– Мындай кырдаал Борбордук Азиядагы, Кыргызстандын тарыхындагы энергетика системинде биринчи жолу болду. Абалды “Датка-Кемин” электр чубалгысы же өзүбүздүн энергетикалык шакекче аркылуу жөнгө салабыз,- деди Бекмурзаев. 25-январь күнү кечке жуук республика боюнча электр жарыгын, жылуулук берүү калыбына келтирилди деп маалымдалды.
“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы, “Датка” жана “Кемин” көмөкчордондору 2011-2015-жылдары 389 миллион долларга курулган. Бул акчаны Кыргыз өкмөтү Кытайдын “Экспорттук-импорттук банкынан” карызга алган. Өлкөнүн мурунку бийлиги бул линиянын курулушу Кыргыздын энергетикалык коопсуздугун камсыздап, ошондой эле өлкөнү ири чыгымдан куткарды деп айтып келген. Мисалы, 2015-жылга чейин Кыргыз өлкөсү Токтогул ГЭСи өндүргөн электр энергиясын өлкөнүн түндүк бөлүгүнө транзит аркылуу өткөрүп бергени үчүн Казакстан менен Өзбекстанга жыл сайын 8-10 миллион доллар төлөп келген деген расмий маалымат айтылган. Ага таянсак, 2015-жылдан бери бул акча төлөнбөйт. Ал эми министр Бекмурзаевдин “кырдаалды “Датка-Кемин” линиясы аркылуу жөнгө салабыз” дегени энергетикалык көз карандысыздык дегендин ачык далили болду көрүнөт.
Акылбек Жапаров “2022-жылы Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу иши башталат” деп билдирди 25-январдагы маалымат жыйынында. Курулуштун 1-этабына 486 миллион доллар керек болорун кошумчалады. Айта кетсек, Камбар-Ата 1 ГЭСин буга чейин орусиялык “Русгидро” компаниясы куруп баштап, кийин келишим жокко чыгарылган. Мындан улам Кыргызстандын моюнуна 37 миллион доллар карыз илинген.
Лунара Бекиева