ЖУМУШ ОРДУНДА ЫДЫК КӨРСӨТҮҮ – КЫЛМЫШ. АГА ЖОЛ БЕРБЕ!

“Супер-Инфо” гезити жумуш ордундагы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө каршы 5 жумалык челлендж жарыялаган. Сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылгандар WhatsApp`тагы 0770882719 номерине окуяларын жазып жөнөтүшкөн. Бул социалдык долбоор Гендердик зомбулукка каршы уюштурулган кампаниянын алкагында демилгеленген. Жумуш ордундагы ыдык көрсөтүүнү кантип жойсо болот? Бул тууралуу атактуулардын оюн уктук.

“ЖЕТЕКЧИМ ТАРАБЫНАН ЫДЫК КӨРСӨТҮҮГӨ КАБЫЛГАМ”

Ассоль Молдокматова, коомдук ишмер:

– Жумуш ордундагы ыдык көрсөтүү, тилекке каршы, Кыргызстанда бар. КТРдин музыкалык-көңүл ачуучу программалар бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган кезде мен дагы ыдык көрсөтүүгө кабылгам. Ошол кезде телеканалдын башкы директору жосунсуз жоруктары менен тийишип, Лондон менен Парижге барып келүүнү сунуштаганда каршы болгом. Сунушунан баш тарткандан кийин ал мени телеканалдан кетирүүнүн жолун издеп асыла баштаган. Тийишүү, субординацияны бузуу кыргыз аялдары үчүн жагымсыз жана мындай болбошу керектигин айтып бир нече жолу митинг өткөрүп, коомчулукка билдирүү жасагам. Бирок жыйынтыгында арыз жазып жумуштан кеткенге аргасыз болгом. Мына менде ушундай кейиштүү тажрыйба бар. Бирок баса белгилеп айта кетейин, менин бул адептүү жүрүм-турумумду колдоого алып, бардыгы сыйлап калышкан. Жан дүйнөм дискриминацияны оор кабыл алды. Бул окуя мөөр сыяктуу эсимде калгандыктан азыркыга чейин аялдардын укугу үчүн күрөшүп келем.

Статуска жана карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө көз каранды болгону үчүн ыдык көрсөтүүгө каршы тура албай калгандар көп. Компаниянын жетекчилери кол алдындагы кыз-келиндердин тагдырын талкалап, кийин шылдыңдаган учурлар болгон. Бул тууралуу телекөрсөтүүлөрдү даярдап, эл алдына алып чыкканбыз. Ушундай окуялардын бири бир кызды өзүнүн жанын кыюуга жеткирген. Ал окуяда жетекчи кызга сексуалдык ыдык көрсөткөндөн кийин өмүрүнө кол салууну чечкен.

Мен эч качан мындай көрүнүшкө баш ийбейм. Ошондой эле аялдардын укугу үчүн аягына чейин күрөшөм. Негизи коомчулукка жигитчилик деген түшүнүктү жайылтып, эркектер аялдарды басмырлабай, тескерисинче баалап, урматташы керектигин түшүндүрүшүбүз керек. Ыдык көрсөтүү көйгөйү эл тарабынан сынга алынышы зарыл. Эң башкысы, маданиятка, эркек баланы тарбиялоого көңүл буруу шарт. Маданияттуу адам эч качан башка бирөөнү басынтпайт. Интеллигент – бул ичинде чектөөсү бар адам. Маданият менен интеллигенттүүлүк дүйнөнү башкарып, башкы орунда турушу зарыл!

“ООРУНУ ЖАШЫРСАҢ ӨЛҮМ АШКЕРЕЛЕЙТ”

Гүлзада Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:

– Мен да бир кезде жумушта ыдык көрсөтүүгө кабылгам. Анда аябай жаш болчумун. Жетекчим тийишкенде коркуп арыз жазып, жумуштан кетүүгө аргасыз болгом. Ал кезде жаш болгондуктан бул көйгөйдөн кутулуу жолу жумуштан кетүү деп ойлоптурмун. Апам Орусияда болгону үчүн бул тууралуу ага айта алган эмесмин. Атаң менен мындай темаларда ачылып сүйлөшө албайсың да. Кийин да ушундай окуя кайталанганда өзүмө ишенип калган кезим болчу, ал адамды сөз менен ордуна коюп койгом. Эркектер да мага жосунсуз жорук кылууга батына алышпайт.

Кыз-келиндер эгер мындай окуяга кабылса жашырбай айтып чыгышы керек. Тийиштүү органдар укугун коргоп берерин билиши зарыл. Анткени “ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” дегендей, бул көйгөйгө башынан бөгөт койбосо, аягы жаман бүтүшү мүмкүн. Бизде харассментке байланыштуу мыйзам жок болсо да, баары бир адамдын укугу бузулуп жаткандан кийин арыз жазып кайрылыш керек.

“АЙЫМДАР ЖУМУШ ОРДУН ЖОГОТУП АЛУУДАН КОРКУП ЫДЫК КӨРГӨНҮН ЖАШЫРЫШАТ”

Эркин Рыскулбеков, жарандык активист:

– Кыргызстанда бул көйгөй дайыма көмүскөдө калып келет. Кызматтагы даражасы канчалык бийик турса, ошончолук кызматынан кыянаттык менен пайдаланышат. Ошондуктан кол алдындагы иштеген кыз-келиндерге тийишкен жетекчилер аз эмес. Айымдар социалдык абалы төмөн болгонунан жана жумуш ордун жоготуп алуудан, үй-бүлөсүнөн ажырап калуудан коркуп эч кимге айтышпайт. Дагы бир “эл эмне дейт?” деген түшүнүк бар. Эгер жабыр тарткан бир кыз “жетекчим мага тийишти. Акылга сыйбаган иш кылды” десе, коомчулук “кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт. Өзүң күнөөлүүсүң” деп дайыма кыздарды күнөөлөшөт. Эгер сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылган келиндин жолдошу болсо, ага эки эсе оор болот. Жумушунан да, жолдошу тарабынан да басымга кабылат. Ошондуктан бул аябай орчундуу маселе.

Харассментке байланыштуу өзүм билген да окуялар бар. Мисалы, академик, интеллигенция чөйрөсүндөгү адам кол алдында иштеген кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн. Ал кыздын көйнөгүнө колун салып жиберген. Бул окуя ал кыздын психикасына оор сокку болгон эле. Чечилүү жолдорунун бири – бул көйгөйдү ачык айтып чыгуу. Экинчиден, коомго ушундай маселе бар экенин көтөрүп чыгып, жеткиришибиз зарыл. Коомдук талкууга алышыбыз шарт. Үчүнчүсү – мен үчүн “утопия”. Бирок эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева жумуш ордундагы сексуалдык ыдык көрсөтүү көйгөйү тууралуу мыйзам долбоорун көтөрүп чыккан. Ал кабыл алынса жакшы болмок. Анткени харассменттен, зордук-зомбулуктан жапа чеккен адамды мыйзам гана коргой алат.

“КЫРГЫЗ КООМУ ДАЙЫМА АЙЫМДАРДЫ КҮНӨӨЛӨЙ БЕРЕТ”

Улан Үсөйүн, жарандык активист:

– Харассмент же болбосо ыдык көрсөтүү –Кыргызстанда эң орчундуу маселе. Тилекке каршы, көбүнчө кызматкерлер ыдык көрсөтүүгө кабылып жатканын билишпейт. Моралдык, психикалык жактан жапа чеккенден кийин гана бул көйгөйгө туш болгонун аңдашат. Ыдык көрсөткөн адамга эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн, бул көйгөй көнүмүш адат болуп калган. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлө элек.

Мага сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылган кыз-келиндер көп кайрылышат. Көбүнчө жетекчилер, кесиптештери тарабынан, тааныштарынан, досторунан ыдык көргөндүгү тууралуу айтып беришет. Моралдык жактан өтө оор зыянга учурагандар окуясын ыйлап айтып беришет. Жабыр тарткан айымдар эмне үчүн коомчулукка кайрылып ачык айткандан уялышат? Анткени кыргыз коому күнөөнү аялга коюп, “сен өзүң ошого мүмкүнчүлүк түзүп бергенсиң” деп, колдогондун ордуна уяткарышат. Ошондуктан Кыргызстанда эң актуалдуу болгон бул көйгөй бар экенин элге жеткирүү үчүн чоң маалымат компаниясы иштеши зарыл. Ыдык көрсөтүү кылмыш экенин адамдардын аң-сезимине киргизишибиз керек.

Эгерде сиз сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылсаңыз, жогоруда көрсөтүлгөн ишеним номерлерине чалыңыз. Ал жакта тажрыйбалуу психологдор иштешет. Алар менен каалаган жагдай тууралуу сүйлөшө аласыз.

Ишеним номерлери:

111

112

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА