Аксана Рыскулова, ырчы Гүлзада Рыскулованын эжеси: “ГҮЛЗАДА АТАМА ЖАГАМ ДЕП ДАСТАНДАРДЫ ЫРДАДЫ”

Бул сапар “Бир тууган” рубрикабызда бизнес-коуч Аксана Рыскулова конокто. Ал салмактуу ырлары, өзгөчө үнү менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулованын бир тууган эжеси.

“ГҮЛЗАДА ЖЕҢИЛ, МЕН ООР ЖУМУШТАРДЫ ЖАСАЧУМУН”

– Мен “Өзүңдү жең”, “Ийгилик изи” деген китептердин авторумун. Ошол китептердин башталышында Гүлзаданын чыгармачылыгы тууралуу жазгам. Үйдө биз 5 бир тууганбыз, 3 кыз, 2 уул. Мен үйдүн улуусумун, менден кийин Гүлзада, экөөбүздүн аралыгыбыз бир жарым жаш. Ошондуктан бири-бириби з менен урушуп-талашып кеткен учурлар да болду. Гүлзада эркерээк болчу. Мага көңүл бурсун деп эле апамдын көзүн карап турчу. Мен тескерисинче, апамдын жанына көп барбайт элем. Үйдөгү жумуштарды бөлүштүрчүбүз. Жумуш кыларга келгенде Гүлзаданын бир жери ооруп эле созулуп калчу. Апам мага “бул ооруп жатат, сен кыла бер” деп койчу. Анан оор жумуштун баарын мен жасап, ага жеңил жумуштарды берүүгө туура келчү.

Мектепте ар бир дүйшөмбү күнү линейка болчу. Линейкада директор сабакка келбеген, кечиккен, начар окуган балдарды урушчу. Анан адабиятчы мугалим "линейка бүттү, Рыскулова чык, “Ала-Тоону” ырдап кой" дечү. Уруш угуп баарынын маанайы чөгүп турса Гүлзада кантип ырдачу билбейм, бирок “Ала-Тоо” деп кучагын жайып, жылмайып ырдап баштачу.

“ЫЙЛАГАНДА ДАГЫ МУЗЫКА МЕНЕН ЫЙЛАЧУ”

– Бала кезде эле Гүлзаданын чыгармачылыгы күчтүү болчу. Бизди кызыктырып ар нерсе жасай берчү, мисалы, куурчак, кутучадан үй жасачу. Короодо өрүк, алманын багына жүзүм оролуп өскөн үчүн жыш бак болчу. Ачык жерлерине таяктан байлап туруп, үстүнө төшөк салып үй жасап ойноор элек. Кээде уктап калып төшөк үстүбүзгө түшүп кеткен учурлар болгон. Шамал болуп жатканда чоң түп өрүккө чыгып алып шамалга ыргалат элек. Ошол кезде Гүлзада бактын башында кыйкырып ырдап баштачу. Жанында кум арыкта суу агат, шылдыраганы музыканттар коштогондой сезим калтырчу. Дайыма ырдап жүрчү, таарынтып койсок дагы пардага жашынып алып кыңылдап кайгылуу музыка чыгарып көзүнөн жаштарын куюлтуп туруп калчу. Ыйлаганда дагы музыка менен ыйлачу.

“АТААНДАШЫП ЭКӨӨБҮЗ ЧОГУУ ОКУУГА ТАПШЫРГАНЫ КЕТКЕНБИЗ”

– Ал 9-классты, мен 11-классты бүтүп, экөөбүз тең окуу жайга тапшырдык. Ал кезде апам Орусияда соода тармагында эмгектенчү. Атам “үйдө бириңер калгыла” дегенде экөөбүз бири-бирибизге атаандашып, атамдан келтек жегенибизге карабай экөөбүз тең кетип калганбыз. Биз бүтүрүү кечебизге Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдын мугалимдерин чакырганбыз. Ошондо Гүлзаданын ырдаганын жактырышып, атама барып “кызыңыздын таланты бар экен, алып кетели” деп сурашканда атам аларга жок дей алган эмес. Кичүү сиңдим 6-класста окучу. Сентябрга эки күн калганда Өзгөндөн Ош шаарына жөнөдүк. Биз автобуска түшүп жатканда сиңдим “камырга канча туз кошом?” деп кыйкырган, мен “мынча туз кошосуң” деп кочушумду көрсөткөн бойдон кеткем.

“ЭКӨӨБҮЗ 10 АЯЛДАМА ЖӨӨ БАСЫП ОКУУГА БАРЧУБУЗ”

– Ошко окууга келгенде алгач экөөбүз бир эжебиздин үйүндө туруп калдык. Ал жакта бизден башка дагы окууга келген кыздар бар эле, үй толтура студент. Бир күнү жадады окшойт, үйүнүн астындагы кичинекей кампасын актап, баарыбызды ошол жакка жашагыла деди. Жепирейген кичинекей кампа, асты жер. Жанында Ак-Буура суусу агат эле, сыз, жайдын күнү деле муздак. Гүлзада экөөбүз эки жакты карап бири-бирибизге билдирбей ыйлаар элек. Анан апам Орусиядан келип батирге киргизип кеткен. Кийин жатаканада жашап калдык. Экөөбүз 10 аялдама жөө басып 1 саатта окуу жайга жетчүбүз. Атам “апаңарды күтпөй ошол окууга кеттиңер, өзүңөр каалагандай окуй бергиле” деп ашыкча акча берчү эмес. Бут кийим түтчү эмес, жыртылып кетчү. Жекшембиде иним сумкага бир аз ун, картошка, май кылып алып келип берчү.

“ЫРЧЫ БОЛОСУҢ ДЕП АКЧА ЧОГУЛТУП КАЙРА-КАЙРА БИШКЕККЕ ЖӨНӨТӨ БЕРГЕМ”

– Гүлзада ырдап чыгууга аракет кылып жүргөндө дайыма мени менен кеңешчү. Билсем-билбесем дагы кеңешимди берчүмүн. Кийин эмне кылса болот деп мен дагы изилдей баштадым. Ал бир баласы менен турмуштан ажырашып келгенде баары жаша деп туруп алышты. Атам дагы колдогон жок. Бул ал үчүн оор учур болду. Мен гана “жан дүйнөң каалаган нерсени кыл” дедим. Ал кезде мен Жалал-Абадда жашап, тигүү цехин иштетчүмүн. Ал мага жардамдашып, чогулткан акча менен аны Бишкекке жөнөтчүмүн. Кайра эле 4-5 айдан кийин “кыйын экен, болбой жатат, каякка кирип кантип ырдашымды билбей жатам” деп көңүлү түшүп келип калчу. Анан экөөбүз иштеп акча чогултуп, “сен кыла аласың, бир жолун табасың” деп шык берип кайрадан аны Бишкекке жөнөтчүмүн. Ал учурда Бишкекте туугандарыбыз жок, кыйын учур болчу. Акча табыш үчүн ашканада, шишкебек сатып дагы иштеген күндөрү болгон. Ошентип жүрүп КТРКга жумушка кирди. Эфирге чыга албаганы менен тааныш күттү. Анан ал жактан чыгып кайра мага барды. Акча чогултуп дагы жөнөттүм. “Сен сөзсүз ырчы болосуң, ырчы болушуң үчүн мен эч нерсемди аябайм” дейт элем. Ошентип кичинеден аракет кылып жатып эле чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүп кетти.

“АТАМ БИР ДАГЫ ЖОЛУ ЖАКШЫ ЫРДАЙСЫҢ ДЕГЕН ЖОК”

– Атам аттуу-баштуу адамдар келип сурашканда макул болуп Гүлзаданы окууга жөнөтүп койгону менен, ырчылыкты олуттуу кесип катары санабай жүрдү. Сүйүү жөнүндө ырдаган ырларын жактырчу эмес. Атам дайыма айтышты, комуздун коштоосундагы ырларды, дастандарды укчу. Атама жагам деп Гүлзада дастандарды ырдап чыкты. Атам чыгармачылыгына жол көрсөтүп берди десем дагы болот. Анкени Гүлзадага ошондой тарыхый багыттагы ырлар жакшы жарашты да. Эл Гүлзаданы жакшы ырдайт десе деле атам бир дагы жолу жакшы ырдайсың деген жок. Акыркы эле жылдары концерти болгондо жакшы ырдаарына көзү жетти.

“МЕН КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫМЫН” ЫРЫН РАДИОГО АЛБАЙ КОЙГОН”

– Гүлзада Ош шаарындагы музыкалык колледжди кызыл диплом менен бүтүрдү. Кандай кыйынчылык болсо дагы мен ырчы болушум керек деген максатын жоготкон жок. Анын чыгармачылыгы өтө көп жыл көмүскөдө турду. Жарк деп чыгып кете албай көп жыл кыйналды. “Мен кыргыздын кызымын” ырын радиого алып барса “бул эмне деген ыр” деп өткөрбөй коюшкан. Ал учурда патриоттук ырлар көп угулчу эмес. Кийин гана “Мен кыргыздын кызымын”, “Курманбек” ырлары актуалдуу боло баштады. Гүлзада ырдап жатканда ушунчалык эргип кетем. Анын дүйнөлүк аренада ырдап жатканын элестете берем.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
nargiz-sa
2022-02-21 09:23:59
Негизи дээринде чоң интелект бар эже сиңдилер экен, Гүлзада Рыскулованын да "Айылга кат" деген рубрикага жазган катын окугам, балалыгын абдан таасирлүү сүрөттөп берген.
+2
nargiz-sa
2022-02-21 09:24:13
Талантына болсо сөз жок
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2022-02-21 10:42:18
Бир тууган деген ушундай болот
+1
bosmos77777
2022-02-24 17:25:04
Бар болунуздар! Тенирим жалгасын! Кыргыздын ырын,дастандарын, баяндарын ички куч кубаттын кучтондуруп. Шыктандырып туура бериниздер. Кыргызды азыр арабтын дини уулантып, алсыздантып жатат. Кыргыздын баатырлары эмес. Арабтын 1110 адамдары пайда болду. Манкуртчулук каптады.
-2
Altyn10076
2022-02-26 21:11:44
Гүлзада мага аябай жагат, ырларын телефонго жүктөп алып угам дайыма.
0
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан