АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн санда)

Санжар бир аз болсо да Эрикке караганда сак болчу. Сүрөттү бир карап, берки экөөнү бир карап көздөрүн ирмегилеп туруп калды. Оюнда бул нерседен баш тартсам деп турат, бирок...

– Ошондо бул кыз ким? Аркасында ким турат? Бир аз абайлаш керек эмеспи?- деп келе жатты эле, Эрик күрөктөй колу менен далыга уруп калды.

– Эмне, корктуңбу? Энеңди, жаман коркоксуң сен! Корксоң келбе мени менен...

– Корккон жокмун, кийинкисин ойлонолу да.

Эркин сөзгө кошула берди.

– Аркасында эч ким жок, аркасында бирөө-жарым болгон кыз буга окшоп денесин сатпайт. Болгондо да...

“Атасындай адамга” деп айткысы келди ал, бирок токтоп калды.

– Коркутуп койгула!- деп күңк этти да, алдында турган бокалды көңтөрүп туруп кетти.

ххх

Күн нурлары жарык тийген май айларынын жумшак күндөрүнүн бири болчу. Ушул күндү кийин тергөөчү кайра кайталатып эстеткенде Айсулуунун эсинде так ушул жаркыраган күн калган экен. Жарык болчу ошол таң... Каргашалуу күн болору деле капарында жок өзгөчө аткан таң эле. Уйкусунан ойгонгон кыз шашкалактай берди. Рюкзагына пуантысын салып, кийимдерин иреттеп жатканда бөлмөсүнө апасы кирди.

– Кутман таң!- деди ал кызына башкача мээрим менен карап.

– Апа, эмнеге эрте турдуң?

– Айсулуу, мен сени менен бир нерсени сүйлөшөйүн деп убакыт таба албай жүрөм. Мен барда сен машыгуудасың же окуудасың, сен бар болгондо мен жумушта...

– Мен бүгүн эрте келем, апа, анан сүйлөшөлү. Бирок эмне болду, маанай анча эмес го? Атам экөөң урушуп калдыңарбы?

Альфия кызын узакка тиктеп турду. Экөөнү тамчы суудай окшош дешет. Качандыр бир кезде өзүндө ушундай таза, ишенчээк көз караш болду бекен? Ким билет? Өзүн билгени ал сак, дүйнөгө суктук менен караган, ашыкча кумарлуу адам эле. Бул андай эмес. Атасы экөөнүн ажырашканы жатканын укканда кейийт, атүгүл жашоого болгон ишеничин да жоготушу мүмкүн. Бирок өзү айтканы туура, башкадан укса мындан кыйын болот.

– Атаң экөөбүз сени жакшы көрөбүз. Муну билесиң да... Бирок жашоо дайым эле биз каалагандай болбойт, кызым.

– Апа, кечинде сүйлөшөлүчү, мен шашып жатам. Билесиң, Питерге даярдык жүрүп жатат да азыр.

– Жок дегенде эртең мененки тамакты ич.

Эне менен кыз ашканага киргенде куурулган жумуртка менен кофе даярдап атасы күтүп отурган экен.

– Ата, ой, рахмат. Жакшы болбодубу, тамак даярдап отурбай иче калып кетип калайын.

– Ооба да, менин уйкучу кызыма деп өзүм даярдадым. Эртең менен канча шашып жатсаң да тамак ичип жүр.

– Эч кимдин меникиндей атасы жок да,- деп эркелеген кыз атасын жүзүнөн чоп эттире өөп алды. Жаркыраган кыз дайыма ушундай маанай тартуулайт атасына. Анвар ичи жылый карап турду.

– Келгиле селфи кылалы менин жаңы телефонума, ата, апа, келгиле үчөөбүз... Ой, бир аз жакындашсаңар, эки, чи-и-з деп күлүп койгула. Апа, сен жакшы күлбөй калдың, кайра...

