, тополоңдор... Табиятыбыз жана тарыхыбыздан башка сыймыктанар эмнебиз бар? Кыргызстанда баары ыза, бирөөгө колуң тийип эле кетсе агрессия менен жооп кайтарат.

– Азыркы бийликтин ниети, жакшы иштери, максаттары тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Моюнга алчу кемчиликтери да барбы, болсо кайсылар?

– Мени “эй, Байсалов, ооруканаңдын абалы кантет?” деп сындашат. Айрыкча, ушул сынды Атамбаевдин тарапташтары айтышса күйүп кетесиң. “Эй, ал оорукана силердин атаңар бийликте турганда деле бар эмес беле? Атаңар оңдоп койсо, азыр жаркыраган ооруканада жатпайт белек” дейсиң. Менин “кылыбыз кыйшайбайт” деген сөзүм депутаттарга эле эмес, жалпы Фейсбукта отургандарга багытталат. Бизге акыл үйрөтпөгүлө. Көч башында багытты так аныктап, күчтүү талаптарды койгон президентибиз бар. Аткаруу бийлигин Акылбек Үсөнбекович алдыга тартам деп келди. Акылыбыз жетиштүү…

– Элден курулай сындан башка пайдалуу сунуш чыкпайт дегендикпи бул?

– Жок, бийлик ЖМКларды окушу керек. Мен Фейсбукка жумасына бир гана жолу, ишемби күнү кирүүнү сунуштайт элем. Фейсбуктан түздөн-түз иштешсек, айлампадан чыкпай жүрө беребиз. Каякты караба көйгөй. Мен аны Фейсбугу жок эле билем. Биз чечкиндүүлүктү, бекемдикти көрсөтүшүбүз керек. Жаңы талаптар айрымдарга жакпайт, анткени алар эшик турса тешиктен кирип көнүп алышкан.

– Сиздин ар бир сөзүңүз коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Мисалы, “кылыбыз кыйшайбайт”, “Пётр I” сыяктуу цитаталарыңыз...

– Пётр I боюнча айтканым Пушкиндин чыгармасынан бир мисал эле. Маек учурунда күтүүсүз айтылып калды. Эл маектин темасын окуп алып эле талкуулап жатышат. Садыр Жапаров – бул Садыр Жапаров, Пётр же Чыңгызхан, же дагы башка бирөө эмес. Ал эми “кылыбыз кыйшайбайт” боюнча айтсам, Жогорку Кеңеш мындан ары бизге акыл үйрөтө турган орган болбойт. Биз киргизген мыйзамды тактап, бекитип берчү гана жер. Сын айтып, ачыктыкты талап кылчу ролу бар. Кечээ эле спорт залдан же базардан чыккан балдар парламентте эл аралык саясатты аныктагыч болбой, арыдан-бери болгону туура. Эгер депутаттын сунушу, ойлору болсо аны сөөмөй кезебей эле, акырын айтышы керек. Маданияттуу, сылык-сыпаа...

– Оппозициячы? Мисалы, Адахан Мадумаров сиз айткандай сылык-сыпаа депутат боло алабы?

– Мен Адахан Мадумаровдун депутат болуп келгени бийлик үчүн дагы жакшы болду деп ойлойм. Ал киши такшалган саясатчы, парламенттин табиятын мыкты билет. Бирок эски пластинкаларын алмаштырса деп үмүттөнөт элем. Ал киши өлкөдө саясат өзгөргөнүн түшүнүшү керек. Жогорку калибрдеги башка депутаттар дагы бар, алар Жогорку Кеңешти конфронтация жолуна тартчу болсо, элге зыян гана алып келишет. Президенттик шайлоодо жеңген Садыр Жапаров – Садыр Жапаровдун программасын аткарат, ал Мадумаровдун программасын аткарам деп бийликке келген эмес. Балким, “Адахан Кимсанбаевич, бул жерди кандай кылсак?” деп сураса сурайттыр, жөн жерден эле тирешип, өчөшкөндү токтотолу. Жалпы максат бир. Адахан Кимсанбаевичтин парламентке өткөнү – шайлоо таза өттү дегендин далили. “Демократия” деп жүргөн президенттердин тушунда парламентке өтпөй келген Мадумаров “кокуй, диктатура орнотот” деген Садыр Жапаровдун тушунда өттү. Ушундан эле жыйынтык чыгарса болот да.

– Эл ичинде каатчылыктын дүбүртү улам катуулап жатат. Бийликтин божомолу, планы кандай? Алдыда кандай күндөр күтүп жатат?

– Ачык айтып коюш керек, 3-4 жыл абдан оор болот. Реформалар оор жүрөт. Тышкы карызды төлөөнүн оор учурлары келди. Эл буга даяр, бирок ортодо сөзсүз бузукулар чыгат. Чек ара маселесин чечүүдө кимдир бирөө “менин огородум калып калды” деп чуу салышы мүмкүн. Кеп мамлекеттин кызыкчылыгында болуп жаткандан соң андай бузукуларды тартипке чакырабыз. Кыргыз-Өзбек чек арасы эч качан чечилбесе, Кыргыз-Тажик тил табыша албаса, үчөө бири-бири менен кырылышып, Фергана өрөөнү жаңжалдын очогу болуп турса деген тышкы күчтөр дагы бар. Ушуну билип туруп, атайын бузукулук кылган акмактарды тыябыз. От менен ойнобойлу. Бул оюнчук эмес. Мурда бийлик жалтактай берчү. Мисалы, автоунааны камсыздандыруу боюнча мыйзам даярдап, анан бирөө “каршыбыз” деп жазып койсо мыйзамды артка кайтарып алчу. Ушундай да тартип, ушундай да мамлекет болобу?

– Маселени күчкө салып чечүү туурабы? Убагында чындык издеген Садыр Жапаровдун тарапташтарын да бийлик “бузуку” деп куугунтуктап жүрчү...

– Бул күчкө салуу эмес, мыйзамдын талабы. Тынч митинг, чогулуштар болсо маселе жок. Чыга бер, айланайын. Демократия эрежеси боюнча, шайлоо 5 жылда 1 гана жолу болот. Эл шайлады, президент жана депутаттар мандатты, жоопкерчиликти алышты, бүттү, иштешсин. Күн сайын, саат сайын саясатын өзгөртпөйт. Андан кыйын болсоң 5 жылда өзүңдү көрсөтүп, кийинки шайлоодо эсептешип ал. Кеп азыр Садыр Жапаровдун бийлиги эмес, мамлекеттүүлүктү сактап калуу жөнүндө болуп жатат. Ушуну айрымдар дегеле түшүнбөй коюшту. Улут катары толук калыптана электигибизди түшүндүм. Мамлекеттүүлүк деп күйүп-бышып жатсаң, ага айрымдар ашканадагы абысындардын деңгээлиндеги ой жүгүртүү менен баа беришет. “Кокуй, иш сапарга 100 миң доллар кетириптир, ошол акчага 2 үй сатып алсак болмок” дешет. Мамлекеттүүлүк деген – эң чоң бакыт, анын сөзсүз чыгымы болот да. Садыр Жапаров “мен катардагы 5-6-президент болгум келбейт, жаңы доорду түптөйм” деп жатат. Ал деле сырттан миллиарддап карыз алып, анын эсебинен элге жакшы көрүнүп, 5-6 жылды өткөрө алмак. Жок, антпеди. Кыйналсак да өз жолубузду табалы деп жатат.

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан