Сокулукта 3-февраль күнү 2 жашар бала аёосуз сабалып ооруканага түштү. Кызыгы, баланын ата-энеси баласы токмоктолуп жатканда жанында болгон. Бала буга чейин да сабалып ооруканага жатып чыкканы белгилүү болду. Аталган окуя, балага карата жасалган мыкаачы мамиле, ата-энесинин көңүл коштугу көпчүлүктү ойго салды. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.
“ШЕКТҮҮ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ”
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы окуя тууралуу:
– 3-февраль күнү Сокулук районундагы аймактык ооруканага 2 жаштагы сабалган наристе түшкөн. Дарыгерлер текшергенде баланын денесинде көк ала тактар байкалып, кыйноого алынганы билинген. Наристе баш мээсинен жаракат алган. Бетинде жана моюнунда сыйрылган жерлери болгон. Ошондой эле баланын колу-буту күйгөнүн, жыныстык мүчөсүндө жараат бар экенин аныкташкан. Баланын апасы 21 жаштагы А.Ч. жана атасы 22 жаштагы Н.К. Шопоков шаарында турушат. Алардын 4 жашар кызы жана 2 жашар уулу болгон. Ата-эне баланы сабоого шектүүнүн колунда мал карап иштешет. Ата-эненин айтымында, алардын көзүнчө баласын кожоюну, жумуш берүүчүсү А.С. сабаган. Баланын денесиндеги жарааттарды биринчи биологиялык атасы көрүп ооруканага кайрылган. Ооруканадан кичинекей баланын сабалгандыгы боюнча маалымат түшкөндө эле милиция кызматкерлери барып териштирүү жүргүзүп, керектүү экспертизалар дайындалган. Шектүү, 1987-жылы туулган А.С. аттуу жаран суракка чакырылып, ошол жерден 2 айга камакка алынды. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнүн жоругуна юридикалык баа берилет. Аталган кылмыш иши Сокулук районунан Чүй ОИИББине өткөрүлдү, тергөө иштери мындан ары биздин тергөө башкармалыкта уланат.
“БАЛАНЫН АТА-ЭНЕСИ КОЖОЮНУНА КАРЫЗ БОЛУШКАН”
Чуулгандуу окуядан улам маалымат жыйын берген Акыйкатчы институтунун өкүлү Аскат Азарбеков окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтты: – Баланы сабоого шектелген А.Сга баланын ата-энеси 60 миң сом карыз болгон. Атасы ошол карыздан кутулуу үчүн А.Снын малын карап иштеп жүргөн. Баланын ата-энесинин өздүгүн аныктоочу документтери жок. Ошондуктан алар укук коргоо органдарына кайрылмак түгүл, көзүнө көрүнгүсү келишкен эмес. Бала 19-январда да кулагы сынып ооруканага түшкөн, анда толук дарыланбай, жарааты ириңдеп кеткен эле. Учурда дарыгерлер кулагын кошо дарылап жатышат. Мындан сырткары шектүү А.С. баланын ата-энесин да коркутуп, сабап жүргөн. Ошондуктан баласынын сабалганын жашырып келишип. бирок акыркы окуяда чыдабай кайрылышкан. Учурда бала чоңдорду көрсө коркуп ыйлап жатат. Сабалган бала алгач Сокулук райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, кийин Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө которушту.
Николай Кемалетдинов, сабалган баланын атасы: “КОЖОЮНУМ БИРӨӨНҮ КЫЙНАГАНДАН ЫРАХАТ АЛАТ. БАЛАБЫЗДЫ МУРДА ДА КЫЙНАП ЖҮРГӨН”
Учурда сабалган бала дарыланып жаткан №3 балдар ооруканасына барып, анын атасынан окуя тууралуу сурадык.
– Айтсаңыз, окуя кандай болду?
– Коомчулукка окуя биз балабызды ооруканага алып барганда белгилүү болду. Үйдө баламды карап отуруп жыныстык мүчөсүндөгү жараатты көрүп чочуп кеттим. Дароо аялыма “балабызды ооруканага алып баралы, ыйлап жатат” дедим. Ооруканадан баламдын токмоктолгонун көрүп териштирүү башташты. Ал учурда мен эч нерседен коркпой, кожоюнум мени өлтүрсө өлтүрсүн деп окуянын кандай болгонун айтып чыктым. Баламдын сабалганын көргөн эмесмин, иштеп жаткам. Таңкы алтыда туруп эшикке мал караганы чыгып кетем, ошол бойдон түштөнүүгө киргенде үй-бүлөмдү көрөм. Кээде кечки саат 12:00гө чейин мал караган учурларым болот. Үйгө эрте кирсем кожоюнум кыйкырып-өкүрүп урушчу, ошон үчүн көбүрөөк эшикте жүргөнгө аракет кылчумун. Балам сабалган күнү иш берүүчүм баламды көтөрүп ойнотом деп жер төлөгө түшүп кеткен. Мен жарым сааттан кийин жер төлөгө түшүп аялыма “мен баланы үйгө алып кирейин” дедим. Карасам баламдын шымы жок экен, эч нерсени байкабай эле күрмөмө ороп көтөрүп алып үйгө алып келип керебетке отургузсам “ай, ай, ай” деп отура албай бакырып ыйлап жиберди. Денесин карап жыныс мүчөсүндө кесилген жерлерин көрдүм. Чыдап карап тура албадым, “мейли, мени өлтүрсө өлтүрсүн, ооруканага алып барам” дедим. Кожоюнума “100 сом берчи, балам чыңырып ыйлап жатат, тезинен ооруканага алып барышым керек” дедим.
– Иш берүүчүңүз мурун деле балаңызды токмокточу беле?
– Анын колунда жарым жылдан бери малын карап иштейм. Ал негизи эле адамды кыйнап, кемсинтүүдөн ырахат алат. Айтканын аткарбасам, айтышсам, кыйкырып-өкүрүп сабачу. Баламды оюнчуктай көрчү, кулак, моюндарын тиштеп ойночу. Бутуна таштарды байлап “сага бууланганга, тердегенге жакшы ыкма таап бердим” деп маашырлана каткырчу. Бизди мал короодон тышкары эч жакка чыгарчу эмес, чыкса бирөөлөргө айтып коёт деп коркчубу, билбейм, дайыма көз салып турчу. Чоң ата, чоң энемдикине барып келейин деп сурансам да “жок, барбайсың” деп жиберчү эмес. Балам экөөбүз ал адамдын көп кемсинтүүсүнө чыдадык, чыдамым түгөнгөндө тиешелүү кызматтарга кайрылганга туура келди. Мурда эле кайрылсам болмок, бирок корктум, бул кишинин бардык жакта тааныштары, ишенимдүү кишилери бар эле.
– Иш берүүчүңүз менен жубайыңыздын жакын мамилеси болгону чынбы?
– Жашырбайм, жубайымдын ал адам менен мамилеси бар эле. Мен аны билчүмүн жана ал нерсеге каршы болгон жокмун. Бул аялымдын тандоосу жана жашоосу. Ар бир үй-бүлөдө талаш-тартыш болот, ажырашат, кайра табышат дегендей. Биз да эки жолу таарынышып, кайра жарашканбыз. Учурда никебиз бар, бирок чогуу жашабайбыз. Ортобузда 4 жаштагы кызыбыз, ушул 2 жаштагы уулубуз бар. Кызым аялымдын ата-энесинин колунда. Учурда аялым экөөбүз балабызды карап ооруканадабыз.
– Мындан ары эмне кылганы жатасыз?
– Күнөөлүү адамдын мыйзам чегинде жаза алышын каалайм. Шектүүнүн туугандары мага байланышып "жолугалы, сүйлөшөлү" деп жатышат. Менин ал адамдын ата-энесине, туугандарына эч кандай дооматым жок. Алар баласы ушундай болуп калганына күнөөлүү эмес. Болгону шектүүнүн татыктуу жаза алышын, адилеттүүлүк орношун каалайм жана талап кылам.
Лунара Бекиева