Таласбек Дүйшалиев дегенде атынан ыргып тай казанга түшүп бара жаткан же тай казанга урунуп жерге кулап түшкөн көрүнүштөр көзгө тартылат. Учурда Москвада иштеп жаткан көк бөрүчү менен маектештик. Барганына аз убакыт болсо да мекенге болгон сагынычты сезип, "туулган жердин жылан, бакасы дагы сулуу көрүнөт деген чын экен" дейт ал.
Туулган жылы – 1996-жыл, 1-апрель
Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Сөгөт айылы
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Билими – Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженер-техникалык факультетин бүтүргөн
Ойногон командасы – “Достук”
Амплуасы – Чабуулчу
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы
– Салам, Талас, ден соолук жакшыбы? Качантан бери Москвадасың? Ал жакта эмне иш менен алексиң?
– Жакшы, рахмат. Москвага келгениме 3 ай болду. Алгач мен келгем, менден кийин келинчегим келди. Биз дагы эл катары иштеп көрөлү дедик. Буга чейин ашпозчу болуп иштеп көрдүм, учурда такси кызматында иштеп жатам.
– Жыл бою көк бөрү ойноп жүрчүсүң да, ал жакка кеткенден бери оюндарды сагынып калсаң керек, ээ?
– Москвада деле кыргыздар жума сайын улак уюштурушат экен. Өткөндө бир оюнга мен да барып, моокумум канганча ойноп келдим.– Негизи көк бөрүгө эмнеден улам кызыгып калдың эле?
– Ата-тегим, бир туугандарым улакчы болгондон кийин канга сиңип калыптыр. Атамды ээрчип жүрүп эле аралашып кеттим. Жакшы аттарды алып берип, улак ойноп калышыма атамдын салымы чоң. “Мындай-тигиндей кыл” деп көп нерсени үйрөттү.
– Командаларда качантан баштап ойной баштадың? “Достук” командасынын курамына кандайча кошулуп калдың?
– Биринчи жолу 2017-жылы президенттин кубогунда Кемин шаарынын “Илбирс” командасынын курамында оюн талаасына чыккам. 2018-жылы «Бакубат Талас» командасына кошулуп, эки жыл ойнодум. 2020-жылы “Достук” командасынын жетекчилиги байланышып, командага чакырышты. Ошентип “Достукка” өтүп, оюн көрсөтүп калдым.
– Тай казанга урунган учурларың көп болот, жаракат алып калам деп кооптонбойсуңбу? Тай казансыз көк бөрүгө кандай карайсың?
– Тай казанга урунган жактан биринчи орунда турам го (күлүп). Жаракат алып калбайын, этияттап чабайын деген учурлар болот, бирок оюн башталгандан кийин унутуп деле каласың. Көк бөрүнү тай казансыз ойносо болот. Айылда жер улак деп эле тай казансыз чабабыз. Бирок тай казан менен такыр башкача, кызыктуу, эреже бар, тактика менен ойнойсуң. Улакты тай казанга салган өзгөчө сезим. – Кооз салымдарды жаратуу даярдыктан көз карандыбы же командалаштардын шарт түзүп берүүсүнөнбү?
– Ийгиликтүү оюн көрсөтүү, албетте, командалаштарыңдын жардамы менен болот. Оюнда коргоочулардын салымы өтө чоң, чабуулга ошолор жол ачып беришет. Даярдык дагы маанилүү роль ойнойт.
– Оюнга минип чыккан аттардан купулуңа толгону кайсы болгон?
– Командада минген аттардан мага Миллион, Каркыра, айылда чаап жүргөн Хабиб деген аттар купулума толгон. Улакка жаңы үйрөнүп жүргөндө Зайчик деген атым бар болчу. Негизи ошону менен улакчы болгом, аябай мыкты ат болчу, ал өлүп калды. Кахармандын баласы Каркыра абдан жакшы ат болчу. Күлүк, ургуч, эки жакка бат кайрылган, бат токтогон оозу элпек ат эле. Оюнда кулап оор жаракат алып калганда эле дароо союлду. Мындайда ичиң ачышып калат.
– Өзүң Таластын кулунусуң, оюнда Таластын командасына каршы ойноого туура келет да, сага нааразы болгон жердештериң болбой койбосо керек?
– Ооба, мен келишимдин негизинде Ош облусунун командасында улак чаап калбадымбы, финалдык оюнда Таластын командасына каршы чыгып калабыз, клубдук оюндар экенин түшүнбөй “Ошко сатылып кетти” деп мени жаман көргөндөр болот. Бирок бара-бара клубдук оюн ушундай болуш керек экенин түшүнүп келе жатышат. Ошпу, Таласпы, баарыбыз эле кыргызбыз да.
– Учурда трансфердик терезе ачык, клубдардан сунуштар түшүп жатабы? “Нооруз” турнирине келип каласыңбы?
– “Достуктагы” келишим бүткөн, азырынча ал жактан эч кандай сүйлөшүү боло элек. Бир ирет башка командадан чакыруу болду. Оюн жакындаганда дагы көрөбүз го. Ноорузга барар-барбасым да азырынча белгисиз.
– Канча бир туугансың? Ата-энең, үй-бүлөң тууралуу да айтып берсең.
– Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусумун. Ата-энем үйдө мал-жан менен эле алек. Өзүм 2017-жылы үйлөнгөм. Келинчегимдин аты Адина, экөөбүз кыздуу болгонбуз, кызыбыз 3 жашка чыгып калды. Келинчегим жаңы үйлөнгөн жылдары бир айлап сборго кеткенде “ойнобой эле койчу” деп каршы болуп жүргөн, кийин улак ойногонума көнүп деле калды.
– Кыска убакыт болсо деле мекенге болгон сагынууну сезсең керек, ээ? Улак ойноп эле мекенимде жүрө бербей деген ойлор болдубу?
– Ооба, абдан сезилип жатат. Мен айылдан Бишкекке барсам да айылды сагына берчүмүн. Азыр бул жактан андан да катуу сагындым. “Туулган жердин жылан, бакасы дагы сулуу көрүнөт” деген чын экен. Кетип калсамбы дейм, кайра ушунча келгенге жараша иштейин деп эки анжы ойдо жүрөм. Кызымды, ата-энемди сагындым.
– Маегиңе рахмат!
Динара Акимова