Өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, дарыканадан дары талап кылган жаран кармалды.
Кайра парламенттик шайлоого Бишкектин 2 районунан 26-январга карата 18 талапкер катталды.
Кыргызстан дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салды.
Экс-премьер Улукбек Марипов Кыргыздын Сауд Арабиясындагы элчиси болуп дайындалды.
Башкы прокуратура: Ош облустук куурчак театры бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз иштеткени аныкталды.
Апасынын көз жумганына байланыштуу Майрам Акаева 25-январда Кыргызстанга келди.
УКМК: Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билим тууралуу диплому текшериле баштады.
Эркин Тавашаров “Электр станциялары” ишканасынын директору болуп дайындалды.
Өлкөдө 2021-жылы 10 344 тонна балык өндүрүлгөнү маалымдалды.
Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова парламент депутаты болуп бекитилди.
Кыргызстанда 2021-жылы 2 жарым миңдей бала ар кандай себептерден улам мектепке барган эмес.
27-январга карата Кыргызстанда коронавирус менен 7545 адам ооруп жатканы, анын 494ү оор абалда экени айтылды.
Парламент депутаты Марлен Маматалиев педофилдерди 25 жылга эркинен ажыратууну демилгеледи, учурда бул мөөнөт 15 жыл.
Кара-Балта шаардык кеңеши 2022-жылга Кара-Балта шаарынын бюджетин 238 миллион 775 миң 700 сом суммасында бекитти.
Бишкектеги Маммология борбору жоюлду.
Парламенттеги аял депутаттарга кызматтык автоунаа берүү керектигин айрым кесиптештери сунуштап чыгышты.
Президент Садыр Жапаров "Индия-Борбордук Азия" саммитине катышты.
11-апрелде Кыргызстан боюнча балдарды мектепке 1-класска электрондук каттоо ачыларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ош шаарында алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы маалымдалды.
Чүйдүн Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу бөлүмүнүн адиси пара алып жаткан жеринен кармалды.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.