Тажикстан Кыргызстандан Ворух анклавына кирип-чыгууга жаңы жол курууну талап кылып жатат. Расмий маалыматка таянсак, Кыргыз бийлиги “адегенде Кыргыз-Тажик чек арасын толук тактап, биротоло чечип алалы” деген жоопту айтууда. Көпчүлүктү мындан аркы сүйлөшүүлөр, жаңы курулчу жолдун Кыргызга тийгизчү таасири кызыктырууда.
“ВОРУХКА КОРИДОР БЕРИЛБЕЙТ”
Баткендин Лейлек району эч качан анклавга айланбайт. Бул тууралуу 31-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Ташиев №39 протокол боюнча айрымдар чагымчыл маалымат таратып жатат дейт.
– Лейлек эч качан анклавга айланбайт. Протоколду кабыл аларда аны аткаруунун бардык механизмдери каралган. Документте Ворухка жол берүү үчүн жолдун статусу аныкталышы керек деп жазылып турат. Жолду ким курат, кимге таандык болот, ким тейлейт, ал жолдо кимдер жүрөт, баары аныкталууга тийиш. Бул үчүн мамлекеттер аралык келишим түзүлөт. Ошол макулдашууга кол коюлгандан кийин гана бул маселе чечилет. Ага чейин эч кандай жол курулбайт. Кайсы бир деңгээлде Ворухка жол беришибиз керек, алар кирип-чыгып турушу кажет. “Ворухка коридор берилгени жатат” деген жалган сөз, башкы максат – Ак-Сайдын тургундарынын коопсуздугу. Ворухка жол ушул айылдан өткөндүктөн ар кандай чыр-чатактарды азайтуу. Эгер Ак-Сайдын батыш тарабынан, Бакай тилкесиндеги жолду калтырсак, анда айылдын кеңейишине тоскоолдук жаралат. Анткени айылдын бир тарабынан дарыя агат, экинчи жагынан ошол жол өтөт. Ак-Сай кеңейиши керек,- деди УКМКнын жетекчиси.
“АДЕГЕНДЕ ЧЕК АРА ТАКТАЛСЫН...”
Парламент депутаты, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 39-протокол боюнча комментарий берди. Айтымында, сөз болуп жаткан жолдун статусу Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы толук такталып, делимитация жана демаркация иштери бүткөндөн кийин гана кошумча макулдашуу менен аныкталат. 39-протоколдо “коридор” деген сөз жок экенин билдирди Төрөбаев.
“АБАЙЛАП СҮЙЛӨГҮЛӨ”
Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев Тажик тарапка кайрылып, чек арадагы кырдаалды курчутуучу билдирүүлөрдү жасоодон алыс болууга чакырды. Учурда Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы иштеп жатат.
– Чек араны тактоодогу талаш-тартыштарды согуштук аракеттер менен чечүүгө болбой турганын, буга чейинки куралдуу жаңжалдар көрсөттү. Антпесек, чек ара аймагында жашаган элдин өмүрү жана келечеги коркунучта. Мен тажик тарапты Кыргыз-Тажик чек арасы мыйзамдуу түрдө такталганга чейин, кырдаалды курчутуучу билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырам,- деди облус жетекчиси.
Белгилей кетсек, 27-январдагы жаңжалдын кесепетинен Кыргыз өлкөсү 3 миллион сомго жакын материалдык зыян тартканы эсептелип чыкты.
ПАРЛАМЕНТ: ЖАБЫК ЭШИК АРТЫНДА ТАЛКУУЛАНДЫ
2-февралда Жогорку Кеңеш чек арадагы кырдаалды жабык эшик артында талкуулады. Депутаттарга УКМКнын төрагасы маалымат берип, жагдайды түшүндүрдү. Эл өкүлдөрү талкууга түшкөн 39-протокол боюнча суроо беришкени айтылды. Ушул эле күнү Кыргыздын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбеков кызматтан бошотулду. Аталган элчиге “чек ара маселесинде үн катпайт, милдетин татыктуу аткарбай жатат” деп 1 жылдан бери сын айтылып келе жаткан эле.
ТАЖИКСТАН СТУДЕНТТЕРИНЕ КАЙРЫЛДЫ
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жеринде окуган же иштеген өз жарандарын – студенттерди жана мугалимдерди Кыргызстанга баруудан баш тартууга чакырат. Мындай билдирүүнү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жарыялады.Тажикстан ТИМи 2021-жылдын 21-майынан тарта Тажик жарандарынын Кыргыз жергесине кирүүсүнө же Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу башка өлкөлөргө өтүшүнө тыюу салынганын эскертти.
Белгилей кетсек, аталган тыюу жоюлган. 2021-жылдын 22-октябрында Кыргыздын министрлер кабинети Тажик жарандарына Кыргызстанга окуу жана билим берүү уюмдарында иштөө үчүн кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген буйрук чыгарган.
Ал эми Тажикстандын ТИМи тараткан жогорудагы кайрылуу боюнча Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги комментарий бере элек.
Лунара Бекиева