Анонс! Жакында... Жаңы сериал... КАПКАН

– Менден кетем дейсиңби, сен менденби, ха-ха-ха!- деп кагазды кармап алып каткырып күлгөн кишинин үнү шаардын борборунда жайгашкан хан сарайды жаңыртты. Бул учурда кыз үйдөн алыс узай элек болчу. Күйүп-бышып сыртка чыгып жигиттерине аны алып келүүгө буйрук берди. Бир заматта чырайлуу жаш кыз кишинин алдында отурду. Кыз бул күнү чыга алгыс тузакка түшкөнүн түшүндү.

Так ушул маалда сүйүүдөн башы тумандап турган аялдын сезимдерин башкарууга күчү жетпеди. Кечээ эле балдарын желден-сууктан коруп чарк айланып жүргөн эненин көзүнө бүгүн этегине жармашып ыйлаган балдары, "кетпе" деп жалдыраган жолдошу көрүнбөй жатты... Бакыттын көзүн тапкансып жаш жигитти ээрчип кете берди...

Жан Айдардын калемине таандык бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушун чагылдырган жаңы сериал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 999, 28-январь - 3-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан