Адилет Азимов, ырчы: «ЗАРИНА ЭМИ ЖҮРӨГҮМДҮН ПРОДЮСЕРИ»

Гезитибиздин башкы бетин кооздогон үлпөт кийимчен жубайларды көрүп өзүмчө толкундандым. Жаңы гана баш кошуп көздөрү сүйүүгө толуп турган жаш жубайлар Адилет Азимов жана жубайы Зарина Кыдыралиеванын махабат баянына көз чаптырыңыз. Зарина айым Адилет мырзанын продюсери катары белгилүү.

– Куш боо бек болсун! Адилет мырза, Зарина айым ырчылыкта продюсериңиз эле, иштен сүйүүгө кантип өтүп кеттиңиздер?

Адилет: – Рахмат. Өзүнөн-өзү эле өтүп кетти.

Зарина: – Өзүбүз дагы түшүнбөй калдык, чынында. Жөн эле бири-бирибизге көнүп калдык болуш керек, сүйүү жөнүндө эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес деп көпкө кабыл албай жүрдүк.

А.: – Башында Зарина менеджерим болчу, кийин продюсерим болду. Анан минтип жүрөгүмдүн продюсери болуп калды. Бири-бирибизди бир көз караштан түшүнөбүз. Жеке концертимди чогуу бердик. Мен карындашымды турмушка узаткам. Ошол тойду уюштуруп жүрүп дагы экөөбүз абдан жакын болуп калдык. Тойдун 40 пайызын Зарина уюштурган. Ары-бери чуркап баарына жетишип жүрдү. Тыңдыгы менен башымды айлантып алды (күлүп). Ошондо биз баш кошушубуз керек экенин түшүнгөм. Тойдо башкача көйнөк, чач жасалгасы менен сулуу болуп кирип келе жатканда жайлатылган кадр болуп көзүмө урунган. Сезимдер ошол кезде күчтөндү көрүнөт.

З.: – Ошондо сүйүп калдыңбы (күлүп)?

А.: – Мен негизи Заринаны көп мактабайм, бүгүн ачык интервью берели дедим, ошон үчүн бүгүн мактасам да болот. Эл дагы бул өзүмдүн тандоом экенин, сүйүп үйлөнүп жатканымды билсин.

З.: – Жашообузда биринчи жана акыркы жолу мени мактап жатасыңбы (күлүп)?

– Кантип иштешип калдыңыздар эле?

З.: – Мен соода борборунда сатуучу болуп жүргөн кезде Адилет келип телефондун бир аксессуарын алды. Ырларын жактырып угуп жүрчүмүн. “Сенин үнүң жакшы го, эмнеге элге алына турган ырларды ырдабай, оор ырларды ырдайсың?” дедим. “Жаңы ырларды жаздырып жатабыз” деген. Кийин мен радиодо продюсер болуп иштеп калдым. Ошондо Адилет эфирге келгенде “иштешели, мен сенин менеджериң болуп берейин” дедим. Бул башында өзүм эле иштейм дегенсип бир аз кыйылды. Мен амбициялуу болгонум үчүн мунун уруксаты жок эле ырларын алып радиолорго берип, иштеп баштадым.

А.: – Ошол кезде Улан Жумабаевдин “Сүйүү күчү” деген ырын жаздыргам. Ошону элге жайылтуу ишин Зарина кылган. Ыр кеңири тарап, эл мурдагыдан жакшы тааный баштаганда “Зарина менен иштешсем жакшы окшойт, баары оңой да болуп калды” дедим. Чыгармачыл адам туруп эле башка нерсени ойлоп жарылып кетип, аябай чыргоо болот. Ошондой учурларда мени Зарина оңдоп, мүнөзүмдү жайгарып коёт. Аябай тың, кээде арты-артынан той-кечеде жүрүп чарчап калганда костюмдарымды бир заматта кийгизе салат. Эстесем, мага бир дагы жаман нерсе кылган эмес. Көптөгөн жакшы сапаттары бар.

– Зарина айым, сиз Адилет мырзанын кайсы сапатына карап тандадыңыз?

– Адилет аябай келишимдүү, жагымдуу. Башында иштешип баштаганда эч нерсени жактырбай эле чыргоолоно берчү. Ырчылардын баары эле ушундайбы, иштебей эле койсомбу деген ойлор болгон. Бирок “жок, мен ушул ырчыны чыгарышым керек, эл “ушул ырчынын артында ушундай продюсери бар” деп таанышы керек” деген амбициям роль ойноп, тытынып эле иштеп жүрө бердим. Кийин менде жактыруу сезими болду, бирок акыркы убакыттарга чейин ошол сезимден коркуп, жашырууга аракет кылдым. Көбү Адикти эрке дешет. Эркелиги бар, бардык жакта эркелейт, сүйлөгөндө да эркелеп сүйлөйт. Анткен менен орчундуу маселелерге келгенде “мен ушундай деп жатам, мен айткандай болот” деп ошол сөзүнөн кайтпайт, эки сүйлөп эзиле бербейт. Абдан ак көңүл. Менден кичүү болсо дагы менден улуудай кадамдарды жасап койгон сапатын байкап, муну тандасам, жашоодо мени таарынтпайт дедим.

А.: – Ортобузда 5 жаш айырма бар, Зарина менден улуу. Көп эле сөздөр айтылат, социалдык тармакта комментарийлер келет. Жаман сөздөргө да, жакшы сөздөргө да даярбыз. Бул менин жеке жашоом, ар ким оюн айта берет, бирок алар мени менен жашабайт да. Бул менин өзүмдүн тандоом. Жакындарыма “бир жаман сөз укчу болсом силерге эшик жабылат” дедим. Мен тандап алган жубайымды ар дайым коргойм.

З.: – “Жаш айырмачылыгыбызга карата ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн, сен көңүл бурба” деп Адилет мени даярдай берет. Артымда күчтүү мырза турганда мен эч нерседен коркпой эле койсом болот экен деп калдым. Экөөбүз 2018-жылдан баштап кыз-жигит катары сүйлөшүп баштаганбыз. Бирок “үйдөгүлөр каршы чыгышы мүмкүн, сен жаш кызга үйлөнүшүң керек, үйлөнүү тоюңду продюсериң катары мен уюштурам” деп экөөбүз чогуу отуруп алып Адилетке кыз издечүбүз. Анткен менен ичимден аябай кызганып кетчүмүн. Адилетке көп кыздар жазат, жолугушууга чакырат, үйгө чейин келип белек берип, номерлерин кагазга жазып машинасына чаптап кетишет. Кызганып кагаздарды айрып жиберчүмүн. 2020-жылы “мен тийбейм, сен албайсың” деп бир чечимге келип мамилеге чекит койдук. Эки айдай сүйлөшпөй жүрдүк. Ошондо экөөбүз тең депрессияга кабылганбыз. Анан Адилет “мен сага көнүп калгам, кичинекей кыздар менен сүйлөшө албайт экенмин” деди. Кайрадан табыштык. Эми минтип баш кошуп жатабыз.

– Жыл жаңырганда баш кошолу дедиңиздерби?

А.: – 9-январда баш коштук. Ата-энем “жөн эле созуп жүрө бересиңерби, үйлөн. Көшөгөнү даярдап койдук, келинди алып кел” дешти. Манас Алыкулов, Нияз Касымов досторум менен ала качуу сыяктуу кылып келинди үйгө алып келдик.

З.: “Шашпай эле күздө баш кошпойлубу” десем Адилет “азыр мени менен кетесиң же ушуну менен бүттү” деди. Унчукпай эле жанына отуруп кетип калдым (күлүп). Бул жерде Адилеттин чечкиндүү мүнөзү жеңип кетти. Кандай кабыл алышат деп эле акыркы убакытка чейин макулдугумду берген жокмун.

– Анан жакшы эле кабыл алыштыбы?

З.: – Атам деле, апам деле “экөөңөр жетелешип ушунча нерсеге жеттиңер, мындан ары дагы жетелешип оокатыңарды кыла бергиле, бул үй-жай силердики, бизди неберелүү кылгыла, болду, эң негизгиси, бактылуу болгула” дешти. Буга чейин атам-апамды тааныгандыктан мага оор деле болгон жок. Бат эле көнүшүп кеттик.

– Бактылуу болуңуздар.

Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
Адилет Азимов өзүнүн продюсерине үйлөндү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
XATSAN125
2022-02-02 00:20:11
Ким бул озу ачсан эле ушулго же акчаны кобураак берип сайттын болгон жерине чыгар дегенби .Эки созду бириктиргендин баары ырчы эл артисти болуп олдуго иинен питине чейин
0
XATSAN125
2022-02-02 00:20:56
Кийинки жылы ажырашып кеттик тиги бу олгону калдым деп чыгарат
0
Paprikafm
2022-02-03 14:27:03
Ооба башында Максат мн Нурзат да укмуш суйуштук деди эле, силер деле бири бирибиздин ойлорубуз дал келбеди деп чыга каласынар
+4
jaskaaa
2022-02-04 00:36:04
Адилет мырза чынында таланттуу. Үнү закылдар жагымдуу.
-1
Bishkek-Kg
2022-02-04 02:22:23
Булар өзү кимдер ыя?
+2
XATSAN125
2022-02-04 19:33:55
Bishkek-Kg,современный ДУБАНАЛАР деп койсок болот
+2
erkeleim
2022-02-04 10:53:00
Козу кылый аял экен ээ. Кызы менен алганына Караганда суйууго каттуу башы айланганго
-1
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан