Залда албетте, искусство адамдарына керек болгон музыкалык аппаратуралар, хрусталь идиштери толгон стенка, диван-кресло, телевизор жайгашкан. Залдын кире беришинде өсүп турган кытай дарагы көзгө урунат. Кытай дарагын эженин туулган күнүндө бир туугандары белек кылышкан. Бул бакты жакшылап багып өстүрсө, адамга бакыт, дасторконго береке, кыскасы, дайым жакшылыкты тартуулаарын эже сөз арасында айтып өттү.
Үйдүн кире беришинде сырттан кирген адам сырт кийими менен бут кийимин чечүүсү үчүн атайын шкаф, көрүнүү үчүн трюмо коюлган. Жерге төшөлгөн килемдер басканга ыңгайлуулукту жаратат.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).