Дүйнө жүзүндө 100 жылдан ашык убактан бери күйүп турган лампочка бар экенин билесизби? Ал Калифорниянын Ливермор шаарындагы Өрт өчүрүү бөлүмүндөгү лампочка. Маалыматтарга караганда, кыска үзгүлтүктөрдү эске албаганда ал 1901-жылдан бери күйүп турат.
Узак мөөнөт жанып тургандыктан бул лампочка “Гиннесстин рекорддор китебине” кирген жана лампочканын эски версиясы катары далил болуп келет. Лампа атайын орнотулган веб-камеранын жардамы менен тынымсыз видеого тартылып турат жана видеону расмий сайттан онлайн режиминде көрүүгө болот.
“100 жылдык лампа” АКШнын Огайо штатында Шелби шаарында “The Shelby Electric Company” тарабынан 110 вольттук чыңалууга эсептелип чыгарылган.
Анын адаттан тыш чыдамдуулугун биринчи жолу 1972-жылы кабарчы Майк Данстан Ливермордогу жашы улуу адамдар менен сүйлөшүп жатып байкаган. Ал “Tri-Valley Herald” деген жергиликтүү гезитке дүйнөдөгү эң эски лампа болушу мүмкүн деп жазган. Данстан лампочканы узактан бери колдонулуп келе жаткан деп каттоо үчүн “Гиннесстин рекорддор китебине” жана Америкадагы General Electric корпорациясына кайрылган.
Расмий сайттын маалыматы боюнча, лампочканы башка орунда колдонуу үчүн алып кетүүдө 22 мүнөткө гана өчүрүлгөн. Андан кийин 1937-жылы бир жума оңдоо үчүн өчүрүлгөн.
Аталган лампочка учурда “100 жылдык лампа” аттуу комитет жана башка жергиликтүү уюмдар тарабынан каралат. Ливермордун өрт өчүрүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, лампа күйүп кеткенге чейин “жашайт”.