Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда Бишкекте маалымат жыйын берип, көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди. Анын сөздөрүнүн урунттуу жерлерин сунуштайбыз.
САЛЫК КОДЕКСИ БОЮНЧА
– Салык кодекси – өзгөрбөй турган Куран эмес, аны өзгөртсөк болот. Эгер ишкер ККМ аппаратын колдонсо, жылдык соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе, анда ал салык төлөөдөн бошотулат. Мага рестораторлор кайрылышты. Алар кошумча нарк салыгы боюнча чекти алып салууну, ордуна 6 пайыздык бирдиктүү салык коюп берүүнү сунушташты. Коомдук тамактануу жана тейлөө тармагы боюнча дүйнөлүк принципке өтөбүз. Кардар бар болсо – төлөйсүң, жок болсо – төлөбөйсүң.
ЭДИЛ БАЙСАЛОВ БОЮНЧА
– Иш болгон жерде сын-пикир дагы болот. Менимче, анын жетиштүү деңгээлде чоң потенциалы бар. Бир аз эмоциясын башкарууну үйрөнсө эле, кантсе да бейөкмөт уюмдарда көп жылдык тажрыйбасы бар. Көп маселелерде анын колдоосун сезем. Ага убакыт берсек, андан республикалык деңгээлдеги мыкты жетекчи чыгат.
ОҢ РУЛДУУ УНААЛАРДЫ ӨЛКӨГӨ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА
– Өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүүгө караманча каршымын. Бул жаатта Түркиянын тажрыйбасын карап жатабыз. Түркияда кубаттуулугу чоң унаалар үчүн 10 миң доллар салык бар. Биздин өлкөдө 1 миллион 150 миң автоунаанын ичинен заводдон чыкканына беш жыл болгон унаалардын саны болгону 5800 экен. Бул өлкөдө жаңы унаа жок дегенди түшүндүрөт. 15 жыл жана андан мурун чыгарылган унаалардын саны 1 миллион 100 миң экен. Биз дүйнөдөгү эски унаалардын баарын чогултуп алыптырбыз. Эгер оң рулдууларга уруксат бере турган болсок Орусия, Казакстан, Беларустагы эски унаалардын баары бизге толуп калат.
“КУМТӨР” БОЮНЧА
– 15-мартка чейин “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр аяктайт. Биз бардык маалыматты беребиз, парламентке да берилет. Жыйынтыгын президент өзү жарыялайт. Тышкы башкаруу киргизилгенде ал жерде 48 миң доллар гана болгон. Көрсө, алар акыркы 4-5 жылда даярданып, акчаны чет өлкөдө сактап жүрүшкөн экен. Кенди эртеби-кечпи өзүбүзгө аларыбызды билген, бирок алтындын баасы кымбаттаганы үчүн кеткиси келген эмес.
АСМАН ШААРЫ ТУУРАЛУУ
– Биз, кыргыздар, шаарларды басып алып, өрттөп, талкалап келгенбиз. Шаар куруу – кыргыз элинин кыялы. Асман шаары – президенттин кыялы, долбоор ишке ашат деп үмүттөнөм. Астана курулат десе да эч ким ишенген эмес, бирок курушту да. Ташкент-Ситини карагылачы.
ЭЛЕКТРОНДУК ИШ ЖҮГҮРТҮҮ БОЮНЧА
– Президент Садыр Жапаров толугу менен электрондук иш жүгүртүүгө өттү. Мен кагаз менен иштөөгө көнүп алыптырмын, мага уруксат беришти. 1-июнга чейин мен да өтүүгө аракет кылам. Бул жаатта мага Эдил Байсалов көмөктөшүп жатат. Эмкиде ручка, кагаз эмес, Айпад менен келем. Анализдеп көрдүк, өткөн жылы өкмөткө кагаз сатып алууга
840 миң сом коротуппуз.
КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА
– Кытайга болгон иш сапарында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча министрлерге тапшырма беришти. Буга чейин комиссия ишин токтоткон эле, бир аптадан бери үзгүлтүксүз иштеп жатат. Тараптар маселени үчүнчү тарапты аралаштырбай чечүүнү макулдашты.
Лунара Бекиева