Кийин Айсулуу ушул күнү селфиге түшкөн сүрөттөрдү көп эстеди. Атасынын чарчаңкы жүзү, апасын өзүн зордоп жылмайганы, өзүнүн күлүңдөгөн көздөрү... Ушул сүрөттү кийин көп тиктеди.

– Чау, мен кеттим.

Ордунан турган кызын экөө эмнегедир өөп узатышкан ошондо. Аябай жылуулук менен узатышкан. Көрсө, бактылуу күндөрүнүн акыркысы ошол күн тура. Эшик жабылганда үйдүн бардык шаңы кызы менен кеткендей томсорушту.

– Бул кыз качан чоңоёт, эч нерседен кабары жок,- деди улутунган Альфия.

– Азыр эмес, убагы келгенде билсин. Экзамендерин жакшы тапшырып, Питерге барып келсин. Көңүлү алагды болбосун башкага...

– Сага окшош. Сендей ишенчээк, эч нерсенин баалуулугун билбейт. Туулган күнүнө белек кылган бриллиант кутусунан чыкпаган боюнча турат.

– Хм, сендей болушун каалайт белең? Мен, мисалы, каалабайм. Кудай дайыма ак адамдардын тарабында болот.

Альфия күйөөсүн ушундай жек көрө тиктеди. Ансыз да ооруп турган жерине тийди бул сөз. Эч нерсе деп айтпай чыгып кетти. Анвар да жумушуна кетти.

ххх

– Сен бүгүн көпкө машыктың, азаматсың. Бийлеген техникаң жакшы. Балетте техника менен чогуу эле эмне керек билесиңби?

– Эмне керек?

– Сахнада жашаш керек.

– Мен жашайм.

– Баарын унутуп, сен жана музыка гана калыш керек. Ичиңдеги толгонуу... Биз бий менен кайгыны да, кубанычты да бере алабыз. Техника менен сахнада жашап бийлөөнү айкалыштырганда гана чыныгы балерина болот.

– А мен чыныгы балерина боло аламбы?

– Албетте, алтын кыз.

– Рахмат сизге, Татьяна Ларова. Сиз эң мыктысыз!

– Кеч болду, эми кетели,- деди Айсулууга Татьяна Ларова.

– Жок, сиз кете бериңиз, мен дагы машыгам.

– Жалгыз калба. Үйүңө тез кет!

– Камтама болбоңуз, үйүм жакын го, тез эле жетип калам. Азыр терим сууй электе дагы жакшы даярданып алайын деп жатам.

– Макул, көрүшкөнчө...

Машыктыруучусу кеткенден кийин Айсулуу суу ичти. Кайра бийлеп баштады. Ага ушул жерде жалгыз калган жакчу. Өзү менен өзү калганда гана ал кыялындагыдай бийлечү. Кумар менен бийлечү. Ошентип жатып убакыттын кандай өткөнүн билбей калды. Эшикте кимдир бирөөнүн шыбыртын укканда гана токтой калды. Жүздөрүнө бет кап тагынган бейтааныш эки жигит кирип келди. Бири бою узун, далылуу, экинчиси чаканыраак.

– Силер кимсиңер?- деди коркуп кеткен кыз.

Үн катпай жакындай беришти. Чаңырып жиберди. Сыртта музыкалык окуу жайдын кароолчусу гана калган, ал дагы музыканын катуу чыккан үнүнөн укпай калды.

– Кыйкырба!- деди киркиреген үн менен бири.

– Эмне керек силерге?

– Сен керексиң! Экинчи элдин эркегине көз артпай жүрөт экенсиң! Ошону эскертели дедик.

Күрөктөй муштум менен назик кыздын жүзүнө бир тийди. Тоголонуп кетти. Эс-акылы эңги-деңги. “Эмне болуп жатат, ким булар?” деген алдастаткан коркунуч бийледи. Эрик менен Санжардын оюнда коркутуп гана коюш бар болчу. “Экинчи бийлей албай тургандай кылгыла” дегенди эстеп кетти Эрик. Бутун кайрып жиберди эле, сынып кетти. Кыз эсин жоготуп сулк жатып калды.

– Жүрү, кеттик,- деди Санжар акырын шыбырап.

– Жо-ок, кетпейм мен. Көрдүңбү, кандай кыз. Сенде балерина болду беле?- деди беркиси.

– Акылыңа кел!- деди титиреген үнү менен.

– Барчы ары, эшикти жаап кой!- деди тиги жаалданган үн менен. Куду жеген тамагына тап коё турган жырткычтай коркунучтуу эле.

– Акмак болбо! Бас, кеттик.

– Жогол, коркок десе...

– Өзүң бил...- деген Санжар чыга качты.

Алдында жаткан сулуу кыздын сулк денеси беркинин кумарын козгоп жиберди. Акылын тумандаткан оюнан кайта албай турду. “Мурда деле болбоду беле, эч нерсе болбойт, мага эстей жүргөнгө...” Далдайган караан жакындап келе жатты. Денесин жулмалап жатканда эсине келди кыз. Бакырайын деди эле, күрөктөй колдору менен оозун жаап салды. Акылынын бир бурчунда өзүн кордоп жаткан адамдын туруп баратып каркылдап күлгөн күлкүсү болчу. Тунарып бараткан акыл-эсинде ушул күлкү гана калды...

ххх

“Тез жардам” бригадасынын башчысы Тилек араң жан келген кызды көргөндө нес болуп калды. Үңүлүп калды.

– Ким бул?

– Балерина экен, кол салуу болуптур. Кароолчу чакырыптыр.

– Эсинде элеби?

– Жок, эсин жоготуп коюптур. Буту сыныптыр, мээси чайкалыптыр. Дагы...

– Акмактар! Айбандар!- деп бакырып жиберди Тилек.

Бул Айсулуунун аяш атасы Тилек болчу. Алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин шашылыш Анварга чалды.

– Дос, тез кел бизге...

– Эмне болуп кетти, тез арада жасай турган операция чыктыбы?

– Жок, башка...

– Тилек, үнүң жаман сенин, эмне болду?

– Айсулуу...

– Айсулууга эмне болуптур?

– Дос, кел, келгенде айтайын, тез кел, сураныч...- деп коё салды. Андан башка нерсе айтканга акылына эч нерсе чүргөлгөн жок. “Келгенде билсин” деди. Альфияга телефон чалды. Өчүк экен.

Анвар кантип ооруканага жетип барганын билбей калды. Тилекти көрө сала аптыгып кетти.

– Жүрү, кабинетиме...

Уккан кулагына ишене албай калды. Аз убакытта Анвардын дүйнөсү ала салып кетти. “Ким кылды муну? Эмнеге менин кызым? Кантип?” деп жатты кургаган эриндери менен.

– Мээси чайкалыптыр, буту томугунан сынып кетиптир, анан...

– Эмне?

– Зордукталыптыр...

Анвардын чакчайган көздөрү Тилектин эсинде калды. Башын чайкап ишенбей турду. Мезгил, убакыт токтоп калгандай бир абал болду.

ххх

Дарынын күчү менен уктап жатты кыз. Бирок эсине келип-келбей атасынын дирилдеп ыйлап жатканын билди. “Ата, ыйлабачы, мен жакшымын” деп айткысы келет, бирок тили күрмөөгө келбейт. Кайра эле айлампанын ичинде түшүп келгендей эсине бир келип, бир келбей жатты. Каргашалуу күндүн кийинки таңы атты.

Альфия өзүнө келген телефон чалууларды эртең менен көрдү. Кийинки учурда уктай албай, уйкусуздуктан уйкунун дарысын дозасынан көп ичип алган эле.

– Айсулуу?- деп барып кызынын бөлмөсүнө кирип жыйналып турганын көрдү.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА