ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 17-ЯНВАРДАН 23-ЯНВАРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Бул аптада эмоцияны башкара билүү сунушталат. Болбосо уруш-талаштан улам максаттарга жетиш үчүн жасаган мээнетиңиз толук өзүн актабайт. Аптанын биринчи жарымында жакындарыңызга көбүрөөк көңүл бурбасаңыз, таарынтып аласыз. Аптадагы эң ийгиликтүү күндөр шаршемби, бейшембиге туура келет. Бул күндөрү жалгыз бойлорго болочок түгөйүн табуу мүмкүнчүлүгү жогору, каражат жагынан да пайдалуу сунуштар түшөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын биринчи жарымында ден соолукка көбүрөөк көңүл буруңуз. Бүтпөгөн түйшүктөр чарчатып, энергияны түгөтөт. Аны толуктоо үчүн пассивдүү эс алууга жана уктоого көбүрөөк убакыт бөлүү керек. Аптанын экинчи жарымы жемиштүү өтөт. Убактыңызды досторго, көңүлүңүз төп келген адамдарга бөлсөңүз утулбайсыз. Талант-шыгыңыз киреше алып келчү убак, пайдалуу сунуштан баш тартпаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Үй-бүлөлүү эгиздерге балдарына көбүрөөк көңүл бөлүүгө туура келет. Кайсы бир учурда балдар сизди укпай жаткандай сезилет. Балаңызды түшүнгөнгө, укканга аракет кылыңыз. Карьерадан өсүүгө ылайыктуу апта. Жеке жашоодо мамилелерде сабырдуулук кылыңыз, антпесе чыр-чатак жаралуусу мүмкүн. Маанайыңыз өйдө-ылдый болуп, сиркеңиз суу көтөрбөгөн учурлар болот. Жуманын аягында жагымдуу сюрприз күтөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптанын башы көбүрөөк чыңалууларды жаратат, андыктан жакын адамдар менен сүйлөшүүдө курч темаларды баштабай туруңуз. Антпесе чыр чыгып кетүү коркунучу бар. Үй-бүлөдө улуулар менен жаштардын ортосунда келишпестик болушу мүмкүн. Конок чакыруу же конокко баруу сунушталбайт. Дем алыш күндөрдү өзүңүздү өнүктүрүүгө, эс алууга арнаганыңыз жакшы. Сүйүү жаатында сүйүктүүңүзгө ишениңиз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жылдыздар сизге ден соолукка кам көрүүнү эскертишет. Иммунитетиңизди бекемдеөгө көңүл буруп, гигиенанын сактоо, жылуу кийинүү сунушталат. Жаңы нерселерди үйрөнүүдө бир топ кыйынчылыктарга учурайсыз, бирок жеңилип калбаңыз. Эсиңизде болсун, аракетке – берекет. Бизнесте же жеке жашоодо түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн. Дем алыш күндөрү косметикалык же профилактикалык процедураларга барыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Каржыны үнөмдүү колдонбосоңуз, апта аягында карыз сурап каласыз. Бул жумада сатып алуулар ийгиликтүү болбойт, чоң нерсе сатып алууну кийинкиге жылдыра туруңуз. Түгөйүңүз менен да пикир келишпестик каржыга байланыштуу орун алышы мүмкүн, демек, бул жаатта тема козгобоңуз. Жумушта кошумча милдеттерди моюнга алып өзүңүзгө жүк артпаңыз, аны бүтүрө албай өзүңүзгө карата жаман пикир жаратасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Чоң нерсе сатып алууну пландап жүрсөңүз, ишке ашырсаңыз болот, тандооңуз өзүңүзгө жагат. Жеке жашоодо бир аз түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн. Жуманын экинчи бөлүгү жагымдуу болот. Жумушта маанилүү келишим, жолугушууларды уюштурарда убактыңызды туура эсептеп алыңыз, антпесе өзүңүз жетишпей уят болосуз. Дем алыш күндөрү энергияңыз ашып-ташып турат, пайдалуу жакка жумшаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жаңы адамдар менен таанышуулар орун алат. Ден соолукка сак болуп, эскирген тамак-аш жеп алуудан абайлаңыз. Маанилүү жолугушууларды жуманын аягына жылдырыңыз. Жакындарыңыз менен мамилеңиз калыптагыдай болот, аларга убакыт бөлгөнгө аракет кылыңыз. Ар кандай кырдаалдарда биринчи кадам таштоодон коркпоңуз. Каржы жаатында бир аз көйгөй жаралышы мүмкүн, анын алдын алыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бейшемби күнгө чейин достор менен жолугушуу, көңүл ачуучу жайлардан, базарга баруудан алыс болуңуз. Антпесе апта аягында карыз сурап каласыз. Апта соңунда конок тоссоңуз, же конокко барсаңыз жагымдуу болот. Кичине көйгөй жаралса эле бирөөдөн жардам суроого шашпаңыз, өзүңүзгө ишенсеңиз, баарын жайгара аласыз. Таарынышкан достор менен табышасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Апта башында кыйынчылыктарга туш келесиз, буга көз караштардын келишпестиги себеп болот. Улуулар менен урушуп калуунун ордуна урмат кылыңыз. Алардын кеңеши, колдоосу керек болот. Жуманын экинчи жарымында жагымдуу жолугушуулар, конокко баруу күтүлөт. Айланаңыздагы адамдар сизге жакшы маанай тартуулашат. Чыгармачылыкта жаңы шык, эргүүлөр жаралат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жеке жашоодо да, бизнесте да ыңгайсыз учурлар жаралат. Бейшемби күнү каржы иштерин жүргүзүүдө абайлаңыз. Аптанын экинчи жарымында абал жакшырат. Жеке жашоодо жагымдуу сюрприз, мамиледе гармония орун алат. Эс алууга көңүл буруңуз, антпесе кийинки аптада жумушта энергияңыз жетпей кыйналасыз. Дем алыш күндөрү капчыкты калыңдатууга жакшы сунуш түшөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бул аптанын башында спорт менен машыгуудан, спорттук мелдештерге катышуудан баш тартуу сунушталат. Жаракат алып калуу коркунучу бар. Тиричилик техникаларын колдонууда да этияттаңыз. Интернеттен таанышкан адамга ишенип бардык сырыңызды айтып салбаңыз. Алданып калуу коркунучу бар. Жуманын экинчи жарымында театрга барсаңыз, имидж өзгөртсөңүз жагымдуу болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 997, 14-20-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан