КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башталышы)

Адам баласы бири-бирибизге бакыт тилейбиз. Бакыт дейбиз, аны дүйнөнүн булуң-бурчунан, ар кандай буюм-тайымдардан издейбиз. Бирок анын баары убактылуу болот. Издеген бакытты таппайбыз, ичибизде баягы боштук кайра эле аңгыраган бойдон калат. Аны толтуруу үчүн эмнелерди гана кылбайбыз, чалынабыз, урунабыз. Бакыт дегенде бир карыянын небересине айтып берген уламышы эсиме түштү.

– Чоң ата, колго суу куюп жатканда баары эле “бактылуу бол” дешет. Бактылуу деген эмне?

– Бакытпы, уулум, бакыт – бул биздин ичибизде катылган.

– Чоң ата, мына бул жергеби?- деп тестиер бала курсагын көрсөтөт.

– Отурчу жаныма, мен сага анын чоо-жайын айтып берейин,- деп небересин чапанынын этегине отургузуп алып узун сөзүн баштаган:

– Бир күнү периштелер чогулуп калышат. Ошондо алардын бири:

– Адамдар көп нерсени көтөрө албай, колдо болгонуна шүгүр кылбай калышты. Ар дайым эсинен чыгарбай турган нерсесин алып коёлу,- дейт.

Бул сунушка башкалары да макул болушуп, эмнени алып койсок деп ойлонуп башташат. Көпкө ойлонуп отурушуп, акыры көптү көргөн бирөөсүнүн сунушу менен бактысын алып коюуну чечишет. Бирок аны кайда катуу керек? Ушул суроого келгенде кайрадан ар кандай пикир айтыла баштайт.

Биринчиси:

– Бийик чокуга катуу керек,- дейт.

– Жок, адамдар күчтүү келет, бир күнү ал чокуга деле чыгып, таап алышат. Ошондо бирөөсү тапса, калгандарына да белгилүү болот да, баары бактысынын кайда экенин дароо билип алышат, бакыттын баркы кетип калат,- дейт экинчиси.

– Андан көрө океандын түбүнө салып келели!

– Жок, алар изилдегич келишет. Суу асты менен жүрө турган кемелерди ойлоп табышат да, ал жактан да таап алышат.

– Анда башка планетага жашырып коёлу. Адамдар ал жакка бара албастыр.

– Адамдарга Жараткан акыл бергенин унутпагыла. Алар аалам мейкиндигине учуп чыга ала турган кемелерди да ойлоп табышат. Ал жактан да алар бактысын таап алышат. Анан кайра аны бат эле баалабай калышат.

Ошондо унчукпай отурган баарынан улуу периште:

– Кайда катуу керек экендигин мен билем, адамдын бактысын өздөрүнүн ичине катуу керек. Алар бактысын бардык жерден издешет. Бирок сырттан издөө менен алектенип жүрүп, өз ичин кароо эсине да келбейт,- дейт.

Уулум, дал ошол күндөн тарта биз, адамзат, бактыбызды ар тараптан, ар нерседен издөө менен алекпиз, болбосо бакыт биздин жаныбызда,- деген экен. Анткен менен жаныбыздагы бакытты кайдан сезели, алыстардан издейбиз да...

xxx

Кыш бүтүп бара жатканы менен, күн кыйла суук эле. Үй муздай түшсө балдар үшүп калбасын деп мешке улам-улам чакадагы көмүрдөн салып, Карлыгач эки бөлмөлүү кичинекей үйдү жылытуу менен алек. Эки баласы кээде бир нерсе талашып урушуп кетишет, кээде божурашып ынтымактуу ойноп калышат. Эки бөлмөлүү чакан үйдө жашаганы менен, керели-кечке күйпөлөктөп бир нерсе кылып Карлыгачтын жаны тынбайт. Божурап ойноп жаткан балдарын эзиле карап алат да, жетип келип эркелетип калат. Балдар биринен өтүп бири апасын кызгана башташат. Кээде алар менен жаш балача ойноп калмайы да бар. Жолдошу Марат курулушта иштейт. Таңда кетип, кечте үйгө келет. Чарчап келген неме келинчеги менен сүйлөшүп, балдары менен ойноп деле отура албайт. Тамактанары менен уйкуга камынат. Бир күнү тамактанып бүткөн соң Карлыгач кеп баштады.

– Марат, балдар чоңоюп калды, эми мен дагы иштейин.

– Ачка калтырган жокмун го, балдар менен эле үйдө болуп турбайсыңбы?

– Балдарды бакчага берели, экөөлөп иштейли, мен жумуш таптым.

– Балдарга сенин жаныңда болгон эле жакшы го дейм.

– Койчу, жөн эле тырыша бербей, элдин баары эле иштеп жатпайбы. Сени карап эле жүрө беремби, мен деле өз керек-жарагымды алайын, качанкыга чейин кысынып ага жетпей же буга жетпей жүрө бермек элем?- аялдын үнү катуу чыга баштады.

– Иште эми, иште, эмнени кыйратканыңды көрөлү,- деп кыйкырган күйөөсү эшикти тарс жаап чыгып кетти.

– Кыйратам эле, сенин колуңду карап качанкыга чейин отурат элем?- аял бир топко өзү менен өзү күбүрөнүп алды. Ата-энесинин урушуп жатканын көргөн эки баласы көздөрүн алайтып унчукпай бурчта отуруп калышты. Алар эмнени түшүнсүн, келип алып апасын урушуп жаткандай эшиктен кирип келген атасын көзүнүн төбөсү менен жактырбай карашты.

xxx

Насыяга акча алып балдарды бакчага берип, Карлыгач бир кафеге официант болуп орношту. Үйдөгү халатын чечип, койкоюп кийинип алса аны жашы 30дан ашып калган келин деп эч ким ойлобойт. Келишимдүү жүзү, бакырайган көзүнө арыкчырай, кымча бел келбети көрк кошот.

– Эмне анча жасанып?- деди эртең менен күзгүдөгү аялын караган күйөөсү.

– Ой, эмне болуп жатасың, эми үйдөгү халат менен бармак белем? Эмне болуп жасандым, сиңдимдин эски кийимин эле кийгеним болбосо, мага жасангыдай бир нерсе алып берип койгонсуйсуң да...

– Болду эми, бир нерселерди алып эле жаткансыйсың, кайра эле жоктон оозуң бошобойт. Мен деле эки жылда бир кийим алам, ошону эле кийип жүрөм го.

– Сени ким алба деп жатат, акчаңды тап да, ала бер, мага десе күндө түрлөп кийин!- күрмөсүн жонуна салып ооздо турган эки баласын ээрчитип аял сыртка чыгып кетти.

– Апа, жай басыңызчы...- бири сүйлөгөндө:

– Апа, сүйрөбөчү,- деп жиберди экинчиси да.

Карлыгач өзү да эми байкады эки баласын дегдеңдетип жетелеп келе жатканын.

– Ий, алтындарым,- деп отура калып алмак-салмак эки баласын бетинен өптү да, басыгын жайлатты.

xxx

Барда чылымды дембе-дем түтөтүп, рюмканы анда-санда көтөрүп башынын жарымы таз, жашы кырктын кырына барып калган бир киши телефонун баскылап отурду. Бир кезде башын көтөрүп колун кыймылдатып койду эле, ооздо турган эки жигит жанына жетип келди.

– Мына муну көрдүңөрбү?- кызып калган неме балдардын көзүнө телефонду такады.

– Көрдүк,- эки жигит бир ооздон шыпылдай жооп беришти.

– Эмне экен?- жекире сурады киши.

– Кыз.

– Кандай кыз экен?

– Сулуу.

– Ошол кыз меники болушу керек, түшүндүш? Мен бул кызга көптөн бери ашыкмын, канчага чейин сүрөтүн карап жүрөм. Өзүн да карайын, кармалайын дегендей.

– Кармап келелиби?

– Эй, жинди, кармап келчү беле, алдап келиш керек. Акырын арбап келиш керек,- деди балдардын бири. Экөө кыздын интернет желесиндеги баракчасын аңтарып, керектүү маалыматтарды алышты.

– Шеф, баары түшүнүктүү, эми ал кыздан чалуу гана күтүңүз,- деп бири шеригин шефинин жанына таштап коюп сыртка чыгып кетти. Инстаграмдан кыздын кайсы жакка көп барарын, эмне менен алектенерин караган.

– Байкашымча, бир сулуу чымчык, муну бир телефон менен алдаса болот,- жигит унаасында өзү менен өзү сүйлөшүп койду.

xxx

Кыз чок ортосунда бийлеп жаткан клубга кең далылуу, бойлуу жигит кирип келди. Күзөтчүлөрдүн тоскоолдугусуз кирди да, чет жактагы үстөлгө отуруп сулуу чымчыгына көз салып жатты. Дүңкүлдөгөн музыка, жаркылдаган түрдүү жарыктар, жаныңдагыларды элес-булас эле көрөсүң, жүзүн таанууга мүмкүн эмес. Кыз колун бетине желпип шамал келтирип столуна барып отуруп, бокалдагы суусундуктан ичип жаткан маалда кең далылуу жигит жанына басып келди. Эч нерсе деп үн катпастан колундагы чакан кутучаны берди да, клубдан чыгып кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1001, 11-17-февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан